Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 22-майы № 68
1970-жылдын 1-июлундагы, Женева шаары, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) ишине тийиштүү Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө
2021-жылдын 28-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
1970-жылдын 1-июлундагы, Женева шаары, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) ишине тийиштүү Европа макулдашуусуна эки жылдык өткөөл мезгили менен кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1970-жылдын 1-июлундагы, Женева шаары, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) ишине тийиштүү Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-майындагы № 63-64 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |