Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 6-майы № 61
Салыктык эмес кирешелер жонүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
841 жана 842-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“841-берене. Төлөөчү
Сымап камтылган калдыктарды, полимердик жана желим баштыктарды (товардык позицияда ТЭИ ТН коддору 3923100000, 3923291000 жана 3923299000), бөтөлкөлөрдү жана идиштерди кайра иштетүүгө жыйым (утилдештирүү жыйымы) алар керектөөчүлүк касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетүүгө жаткан сымап камтылган буюмдарды, полимердик жана желим баштыктарды (товардык позицияда ТЭИ ТН коддору 3923100000, 3923291000 жана 3923299000), бөтөлкөлөрдү жана идиштерди өндүрүүчүлөр, импорттоочулар тарабынан төлөнөт.
842-берене. Телөөнүн өлчөмү жана тартиби
1. Сымап камтылган калдыктарды, полимердик жана желим баштыктарды (товардык позицияда ТЭИ ТН коддору 3923100000, 3923291000 жана 3923299000), бөтөлкөлөрдү жана идиштерди кайра иштетүүгө утилдештирүү жыйымынын өлчөмү, тартиби жана төгүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Сымап камтылган буюмдарды, полимердик жана желим баштыктарды (товардык позицияда ТЭИ ТН коддору 3923100000, 3923291000 жана 3923299000), бөтөлкөлөрдү жана идиштерди өндүрүүчү, импорттоочу утилдештирүү жыйымын продукциянын өздүк наркына кошот.
3. Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн эсебинен ресиубликалык бюджетке келип түшкөн каражаттар сымап камтылган калдыктарды, полимердик жана желим баштыктарды (товардык позицияда ТЭИ ТН коддору 3923100000, 3923291000 жана 3923299000), бөтөлкөлөрдү жана идиштерди кайра иштетүү боюнма уюмдарга субсидияларды берүү түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын ишке ашыруу аркылуу сымап камтылган буюмдарды, полимердик жана желим баштыктарды (товардык позицияда ТЭИ ТН коддору 3923100000, 3923291000 жана 3923299000), бөтөлкөлөрдү жана идиштерди пайдалануудан калган калдыктарды жыйноого. ташууга, кайра иштетүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн белгиленген тартипте бекитилген иштерди кошо каржылоого жумшалат.”
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |