Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 15-июлу № 84
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
41-берененин 16-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) шайлоо жараксыз деп таанылган учурда.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 3-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 3-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |