Редакцияот 25.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 25-сентябры № 150

2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталары ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги япон тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 81 (3153) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков

 

2020-жылдын 3-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган