Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 9-августу № 95
«Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1- берене
«Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 391-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 11-пункту күчүн жоготту леи таанылсын;
2) 10-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Мамлекеттик ипотекалык насыя боюнча пайыздык ставка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.»;
б) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
в) З-бөлүгүндө «беш» деген сөз «он беш» деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
д) 5- бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсьн:
«5. Ипотекалык насыя катышуучуга улуттук валютада насыя бергени үчүн комиссиясыз берилет. Зарыл болгондо катышуучу сатып алып жаткан турак жайын кепилдикке коюп насыя алууга укуктуу.».
2- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жапаров |
2021-жылдын 30-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |