Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 26-июну № 78
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Мамлекеттик органдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын жоопкерчилиги
1. Коммерциялык эмес уюмдардын ишине чектөөлөргө өбөлгө болуучу шарттардын түзүлүшүнө жол берген мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Коммерциялык эмес уюм тарабынан ушул Мыйзамдын жоболору бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.";
2) 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Коммерциялык эмес уюмдун ачыктыгы
1. Коммерциялык эмес уюмга келип түшүүлөрдүн түзүмү жөнүндө жана уюмдун мүлкүнүн өлчөмү жана курамы тууралуу маалыматтар мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
2. Коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле мүлкүнүн өлчөмү жана курамы, анын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт.
3. Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюм (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо) акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлктөр жөнүндө өткөн жыл үчүн маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына жыл сайын 1-апрелге чейин жайгаштырат.
Маалыматтын формасы жана жайгаштыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
2-берене.
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ал салык органына бир жыл бою отчет бербей келген учурда салык органы юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 29-июнундагы № 75 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2021-жылдын 17-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 26-июну № 78
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Мамлекеттик органдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын жоопкерчилиги
1. Коммерциялык эмес уюмдардын ишине чектөөлөргө өбөлгө болуучу шарттардын түзүлүшүнө жол берген мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Коммерциялык эмес уюм тарабынан ушул Мыйзамдын жоболору бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.";
2) 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Коммерциялык эмес уюмдун ачыктыгы
1. Коммерциялык эмес уюмга келип түшүүлөрдүн түзүмү жөнүндө жана уюмдун мүлкүнүн өлчөмү жана курамы тууралуу маалыматтар мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
2. Коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле мүлкүнүн өлчөмү жана курамы, анын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт.
3. Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюм (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо) акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлктөр жөнүндө өткөн жыл үчүн маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына жыл сайын 1-апрелге чейин жайгаштырат.
Маалыматтын формасы жана жайгаштыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
2-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 29-июнундагы № 75 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Жапаров |
2021-жылдын 17-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |