Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 3-июну № 71
Соттолгон адамдары өткөрүп берүү жөнүндө, өткөрүп берүү жөнүндө жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдары өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2020-жылдын 14-августу, № 64) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги .ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзсүн.".
2-берене.
"2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2020-жылдын 14-августу, № 64) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги .ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзсүн.".
3-берене.
"2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2020-жылдын 14-августу, № 64) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги .ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзсүн.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жапаров |