Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1995-жылдын 23-июну жана 28-июлу № 12-1
Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР ЖК 1995-жылдын 23-июнундагы жана 28-июлундагы
№ 13-1 токтому менен күчүнө киргизилген)
1994-жылдын 11-январында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1983-жылдын 20-майында Кыргыз ССРинин Мыйзам менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине (Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1983-ж., № 10, 73-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 42-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын;
"ички иштер органдарынын кызматкерлерине":
2. 112-статья төмөндөгүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"кызмат өтөө жана жашоо мөөнөтүнө карабастан кызмат ишин аткарууда курман болгон (каза болгон) ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү".
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
Кыргыз Республикасынын Жогорку 1995-жылдын 23-июну
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган күнү
Кыргыз Республикасынын Жогорку 1995-жылдын 28-июлу
Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны
тарабынан кабыл алынган күнү