Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 24-апрели № 57
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз банкы" деген сөздөр "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент - Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны накталай же накталай эмес акча каражаттарына тындырууну (алмаштырууну) жүргүзүүчү, электрондук акчаны жайылтуучу юридикалык жак же жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын резиденти;
2) электрондук акчанын акцептанты (акцептант) - электрондук акчанын банк-эмитенти же агент менен түзүлгөн келишимге ылайык операцияларды электрондук акча менен жасалганын ырастоочу документтерди берүү менен товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алуучу юридикалык жак, ошондой эле жеке ишкер;
3) накталай эмес эсептешүү - акча каражаттарынын жылышы берилген төлөм документтерине ылайык төлөөчүнүн банктык эсебиндеги акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды алуучунун банктык эсебине чегерүү жолу менен накталай акчанын катышуусуз, ошондой эле эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлүүчү акча жүгүртүү формасы. Эсептешүү төлөмдүн аяктагандыгы болуп саналат;
4) мамлекет ичиндеги төлөм - Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган ар кандай төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын жана электрондук акчаны пайдалануу менен жасалган төлөм;
5) үй банкинги (home-banking) - алыстан туруп "үйүндө" банктык тейлөөнүн жана банктар тарабынан үйлөрдөгү же офистердеги терминалдарды (персоналдык компьютер, стационардык телефон) банктын компьютердик түйүнүнө туташтыруу аркылуу кардарларга (жеке жана юридикалык жактарга) чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ыкмасы;
6) интернет-банкинги - кардардын өзүнүн банктык эсептерин Интернет аркылуу аралыктан башкаруусу. Интернет-банкингди пайдалануу менен төлөмдөр Интернет түйүнүнүн жалпы жеткиликтүү каналдары аркылуу жүзөгө ашырылат;
7) клиринг - төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, ырастоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси;
8) эл аралык электрондук акча - Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгарылган өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында Кыргыз Республикасынын резиденттери эместери тарабынан чыгарылган (эсепке алынган) электрондук акча, электрондук акча каражаттары, электрондук формадагы акчалай милдеттенмелер;
9) банктар аралык клирингдик система - клирингдик борбор аркылуу клиринг системасынын катышуучулары анын жардамы менен маалыматтарды берүү, алмашуу, төлөмдөрдү же баалуу кагаздарды башка катышуучуларга которуу эрежелеринин, жол-жоболорунун жана ыкмаларынын жыйындысы. Система катышуучулардын эки тараптуу же көп тараптуу таза позицияларын аныктоого негизделиши мүмкүн;
10) мобилдик банкинг - кардардын мобилдик телефонунан банкка жиберген билдирүүлөрү аркылуу банктык эсепти алыстан туруп башкаруусу;
11) төлөм системасынын оператору - төлөм системасынын тибине жана категориясына жараша Улуттук банктын лицензиясы/каттоосу бар, төлөм системасынын иштөөсүн камсыз кылуучу жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, ал келишимге ылайык төлөм системасынын оператору жана катышуучулары өз ишин ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын алкагында жүзөгө ашырууга милдеттенишет;
12) төлөм - накталай акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенменин аткарылышы же болбосо төлөөчүнүн накталай эмес акча каражаттарын которуу процесси;
13) төлөм документи - юридикалык же жеке жактар тарабынан жол-жоболоштурулган, анын негизинде төлөм жүргүзүлүүчү белгиленген формадагы документ;
14) банктык төлөм картасы (төлөм картасы) - товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валюталарында накталай акча алууда, акчалай которууларды, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка түзүлүштөр (перифериялык түзүлүштөр) аркылуу электрондук акча формасында эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда пайдаланылуучу төлөм инструменти;
15) төлөм системасы - акча жүгүртүүнү камсыз кылуучу технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланышкан системасы. Жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн түрлөрүнө жараша төлөм системалары ири төлөм системасына жана чекене төлөм системасына бөлүнөт;
16) төлөм уюму - төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы келишимге, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте түзүлгөн төлөм уюму менен банктын ортосундагы келишимге ылайык, маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы иштерди жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясы бар юридикалык жак;
17) акча которуулардын системасы - төлөм системасынын оператору тарабынан адресаттарга төлөнүп бериле турган шарт менен калктан акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм системасынын тиби;
18) төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасы - карталарды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы;
19) электрондук акча - алдын ала төлөнгөн карталарды жана электрондук капчыкты кошуп алганда, программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы;
20) электрондук төлөм документи - эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды камтыган жана электрондук санариптик колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада түзүлгөн төлөм документинин түрү;
21) процессинг - финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди өзүнө камтыган лицензиялануучу иш;
22) электрондук акчанын эмитенти (эмитент) - Улуттук банк, ошондой эле банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна банктын лицензиясында уруксат берилген банк операцияларынын тизмегине ылайык, электрондук акча чыгаруу укугуна ээ жана электрондук акчаны накталай акчага айландыруучу кармоочуларга электрондук акча төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган банк;
23) эл аралык электрондук акчанын эмитенти - банк же Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары, эл аралык электрондук акча каражаттарын чыгарууну (эсепке алууну) жүзөгө ашырган чыгарылган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын резиденти эмес юридикалык жак.";
3) 3-беренеде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы агенттик келишимде накталай акча каражаттарын киргизүү, банктык эсептен которуу, камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу, кайтарылгыс банктык кепилдиктерди берүү жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдында төлөм уюмунун милдеттенмелерин аткаруу боюнча башка ыкмаларды камсыз кылуу жолу менен төлөм уюму тарабынан товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдын ала акы төлөө шарттарында өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу каралышы мүмкүн;";
в) 3-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде гана Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны жайылтууну/тындырууну кошуп алганда, банктык мыйзамдарда белгиленген банк операцияларынын башка тизмегин. Мында банк келишимдин чегинде агенттер тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.";
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрлөрү менен гана алектенүүгө, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө жана төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча Улуттук банктын талаптарына ылайык анын негизги ишин коштоочу же анын негизги иши камсыз кылуу үчүн зарыл башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.
Төлөм уюму өз ишин төлөм системасынын операторунун иши менен гана айкалыштыра алат. Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат.
Лицензияланууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка жакка өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
Банк маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын көрсөтүү боюнча, ошондой эле лицензияда түздөн-түз көрсөтүү менен төлөм системасынын, ушул процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү операцияларын жүзөгө ашырууга укуктуу.";
4) 4-беренеде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча "Кыргыз банкынын" деген сөздөр "Улуттук банктын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 8-бөлүгүнүн биринчи абзацында "аткарбай коюуга укуктуу" деген сөздөр "аткаруудан баш тартат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 8-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) эгерде кардар операцияларды жүргүзүү жана аны талаптагыдай текшерүүнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл документтерди бербесе;";
г) 8-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1) эгерде кардар алар тууралуу Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмегинде же алар тууралуу Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде болсо;";
5) 5-берененин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 6-беренеде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү алып салынсын;
в) 5-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Электрондук акчаны жайылтуу эмитент (сатуу жана жайылтуу) тарабынан тындыруу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарынын ордуна электрондук акчаны берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.";
г) 7-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "электрондук акча дистрибьютору" деген сөздөр "электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 8-бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "дистрибьютор" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 8-берененин бүткүл тексти боюнча "Кыргыз банкынын" деген сөздөр "Улуттук банктын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 9-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "Кыргыз банкы" деген сөздөр "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берененин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "санариптик" деген сөз алып салынсын;
9) 10-беренедеги "санариптик" деген сөз алып салынсын;
10) 13-беренеде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча "Кыргыз банкы" деген сөздөр "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгүндө "гана" деген сөз алып салынсын;
11) 15-берененин 6-бөлүгүндө "Кыргыз банкынын" деген сөздөр "Улуттук банктын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 17-беренеде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "мекемелеринин" деген сөз "уюмдарынын" деген сөзгө алмаштырылсын;
13) 18 жана 19-беренелердин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 20-беренеде:
а) бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Түрдүү төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютада жасалган төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо Кыргыз Республикасынын аймагында (мамлекет ичиндеги төлөмдөр) жүргүзүлөт. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан жүргүзүлөт.";
15) 21-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Алуучу которулган акчаны банктык эсепке, банктык төлөм картасына же болбосо Кыргыз Республикасынын банкы чыгарган идентификацияланган электрондук капчыкка чегерүү жолу аркылуу алууга укуктуу. Эл аралык жана локалдык акча которуу системаларынын операторлору акча которууларды банктык эсепке, банктык төлөм картасына же болбосо идентификацияланган электрондук капчыкка чегерүүнү камсыз кылат.";
16) 23-берененин 1-бөлүгүндө "көрсөтүүчү финансы-кредиттик мекемелер" деген сөздөр "көрсөтүүчү финансы-кредиттик уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 24-беренеде:
а) 1 жана 6-бөлүктөрүндө ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эл аралык электрондук акча операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин - Кыргыз Республикасынын резиденти эмесинин иши ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Улуттук банкта каттоосу болгон учурда жүзөгө ашырылат. Улуттук банкта каттоосу жок эл аралык электрондук акча операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин ишине тыюу салынат.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Улуттук банк же үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарда (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ушул процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө лицензиясы бар, улуттук системанын критерийлерине шайкеш келүүчү жана төлөм системасынын иштөөсүн ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келишин камсыз кылуучу башка юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти улуттук төлөм системасынын оператору болуп саналат.";
г) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Төлөм системасынын оператору катышуучулардын системага ачык жана тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу тарифтик саясатты иштеп чыгат. Төлөм системасынын алкагында кардарларга (пайдалануучуларга) тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн кошуп алганда, төлөм системасынын эрежелери ачык-айкын болууга тийиш. Жаңы тарифтерди киргизүү жана колдонуудагы тарифтердин өлчөмүн көбөйтүү каралган өзгөртүүлөрдү төлөм системасынын эрежелерине киргизүүдө, төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана тартипте бул тууралуу Улуттук банкка, төлөм системасынын катышуучуларына жана пайдалануучуларына маалымдайт.";
18) 6-главанын аталышында "Кыргыз банкынын" деген сөздөр "Улуттук банктын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 26-берененин аталышындагы жана берененин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 27-беренеде:
а) берененин аталышында жана берененин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Улуттук банк Улуттук банктын лицензиясына (уруксатына) ээ болгон банктар жана башка финансылык-кредиттик уюмдар үчүн банктар аралык электрондук төлөм документтериндеги электрондук кол тамганын аныктагын ырастоо боюнча ырастоочу борбор болуп саналат.";
21) 28-беренеде:
а) берененин аталышында "Кыргыз банкынын" деген сөздөр "Улуттук банктын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "Кыргыз банкы" деген сөздөр "Улуттук банк" деген сөздөргө, "милдеттүү" деген сөз "укуктуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
22) 29-берененин аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 30-берененин бүткүл тексти боюнча "Кыргыз банкы" деген сөздөр "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 31-беренеде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгүнүн 2-пунктунда "мекемелеринин" деген сөз "уюмдарынын" деген сөзгө алмаштырылсын;
25) 311-беренеде:
а) берененин аталышында жана берененин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Улуттук банк тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө баяндалган, төлөм системасынын иштөөсүн үзгүлтүккө учуратууга алып келүүчү, ошондой эле төлөм системасынын катышуучусу тарабынан алардын пайдалануучуларына көрсөтүүчү кызматтарына таасирин тийгизүүчү бузуулар аныкталган учурларда, Улуттук банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эскертүү жиберет жана/же чараларды көрөт.";
в) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
26) 32-берененин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз банкы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам 1-берененин 14-пунктунун "б" пунктчасын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 14-пунктунун "б" пунктчасы расмий жарыяланган күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 4-майындагы № 40 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2021-жылдын 11-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |