Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 20-марты № 33
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
2008-жылдын 8-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., N 7, 92-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 81-бөлүк менен толукталсын:
"81. "Маданият жана спорт уюмдары" - менчигинин уюштуруучулук укуктук формаларына карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, алардын ишмердигинин негизги түрү маданий баалуулуктарды сактоо, түзүү, өнүктүрүү, жайылтуу жана маданий баалуулуктарды өздөштүрүү жана маданий жыргалчылыктарды түзүп берүү, ошондой эле дене тарбия жана спорт тармагында кызмат көрсөтүү болуп саналат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2008-жылдын 1-апрели № 23 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |