Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 22-майы № 67
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 20018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
141-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 13-пункту «иштер боюнча» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле жол кыймылын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн өндүрүп алууга байланыштуу иштер боюнча» деген cөздөр менен толукталсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 351 – пункт менен толукталсын:
“351 архив иши, калкты жана автотранспорттук каражаттарды жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткарууга түздөн-түз байланыштуу доолор боюнча бардык инстанцияларда доочу жана жоопкерлер катары чыгуучу ведомстволук бөлүмдөрү жана ишканалары;”
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 21-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |