Загрузка документа…
ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2021-жылдын 30-июну № 82
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1044-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-беренеде:
а) 2 жана 3-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"камсыздандырылуучу - камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полисин) түзгөн юридикалык же аракетке жарамдуу жеке жак;";
в) 17-пунктунда "(мамлекеттик камсыздандыруу уюму)" деген сөздөр алып салынсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 19 жана 20-пункттар менен толукталсын:
"19) турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу пулу (мындан ары - камсыздандыруу пулу) - юридикалык жак болуп саналбаган жана турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу программасын ишке ашыруу максатында түзүлгөн, Камсыздандыруу пулу жөнүндө жобонун негизинде иштөөчү камсыздандыруучулар бирикмеси;
20) шартсыз камсыздандыруу франшизасы - милдеттүү камсыздандыруу келишиминде аныкталган жана кызыкчылыгы милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандырылган, камсыздандырылуучуга же пайда көрүүчүгө камсыздандыруучу тарабынан ордун толтуруп берүүгө жатпаган жана камсыздандыруу суммасынан белгилүү бир пайыз түрүндө белгиленген чыгашалардын бөлүгү.
Эгерде зыяндын өлчөмү шартсыз камсыздандыруу франшизасынын өлчөмүнөн ашып кетсе, анда шартсыз камсыздандыруу франшизасынын өлчөмү эсептен чыгарылгандан кийинки зыяндын орду толтурулат.";
3) 7-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Турак жайды камсыздандырууну каалаган адам милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу камсыздандыруучуну эркин тандоо укугуна ээ.
Милдеттүү камсыздандыруу келишими айкын болуп саналат. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, камсыздандыруучу ага милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызы менен кайрылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде каралган документтерди берген адамга милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартууга укуксуз.";
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Камсыздандыруу полисинин шарттары ушул Мыйзамдын талаптарына жана Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине ылайык келүүгө тийиш.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул турак жайга милдеттүү камсыздандыруу полиси жок болгон учурда, камсыздандыруу уюмдары тарабынан турак жайды ыктыярдуу камсыздандыруу келишимин түзүүгө тыюу салынат. Ыктыярдуу камсыздандыруу келишимин түзүү кошумча камсыздандырууну жабуу түрүндө гана милдеттүү камсыздандырууну жабуу лимитинен тышкары мүмкүн болот.";
4) 8-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда:
- "г", "и", "л", "м" пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- "н" пунктчасында "20" деген цифралар "200" деген цифраларга алмаштырылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы "р" пунктчасы менен толукталсын:
"р) чагылгандын уруусу - чагылгандын турак жайга же болбосо башка буюмдарга түз тийүүсү, анын кесепетинен турак жайдын бузулушу же кыйрашы;";
б) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 9-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда "беш" деген сөз "он беш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 11 жана 12-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мөөнөтү
Милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруу сый төлөмү төлөнгөн учурдан тартып он календарлык күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун "б", "в" жана "з" пунктчаларында каралган учурларды кошпогондо, камсыздандыруу сый төлөмү төлөнгөн учурдан тартып күчүнө кирет. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мөөнөтү камсыздандыруу келишиминде (полисинде) камсыздандыруу келишиминин башка колдонулуу мөөнөттөрү каралган учурларды кошпогондо, милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүнө кирген күндөн тартып бир жылды түзөт.
12-берене. Камсыздандыруу суммасынын, камсыздандыруу сый төлөмүнүн жана камсыздандыруу тарифтеринин минималдык өлчөмүн аныктоо
1. Камсыздандыруу суммасынын минималдык өлчөмдөрү жана камсыздандыруу тарифтери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын актуардык эсептөөлөрдүн базасында белгиленет.
2. Камсыздандыруу суммасынан 10 пайызга чейинки өлчөмдөгү шартсыз камсыздандыруу франшизасы турак жайлардын классына жана куруу сапатына жараша милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленет. Шартсыз камсыздандыруу франшизасын белгилөө үчүн турак жайлардын классын жана сапатын аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине ылайык калктын социалдык аялуу катмарына камсыздандыруу сый төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктер берилет.
4. Калктын социалдык аярлуу катмарларынын категорияларына кирген адамдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
7) 14-берененин 2-бөлүгүндө "6-пунктунун "а" пунктчасында" деген сөздөр "6-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 3-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-глава. Камсыздандыруу пулу
18-берене. Камсыздандыруу пулун түзүү
1. Камсыздандыруу пулу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Камсыздандыруу пулун башкаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Камсыздандыруу пулу жөнүндө жобо менен аныкталуучу камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Камсыздандыруу пулу жөнүндө жобо төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) камсыздандыруу пулун башкаруу жана иштетүү эрежелерин;
2) ушул тутумдун операциялык чыгымдарын жабуу үчүн камсыздандыруу пулунун бирдиктүү маалымат тутумуна кирүү мүмкүндүгүн берүүгө, комиссиялык жыйымдын өлчөмүн;
3) камсыздандыруу уюмдарын камсыздандыруу пулунун маалымат тутумуна кошуу тартибин жана шарттарын;
4) камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу пулуна кирүүсү үчүн келишимдин формасын жана талаптарын.
4. Камсыздандыруу уюмдары түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу пулуна тобокелдиктин 100 пайызына чейин жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн 85 пайызынан ашык эмесин өткөрүп берүүгө милдеттүү.
5. Милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатуу боюнча операциялар камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу пулунун бирдиктүү маалымат тутуму аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.
6. Камсыздандыруу пулун башкаруучу камсыздандыруу уюму камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жактырылган кайра камсыздандыруу программасына ылайык кабыл алынган тобокелдиктерди кайра камсыздандырууну жүзөгө ашырууга тийиш.";
9) 19-берененин 2-бөлүгүндө "жана Фондго" деген сөздөр алып салынсын;
10) 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Маалыматтар базасын түзүү үчүн маалыматтарды берүү
1. Маалыматтар базасы милдеттүү камсыздандыруунун ар бир түзүлгөн келишими жөнүндө, камсыздандыруу сый төлөмдөрүнүн көлөмдөрү тууралуу, камсыздандыруу окуялары жана камсыздандыруу ордун толтуруу суммалары, ошондой эле камсыздандырылган турак жайлардын негизги мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт.
2. Маалыматтар базасын түзүү үчүн маалыматтарды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
11) 21-берененин 1-бөлүгүндө "Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун" деген сөздөр "Камсыздандыруу уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-пунктунун "в" пунктчасын, "г" пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтарын, 8 жана 11-пункттарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент Кыргызской Республики |
|
С.Н.Жапаров |
|
|
|
Принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики |
|