Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 26-июну № 81
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 282-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 41-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"41) пайдалуу кендерди иштетүү - жер казынасынан пайдалуу кендерди чогултуу, чыгарып алуу жана аларды кайра иштетүү (анын ичинде жер алдындагы сууларды алуу), ошондой эле техногендик түзүлүштөрдү кайра иштетүү боюнча пайдалуу кендер жаткан жерлердеги иштер;";
2) 27-берененин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 35-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 2-пункту "пайдалуу кендерди" деген сөздөрдөн кийин "(техногендик түзүлүштөрдү иштетүүнү кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүндө:
- бөлүк "пайдалануучу" деген сөздөн кийин "чыгарып алынган" деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Техногендик түзүлүштөрдө камтылган пайдалуу кендер Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети техногендик түзүлүштөрдү экинчи жолу кайра иштетүү боюнча артыкчылыктуу укукка ээ.";
4) 49-берененин 9-12-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Рекультивациялык иштерди жүргүзүүнүн кепилдиги болуп жер казынасын пайдалануучу тарабынан рекультивациялоо фондун түзүү саналат.
10. Рекультивациялык иштердин жүргүзүүнүн, аларды кабыл алуунун, ошондой эле рекультивациялоо фондун түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
11. Рекультивациялоо фондунун каражаттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган банктарда топтолот жана Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү максаттарында кредиттөө жана инвестирлөө инструменттери аркылуу кайтарылма негизде банктар тарабынан пайдаланылышы мүмкүн.
Рекультивация фондунун каражаттары жер казынасын пайдалануучу же жер укуктарынын ээси тарабынан башка максаттарга, анын ичинде кредиторлордун талаптарын канааттандыруу жана салык жана бажы төлөмдөрү боюнча карыздарды жоюу үчүн чыгымдалышы жана пайдаланылышы мүмкүн эмес.
12. Ишкана банкрот, жоюлган же жер казынасын пайдалануучу - жеке жак каза болгон учурда рекультивациялоо фондунун каражаттары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча рекультивациялоо иштерин жүргүзүү үчүн жерге укуктуу менчик ээлеринин эсептешүү эсептерине которулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-июлундагы № 76 (3255) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |