Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 27-июну № 58
"Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
2011-жылдын 27-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү жана сандык формадагы "пункт" жана "пунктча" деген сөздөр тиешелүү түрдөгү "бөлүк" жана "пункт" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөлөрдө жана сандарда алмаштырылсын.
2. 2-статьяда:
- статьянын аталышындагы "жана эл аралык келишимдер" деген сөздөр алып салынсын;
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан, "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.".
3. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана отуз биринчи абзацтар менен толукталсын:
"укуктарды башкаруу жөнүндө маалымат - автордун, чектеш укук ээсинин же кайсы болбосун башка укук ээсинин ушул Мыйзам менен корголгон чыгармасын же чектеш укуктар объектисин бирдейлештирүүчү, укук ээлери тарабынан берилген кайсы болбосун маалымат, же чыгарманын, чектеш укуктар объектисинин нускасында камтылган чыгарманы же башка чектеш укуктардын объектисин пайдалануунун шарттары жөнүндө маалымат, бул маалымат чыгармага же чектеш укуктардын объектисине тиркелет же пайда болгон жалпыга маалымдоо үчүн кабарлоого байланыштуу, ошондой эле ушундай маалымат камтылган кайсы болбосун сандар жана коддор";
"автордук жана чектеш укуктарды коргоонун техникалык каражаттары - чыгармаларды же чектеш укуктар объекттерге жеткиликтүүлүктү контролдоочу, автор, чектеш укуктардын ээси же ушул Мыйзамга ылайык корголуучу чыгармага же чектеш укуктар объектисине карата башка өзгөчө укуктар ээси тарабынан уруксат берилбеген аракеттерди жүзөгө ашырууну болтурбаган же чектеген ар кандай натыйжалуу техникалык түзүлүш же алардын компоненттери.".
4. 5-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамга ылайык автордук укук төмөнкүлөргө жайылтылат:
Кыргыз Республикасынын аймагында жарыяланган же жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында кандайдыр бир объективдүү түрдө орун алган чыгармаларга жана жарандыгына карабастан авторлордуку (алардын укук мураскерлериники) болуп таанылган чыгармаларга;
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жарыяланган же жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кандайдыр бир объективдүү түрдө орун алган жана Кыргыз Республикасынын жараны болгон авторлордуку (алардын укук мураскерлериники) болуп таанылган чыгармаларга;
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жарыяланган же жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кандайдыр бир объективдүү түрдө орун алган жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептеген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында башка мамлекеттердин жараны болгон авторлордуку (алардын укук мураскерлериники) деп таанылган чыгармаларга.";
2-бөлүк "аймагында" деген сөздөн кийин "биринчи жолу" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 6-статьяда:
5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Илим, адабият жана искусство чыгармаларына автордук укук аны жаратуу фактысынан кийин келип чыгат. Автордук укуктун келип чыгышы жана анын жүзөгө ашырылышы үчүн чыгарманы каттоо же кандайдыр-бир башка формалдуулуктарды сактоо талап кылынбайт.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Чыгармага автордук укук чыгармада баяндалган материалдык объектиге болгон менчик укугу менен байланышпайт.
Кандайдыр бир материалдык объектиге менчик укугун же ээлик кылуу укугун өткөрүп берүү ушул объект чагылдырылган чыгармага кандайдыр бир автордук укукту өткөрүп берүүнү билдирбейт.".
6. 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. ЭЭМ үчүн программалар адабий чыгармалар катары корголот. Мындай коргоо баштапкы текстти жана объекттик кодду камтуу менен кайсы тилде жана кандай формада болбосун түшүндүрүлүүгө мүмкүн болгон бардык колдонмо программаларды жана операциялык тутумдарды камтуу менен программанын бардык түрлөрүнө жайылтылат.".
7. 9-статьяда:
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Автор жарыяланбаган чыгармага карата жеке мүлктүк эмес укуктарын күбөлөндүрүү үчүн, ошондой эле укук ээси чыгармага карата өзгөчө мүлктүк укукка ээ болгондугун тастыктоо үчүн автордук укукту коргоонун мөөнөтүнүн ичинде кайсы гана убакытта болбосун аларды расмий реестрлерде каттоого укуктуу, бул тууралуу белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет. Каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызпатент тарабынан жүзөгө ашырылат.
Чыгарманы каттоого тиешелүү жана реестрге киргизилген маалыматтар ушундай жактын каалоосу боюнча Кыргызпатенттин расмий басылмаларына жарыяланышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмү жана мазмуну автор же укук ээси менен макулдашуу боюнча Кыргызпатент тарабынан белгиленет. Каттоо жана жарыялоо үчүн сарпталган каражаттардын наркынын өлчөмүндө каттагандыгы жана жарыялагандыгы үчүн жыйымдар алынат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Жеке жак өзүн жарыяланбаган чыгарманын кол жазмасынын авторумун деп эсептеген учурларда, укуксуз пайдаланууну же ээлеп алууну болтурбоо максатында аны сактоого өткөрүүнү зарыл деп эсептесе, анда Кыргызпатент кол жазманы кабыл алууга милдеттүү, кол жазманы өткөргөн жакка анын келип түшкөн күнү тууралуу маалымкат берилет. Мындайда Кыргызпатент кабыл алган кол жазманын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Кол жазманы өткөрүү, кабыл алуу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
8. 10-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Авторлоштордун ар бири өз атынан же башка авторлоштордун макулдугун албастан, эгерде алардын өз ара макулдашуусунда башкача каралбаса, өзүнүн укугун коргоого байланыштуу чараларды көрүүгө укуктуу.".
9. 16-статьянын:
2-бөлүгүндө:
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"чыгарманы жалпыга маалымдоо үчүн бардык адамдар чыгармага ар кандай жерден жана каалаган учурда өзүнүн тандоосу боюнча ага жете алгандай мүмкүнчүлүк ала алат (жалпыга маалымдоого жеткирүү укугу).";
- он экинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Аталган ченем төмөнкүлөргө колдонулбайт:
ЭЭМ программаларына же маалымат базаларына карата, эгер ЭЭМ үчүн программанын өзү же маалымат базасы прокаттын негизги объекти болуп эсептелбесе;
аудиовизуалдык чыгармаларга карата, эгер алардын прокаты кайта чыгаруунун өзгөчө укугуна олуттуу зыян келтирген ушундай чыгармаларды кеңири көчүрмөлөөгө алып келбесе.";
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Автор чыгарманын ар бир пайдаланылган түрүнө автордук сый акы алууга укуктуу. Чыгарманын ар бир пайдаланылган түрүнө автордук сый акынын өлчөмү жана эсептөө тартиби автордук келишимде, ошондой эле авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдар менен пайдалануучулар түзгөн келишимдерде белгиленет.".
10. 18-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"жалпыга маалымдоого жеткирилген, кайра чыгарууга уруксат берилбеген ар кандай чыгармага;
чыгарманы талапка ылайык пайдаланууга зыян алып келүүчү жана негизделбеген түрдө автордун мыйзамдык кызыкчылыктарын басынткан ар кандай башка чыгармага карата.".
11. 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Китепканалардын, архивдердин жана билим берүү мекемелеринин чыгармаларды пайдалануусу
1. Автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн, бирок чыгармасы пайдаланылып жаткан автордун ысмын жана өздөштүрүү булагын сөзсүз көрсөтүү менен, пайда табууну көздөбөй бирден нускада:
1) эгер мындай нусканы кадимки шарттарда башка жол менен алуу мүмкүн болбосо, китепканаларга жана архивдерге мыйзамдуу түрдө жарыяланган чыгарманын нускаларын калыбына келтирүү, жоголгон же бузулган нускаларын алмаштыруу, кандайдыр-бир себептер менен өз фондуларынан чыгармаларды жоготуп алган башка китепканаларга чыгармаларды берүү үчүн;
2) окуу жана изилдөө максаттарында китепканалар жана архивдер тарабынан жеке адамдардын суроолору боюнча жыйнактарда, газеталарда жана башка мезгилдүү басылмаларда мыйзамдуу түрдө жарыяланган айрым макалаларды жана чакан көлөмдөгү чыгармаларды, мыйзамдуу түрдө жарык көргөн жазма чыгармаларынын (сүрөттүү же сүрөтсүз) кыска үзүндүлөрүн;
3) аудиториялык сабактар үчүн билим берүү мекемелери тарабынан жыйнактарда, газеталарда жана башка мезгилдүү басылмаларда мыйзамдуу түрдө жарыяланган айрым макалаларды жана чакан көлөмдүү чыгармаларды, мыйзамдуу түрдө жарыяланган жазма чыгармаларынын (сүрөттүү жана сүрөтсүз) кыска үзүндүлөрүн репродукциялоого жол берилет.
2. Автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн, китепканалар тарабынан мыйзамдуу жол менен жарандык колдонууга киргизилген чыгармалардын нускаларын убактылуу акысыз пайдаланууга уруксат берилет. Мында санарип түрүндө берилген чыгармалардын нускалары, анын ичинде китепкана ресурстарын өз ара пайдалануу тартибинде берилүүчү чыгармалардын нускалары санарип түрүндө ушул чыгармалардын көчүрмөлөрүн түзүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоо шартында, китепканалардын ичинде гана убактылуу пайдаланылууга мүмкүнчүлүк берилет.".
12. 26-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кайра чыгаруу үчүн сый акы төлөө мындай кайра чыгаруу үчүн пайдаланылуучу жабдууну (аудио- жана көргөзмө магнитофондор, башка жабдуулар) жана материалдык каражаттарды (үн- жана (же) көргөзмө тасмаларды жана кассеталарды, лазердик дискаларды, компакт-дискаларды, башка материалдык алып жүрүүчүлөрдү) даярдоочулар же импортточулар тарабынан төлөнөт.
Жабдуулардын жана материалдык алып жүрүүчүлөрдүн тизмеги, ошондой эле тийиштүү каражаттарды чогултуунун өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Ушул сый акыны чогултуу жана бөлүштүрүү авторлордун, фонограммаларды даярдоочулардын жана аткаруучулардын мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарган уюмдардын бири тарабынан ал уюмдардын ортосундагы келишимдерге ылайык (ушул Мыйзамдын 45-статьясы) жүзөгө ашырылат. Эгер ал келишимде башкача жагдайлар каралбаса, анда көрсөтүлгөн сый акы төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт: авторлорго - 40 пайыз, аткаруучуларга - 30 пайыз жана фонограммаларды даярдоочуларга - 30 пайыз төлөнөт.".
13. 36-статьянын:
5-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө аткаруучу менен фонограмма чыгаруучунун келишимдерине карата, эгер берилүүчү укуктардын маңызынан башкалары келип чыкпаса, ушул Мыйзамдын автордук келишим жөнүндө жоболору колдонулат.".
14. 37-статьянын:
2-бөлүгүндө:
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) аткаруунун же оюндун жазуусу жалпыга маалымдоо үчүн бардык адамдар аткаруунун же оюндун жазуусуна ар кандай жерден жана каалаган учурда өзүнүн тандоосу боюнча ага мүмкүнчүлүк ала турган билдирүүнү (жалпыга маалымдоого жеткирүү укугу);";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) фонограммага жазылган аткаруунун же оюндун түпнускасын же нускаларын сатуу же менчик укугун башка жол менен берүү аркылуу жайылтууга болот. Эгер фонограммага жазылган аткаруунун же оюндун түпнускасы же нускалары, сатуу же менчик укугун башка жол менен берүү аркылуу жарандык колдонууга укуктуу киргизилсе, аларды аткаруучунун макулдугусуз жана сый акы төлөбөй эле Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары жайылтууга жол берилет.".
15. 38-статьянын:
2-бөлүгүндө:
- 1-пункт "фонограмманы" деген сөздөн кийин ", түз же кыйыр түрдө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) фонограмманы жалпыга маалымдоо үчүн бардык адамдар фонограммага ар кандай жерден жана каалаган учурда өзүнүн тандоосу боюнча ага жете алгандай мүмкүнчүлүк ала алат (жалпыга маалымдоого жеткирүү укугу);";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) фонограмманы эфирде же кабель боюнча берүү.".
16. 39-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жалпыга маалымдалган фонограммалар коммерциялык максатта жарыялангандарга теңештирилет.".
17. 45-статьяда:
2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюм чектеш укуктардын чыгармаларын жана объектилерин пайдалануунун тийиштүү ыкмалары боюнча пайдалануучулар менен лицензиялык келишим түзөт. Мындай лицензиялык келишимдердин шарттары бир категориянын бардык пайдалануучулары үчүн бирдей болууга тийиш. Көрсөтүлгөн уюм пайдалануучу менен лицензиялык келишим түзүүдөн негизсиз баш тартууга акысы жок.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Лицензиялык келишимдерди түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 406-статьясына ылайык жүзөгө ашырылат.".
18. 49-статьяда:
1-бөлүктүн 4-пунктундагы "зыяндардын" деген сөздүн алды "алынбай калган пайданы кошкондо," деген сөздөр менен толукталсын";
2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өз укуктарын коргоо үчүн өзгөчө автордук жана чектеш укуктардын ээлери, ошондой эле мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу алардын кызыкчылыгын көрсөткөн уюмдар, белгиленген тартипте сотко жана тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу.
3. Чыгармалардын же фонограммалардын контрафактылык нускалары соттун же судьянын жекече чечими боюнча милдеттүү түрдө конфискацияланууга жатат. Чыгармалардын же фонограммалардын конфискацияланган контрафактылык нускалары автордук жана чектеш укуктардын ээсинин өтүнүчү боюнча ага өткөрүлүп берилгенден башка учурларда, жок кылынууга тийиш. Сот же судья жеке өзү чыгармалардын жана фонограммалардын контрафактылык нускаларынын даярдоо жана кайра чыгаруу үчүн пайдаланылган материалдар менен жабдууларды конфискациялоо жөнүндө чечим чыгара алат.".
19. 50-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүндө ", ошондой эле арбитраждык сот" деген сөздөр алынып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 28-июнунда № 50 жарыяланды
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |