Загрузка документа…
ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2021-жылдын 18-июну № 72
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-берененин 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31) радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын, ошондой эле уулуу жана радиоактивдүү заттардын өндүрүш калдыктарын ташуу (анын ичинде трансчекаралык), сактоо, пайдалануу, көмүү;";
2) 17-берененин 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26) кооптуу жүктөрдү ташуу; радиоактивдүү материалдарды жана заттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, ташып чыгуу жана ташуу;".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-статьяда "Лицензиялоо жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 10-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу мамлекеттик органды аныктоо;";
3) 13-статьянын онунчу абзацында "технологиялык" деген сөз "техникалык" деген сөзгө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-июнундагы № 73-74 (3252-3253) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |