Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 11-августу № 98
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн укуктук шарттарды түзүү ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мамилелер ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп саналат.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инфратүзүмдүк объекттерге жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонулат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жер казынасын пайдалануу, мамлекеттик сатып алуулар жана менчиктештирүү менен байланышкан инфратүзүмдүк объекттерге жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонулбайт.
2. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп саналган ченемдерди башка мыйзамдарга киргизүүгө жол берилбейт.
3. Мамлекеттер аралык мүнөздөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча өз ара мамилелер мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
4. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү стратегиялык объекттердин тизмегине киргизилген объекттерге карата колдонууда Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттер жөнүндө мыйзамдарынын талаптары да сакталуусу тийиш.
5. Банктык укук мамилелерине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу субъекттерге карата ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен колдонулат.
Эгерде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү жактар болуп саналса, анда ушул Мыйзамдын ченемдери Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
3-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн милдеттери
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) инфратүзүмдүк объекттерди түзүүнүн жана инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
2) инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоого, курууга жана/же модернизациялоого, эксплуатациялоого, күтүүгө жана инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу;
3) өлкөнүн экономикасына инвестицияларды тартуу;
4) жеке сектордун кошумча башкаруучулук дараметин тартуу;
5) инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууда активдердин иштөө түрмөгүнүн ичинде баасынын жана сапатынын оптималдуу катышына же алардын багыттуулугунун ылайыктуулугуна жетишүү;
6) жеке сектордун жаңычылдыгын жана натыйжалуулугун пайдалануу;
7) жаңы технологиялардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө дем берүү.
4-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) - бул инфратүзүмдүк объекттерди жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык.
МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, муниципалдык ишканалар жана мекемелер, тиешелүү иш чөйрөсүндө добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык акционердик коомдор менен биргеликте, ал эми чакан долбоорлор боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, муниципалдык ишканалар жана мекемелер, тиешелүү иш чөйрөсүндө добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдор менен биргеликте мамлекеттик өнөктөш болууга укуктуу.
Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер жеке өнөктөш болууга укуктуу.
5-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат:
1) мамлекеттик колдоо - МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун жагымдуу жана өз ара пайдалуу шарттарын түзүүгө жана МЖӨ жөнүндө макулдашуулар боюнча мамлекеттик өнөктөштөрдүн милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылууга багытталган мамлекеттик финансылык колдоо, мамлекеттик экономикалык колдоо;
2) кызыкдар жак - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн жеке ишкер, юридикалык жак, конкурска катышууга жана/же МЖӨ долбоорун демилгелөөгө кызыкдар консорциум;
3) конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы - конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган иштеп чыгуучу, бекитүүчү жана төмөнкүлөрдү камтуучу документ:
а) МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын (максаттары жана милдеттери, инвестициялардын болжолдуу суммасы жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү);
б) конкурстун катышуучуларына карата квалификациялык талаптарды;
в) МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды;
г) жеке өнөктөштү баалоо жана тандоо критерийлерин;
д) квалификациялык тандоого катышууга билдирмелерди берүү мөөнөтүн;
е) конкурстун катышуучуларына жана/же МЖӨ долбооруна талаптарды белгилөөчү башка маалыматты;
4) конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабы - конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган иштеп чыгуучу жана бекитүүчү, конкурстун катышуучуларынын техникалык жана финансылык сунуштарына талаптарды камтуучу документ;
5) инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөр - социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфратүзүмдүк объектти пайдалануу менен берилүүчү жана/же инфратүзүмдүк объектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;
6) инфратүзүмдүк объект - мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте турган, социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;
7) МЖӨ чакан долбоорлору - болжонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомго барабар же андан аз сумманы түзгөн МЖӨ долбоорлору;
8) МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптар - МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык, эксплуатациялык, коммерциялык же башка мүнөздөгү минималдуу милдеттүү талаптар;
9) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш - төмөнкүлөрдү камтыган документ:
а) МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын;
б) МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун максаттарын жана милдеттерин;
в) МЖӨ объектине карата МЖӨ колдонуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемесин;
г) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүн;
д) МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды;
е) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтүн;
ж) финансы-экономикалык жана юридикалык талдоону;
з) мамлекеттик финансылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүнүн түрлөрүн жана шарттарын;
10) жеке демилге жөнүндө сунуш - төмөнкүлөр камтылган документ:
а) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушка киргизилүүсү тийиш болгон маалымат;
б) жеке демилге жөнүндө сунуш менен кайрылган кызыкдар жактын инфратүзүмдүк объекттер же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөр боюнча долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы бар экенин ырастоочу документ;
в) болжолдонгон инвестициялардын өлчөмү жана болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүнөн 5 пайыздан кем эмес өлчөмдө салууну кепилдеген финансылык каражаттардын бар экенин ырастоочу документ;
г) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттары;
11) МЖӨ долбоору - МЖӨ долбоорун ишке ашыруу боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынган мамлекеттик жана жеке өнөктөштүн өз ара мамилелеринин комплекси;
12) "долбоордук кум коргон" режими - кызыкдар жак тарабынан киргизилген МЖӨ долбоорлорун сынактык ишке ашыруу тартибин жөндөөчү атайын жөнгө салуучу режим;
13) МЖӨ жөнүндө макулдашуу - мамлекеттик жана жеке өнөктөштүн ортосундагы тараптардын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин жана ушул Мыйзамга ылайык МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун башка шарттарын аныктоочу жазуу жүзүндөгү келишим;
14) конкурстук сунуш - конкурстун катышуучуларынын техникалык жана финансылык сунуштарын камтыган документтердин топтому;
15) конкурстук документтер - конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы жана сунуштардын суроо-талабы жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору;
16) техникалык-экономикалык негиздеме - техникалык, экономикалык, юридикалык, экологиялык, финансылык баалоонун, өзөктүү тобокелдиктерди, долбоордун жашоо жөндөмдүүлүгүн баалоонун жыйындысы, ошондой эле МЖӨ долбоору формасында ишке ашыруунун негиздемеси;
17) конкурстун катышуучусу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкер, юридикалык жак, конкурска катышкан консорциум;
18) МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасында МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү жана МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. МЖӨ принциптери
1. МЖӨ төмөнкү принциптерге негизденет:
1) мыйзамдын үстөмдүгү;
2) адилеттүүлүк, өнөктөштүк жана келишимдин эркиндиги;
3) туруктуулук жана узак мөөнөттүү чыдамдуулук;
4) иштин ачыктыгы;
5) тобокелдиктерди адилеттүү бөлүштүрүү;
6) айлана-чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо;
7) салыктык текшерүүлөрдү кошпогондо, МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин 3 жылга чейин укук коргоочу жана текшерүүчү органдар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбестик.
2. МЖӨ боюнча макулдашуулар түзүлгөндөн кийин кабыл алынган жана МЖӨ маселелерин козгогон мыйзамдар жана мыйзамдык актылар долбоор боюнча жеке өнөктөштөн аларды колдонуунун зарылдыгы жөнүндө демилге чыккан учурларды кошпогондо, колдонуудагы макулдашууларга карата колдонулбайт. Бул учурда колдонуудагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү МЖӨ жөнүндө тиешелүү макулдашууларда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Жарандардын өмүрүн жана ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган тиешелүү аракеттерди жасоо, МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун мониторинги мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жана ушул Мыйзамда белгиленген жол-жоболор менен аныкталат.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. МЖӨ долбоорун ишке ашырууга салымдар
1. МЖӨ долбоорун ишке ашырууга салымдар өнөктөштөрдүн материалдык жана/же материалдык эмес активдери болушу мүмкүн.
Материалдык активдер деп (анын ичинде, бирок чектелбестен) мамлекеттик бюджеттин каражаттарын кошуп алганда, акча каражаттар, мүлктүк комплекстер катары ишканаларды, товарларды кошуп алганда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка объекттер таанылат.
Материалдык эмес активдер деп (анын ичинде, бирок чектелбестен) мамлекеттик өнөктөштүн милдеттенмелерин аткаруу кепилдиктери; интеллектуалдык менчик укугунун объекттери, талап кылуу укуктары, жеке мүлктүк эмес укуктар, маалымат ж.б. таанылат.
2. МЖӨ долбоорун ишке ашырууга салымдардын булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;
2) мамлекеттик өнөктөштүн каражаттары;
3) мамлекеттик өнөктөштүн карамагында турган мамлекеттик жана/же муниципалдык мүлк;
4) жеке өнөктөштүн каражаттары;
5) тартылган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар.
3. МЖӨ долбоорлоруна салымдар 49 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн.
8-берене. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу баскычтары
МЖӨ долбоорун ишке ашыруу баскычтары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) МЖӨ долбоорун демилгелөө;
2) МЖӨ долбоорун даярдоо;
3) жеке өнөктөштү тандоого конкурс өткөрүү;
4) МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүү жана аны ишке ашыруу.
9-берене. МЖӨ долбоорун демилгелөө
1. МЖӨ долбоорун демилгелөө мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кат жөнөтүү жолу менен, же болбосо кызыкдар жак тарабынан мамлекеттик өнөктөшкө жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат жөнөтүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат жөнөтүлгөндөн кийин мамлекеттик өнөктөш же кызыкдар жак МЖӨ долбоорун даярдоо баскычына өтөт.
3. МЖӨ долбоорун МЖӨ чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган демилгелеген учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган биргелешкен мамлекеттик өнөктөш катары мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык ишканасын жана мекемесин тиешелүү иш чөйрөсүндө добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомду аныктайт.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. МЖӨ долбоорун даярдоо
1. МЖӨ долбоорун даярдоо мамлекеттик өнөктөш же кызыкдар жак тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту же жеке демилге жөнүндө сунушту даярдоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо жана МЖӨнү өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча фондцор (мындан ары - Фонд) түзүлүшү мүмкүн.
МЖӨ долбоорлорун даярдоого багытталган Фонддун каражаттарынын орду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жеке өнөктөш тарабынан толтурулууга тийиш.
2. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш же жеке демилге жөнүндө сунуш конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
3. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш же жеке демилге жөнүндө сунуш бекитилгенден кийин мамлекеттик өнөктөш МЖӨ долбоорунун бюджетине МЖӨ долбооруна мониторингин жүргүзүүгө финансылык каражаттарды киргизүү менен конкурстук документтерди даярдоону жүзөгө ашырат.
4. Эгерде МЖӨ долбоору мамлекеттик бюджеттен каражаттарды алууну караса, анда конкурстук документтер бекитилгенге чейин бюджеттик саясат боюнча тиешелүү мамлекеттик орган менен макулдашылуусу тийиш.
Мамлекеттик бюджет үчүн фискалдык тобокелдиктерге, анын ичинде тикелей жана шарттуу милдеттемелер маселелери боюнча конкурстук документтерди кароо жана макулдашуу конкурстук документтер алынган датадан тартып 30 календардык күндүн ичинде бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган конкурстук документтерди бекитет, конкурстук комиссияны түзөт жана бекитет жана жеке өнөктөштү тандоо боюнча конкурсту өткөрөт.
6. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болууга жана бештен кем эмес адамдан түзүлүүгө тийиш. Конкурстук комиссиянын курамына мамлекеттик өнөктөштүн өкүлдөрү, тиешелүү инфратүзүмдүк объект боюнча тажрыйбага жана билимге ээ адис, экономика же финансы, юриспруденция жаатындагы адистер, долбоор түздөн-түз таасирин тийгизүүчү жергиликтүү коомчулуктун өкүлү кирет. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн каралып жаткан долбоорго карата кызыкчылыктарынын кагылышуусу болбоосу тийиш.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. МЖӨ долбоорлору боюнча конкурсту өткөрүүнүн баскычтары
1. Жеке өнөктөштү тандоо конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан конкурсту өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Конкурсту өткөрүү эрежелери менен аныкталган тартипте өткөрүлөт.
2. Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон ашыкты түзгөн МЖӨ долбоорлоруна карата МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, же болбосо болжолдонгон инвестициялар 100 млн. сомго барабар же андан аз сумманы түзгөн МЖӨ долбоорлоруна карата иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик өнөктөш (мындан ары - конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган) чыгат.
3. Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сом жана андан ашык болгон МЖӨ долбоорлору боюнча конкурс ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү конкурсту өткөрүү эрежелеринде белгиленген жол-жоболорго ылайык квалификациялык тандоодон жана конкурстун жеңүүчүсүн тандоодон турган эки этаптуу метод менен жүзөгө ашырылат.
Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомго чейинки МЖӨ долбоорлору боюнча конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү конкурсту өткөрүү эрежелерине ылайык конкурстук сунуштарды квалификациялык критерийлер боюнча тандоону кошкондо бир этаптуу метод менен жүзөгө ашырылат.
4. Эгерде инвестициялардын суммасы 1 млрд. сомдон ашык болгон учурда, МЖӨ долбоору кызыкдар жак квалификациялык талаптарга ылайык келген шартта түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболорун өткөрүү жолу менен ыйгарылышы мүмкүн.
МЖӨ долбоорун түз сүйлөшүүлөр жолу менен ыйгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Квалификациялык тандоо
1. Квалификациялык тандоо этабында конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган өзүнүн расмий веб-сайтында конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабын жарыялайт. Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон ашыкты түзгөн МЖӨ долбоорлоруна карата конкурс өткөрүлгөн учурда конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы эл аралык ресурстарда да жарыяланышы мүмкүн.
2. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү чогултуу конкурстук комиссия тарабынан конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн, бирок конкурска катышуу үчүн квалификациялык суроо-талап жарыяланган датадан тартып 30 календардык күндөн кем эмес жана 90 календардык күндөн ашык эмес мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.
3. Квалификациялык тандоону жүргүзүү үчүн квалификациялык тандоого катышууга бир билдирме берүү жетиштүү.
Конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык келбеген квалификациялык тандоого катышууга билдирмелер конкурстук комиссия тарабынан четке кагылууга тийиш.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Конкурстун жеңүүчүсүн тандоо
1. Конкурстун жеңүүчүсүн тандоо этабында конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабын жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун квалификациялык тандоодон өткөн конкурстун катышуучуларына берет.
2. Квалификациялык тандоодон өткөн конкурстун катышуучулары сунуштардын суроо-талабын жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун конкурстун катышуучуларына жөнөткөн күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде сунуштар суроо-талабына жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган 5 календардык күндүн ичинде конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабына жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөрдү кабыл алууга же четке кагууга укуктуу. Конкурска катышуу үчүн сунуштардын өзгөртүлгөн суроо-талабы жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүсү тийиш.
Конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабына жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөр киргизилген учурда, конкурстук сунуштарды чогултуу мөөнөтү конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабына жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөр бекитилген күндөн тартып 15 календардык күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылат.
Конкурска катышуу үчүн сунуштардын өзгөртүлгөн суроо-талабы жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабына жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөр бекитилген күндөн тартып кийинки календардык күндөн кечиктирилбестен квалификациялык тандоодон өткөн конкурстун бардык катышуучуларына жеткирилүүсү тийиш.
3. Техникалык жана финансылык сунуштарды камтыган конкурстук сунуштарды чогултуу конкурстук комиссия тарабынан конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында көрсөтүлгөн, бирок квалификациялык тандоодон өткөн конкурстун катышуучуларына конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабы жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору жиберилген датадан тартып 30 календардык күндөн кем эмес жана 90 календардык күндөн ашык эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.
4. Конкурстун жеңүүчүсүн тандоону жүргүзүү үчүн бир конкурстук сунушту берүү жетиштүү.
5. Конкурстун катышуучусу конкурстук сунуштун кепилдик камсыз кылуусун берүүгө тийиш, анын шарттары конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында аныкталат.
6 Конкурстук комиссия тарабынан техникалык жана финансылык сунуштары конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабынын талаптарына ылайыктуу жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун мыкты шарттарын камтыйт деп таанылган конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп жарыяланат. Конкурстук комиссия тарабынан конкурстун бардык катышуучуларынын техникалык жана/же финансылык сунуштарын конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабынын талаптарына ылайык келбейт деп таанылган учурда конкурстук комиссия конкурсту өткөн жок деп тааныйт жана кайрадан конкурс жарыялоого укуктуу.
7. Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтына жарыялайт.
8. Конкурска катышууга байланыштуу конкурстун катышуучулары тарткан чыгымдар конкурстун натыйжаларынан көз карандысыз орду толтурулууга жатпайт.
9. Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсү берген маалымат чындыкка ылайык келбегенин аныктаган учурда, мындай ылайык келбестик документтер менен ырасталган шартта, конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсүн же конкурстун башка катышуучусун дисквалификациялоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, алар конкурска катышуудан чыгарылат жана МЖӨ долбоору боюнча 5 жыл бою конкурстарга катышууга укуксуз болот.
10. Конкурстун жеңүүчүсү дисквалификацияланган учурда, конкурстук комиссия конкурстун жыйынтыктары боюнча жеңүүчүдөн кийинки орунду ээлеген конкурстун катышуучусун жеңүүчү деп дайындоого укуктуу.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуу
МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору төмөнкү шарттарды камтуусу тийиш:
1) Тараптардын сыпаттамасын, макулдашуунун предметин, тараптардын укуктарын жана милдеттерин;
2) МЖӨ объектинин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн эске алуу менен анын сыпаттамасын;
3) МЖӨ формасын;
4) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу процессинде берилүүчү инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу көлөмүн, берүү тартибин жана сапат стандарттарын;
5) жаңычыл иштеп чыгуулардын, инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоо, куруу, кайра конструкциялоо, модернизациялоо (калыбына келтирүү) жана башкаруу, МЖӨ долбоору боюнча кызмат көрсөтүү тартибин жана мөөнөттүн;
6) МЖӨ объектин техникалык тейлөө тартибин жана мөөнөтүн;
7) кирешени алууну жана аны бөлүштүрүүнү;
8) мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүүнү;
9) долбоорду ишке ашырууга мониторинг жана көзөмөл жүргүзүү тартибин;
10) МЖӨ долбоорун каржылоо булактарын;
11) инфратүзүмдүк объектке ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө тартибин;
12) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн жана тартибин;
13) макулдашуунун тараптарынын чыгымдардын ордун толтуруу мөөнөтүн жана тартибин;
14) МЖӨ жөнүндө макулдашууну өзгөртүүнүн тартиби жана МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда токтотуунун негиздери;
15) МЖӨ жөнүндө макулдашууну колдонуу токтотулгандан кийин МЖӨ жөнүндө макулдашууну аткарууга байланыштуу жеке өнөктөшкө өткөрүп берилген инфратүзүмдүк объекттин андан аркы юридикалык тагдырын аныктоону;
16) жеке өнөктөштүн МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун финансылык кепилдиктерин берүүсүн;
17) мамлекеттик өнөктөштүн МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун кепилдиктерин берүүсүн;
18) МЖӨ жөнүндө макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда тараптардын жоопкерчилигин;
19) МЖӨ жөнүндө макулдашуудан келип чыккан жана МЖӨ долбоорун ишке ашырууга байланышкан талаштарды чечүү тартибин;
20) форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда тараптардын аракеттери.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү
1. МЖӨ жөнүндө макулдашуу конкурстун жеңүүчүсү менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жана МЖӨ чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын расмий сайтына конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалымат жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде түзүлүүгө тийиш.
2. Консорциум жеңүүчү деп жарыяланган учурда МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү мөөнөтү кошумча 40 календардык күнгө узартылышы мүмкүн.
3. Конкурстун жеңүүчүсү МЖӨ долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоордук компанияны уюштурууга укуктуу.
Жеке өнөктөштүн жана/же долбоордук компаниянын ишин токтотуу, мүлкүн күрөөгө коюу, акцияларын (мүлктөгү үлүштөрүн, пайларын) ажыратуу же күрөөгө коюу, жеке өнөктөштүн жана/же долбоордук компаниянын уставдык (пайлык) капиталынын өлчөмүн өзгөртүү мамлекеттик өнөктөштүн жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.
4. МЖӨ долбоорун каржылоо максатында жеке өнөктөш жана/же долбоордук компания мамлекеттик өнөктөшкө кабарлоо менен банктык жана финансы-кредиттик уюмдар менен каржылоо жөнүндө макулдашууларды түзүүгө укуктуу.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашууну токтотуу
МЖӨ жөнүндө макулдашуу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) макулдашууда каралган учурларда, мөөнөтүнөн мурда;
2) колдонууну мөөнөтү аяктаганда;
3) тараптардын макулдашуусу боюнча;
4) соттун чечими боюнча;
5) МЖӨ жөнүндө макулдашуудан келип чыккан башка негиздер боюнча.
17-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуунун кесепеттери
1. Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда жеке өнөктөш жана/же долбоордук компания төмөнкү аракеттерди аткарууга милдеттүү:
1) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык үчүнчү жактар тарабынан кандайдыр бир убаралардан бош, мамлекеттик өнөктөштөн алынган инфратүзүмдүк объекти жана активдерди мамлекеттик өнөктөшкө өткөрүп берүүгө;
2) инфратүзүмдүк объектти эксплуатациялоо жана материалдык-техникалык тейлөө маселелери боюнча жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүү маселелери боюнча мамлекеттик өнөктөштүн персоналын даярдоого;
3) инфратүзүмдүк объектти мамлекеттик өнөктөшкө өткөрүп бергенден кийин 3 айдан кем эмес мөөнөттүн ичинде, эгерде бул талап кылынса, запастык бөлүктөрдү жеткирип берүүнү кошуп алганда, инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү жана ресурстарды берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга.
2. Жеке өнөктөштүн күнөөсү боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу, аны МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда токтотууга байланыштуу башка тарап тарткан чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча милдеттенмелерге алып келет.
18-берене. МЖӨ долбоорлорун "долбоордук кум коргон" принциби боюнча ишке ашыруу
1. Жаңы инновациялык МЖӨ долбоорлорун пилоттук режимде пробациялоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инновациялык иш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын позициясына ылайык кызыкдар жакка МЖӨ долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашыруу жөнүндө сунуш киргизе алат.
2. Кызыкдар жактын МЖӨ долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашыруу боюнча макулдугу болгон учурда МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган МЖӨ долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашыруу жөнүндө ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети МЖӨ долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашыруу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер МЖӨ долбоору боюнча мамлекеттик өнөктөштү аныктайт. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик өнөктөш менен биргеликте кызыкдар жак менен тиешелүү макулдашууну түзөт.
4. МЖӨ долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашырууга мониторинг кылууну мамлекеттик өнөктөш жүзөгө ашырат жана ал социалдык-экономикалык жактан натыйжалуу болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ушул МЖӨ долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасында ушундай технологияны колдонуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө сунуш киргизет.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Талаштарды чечүү тартиби
МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү, аткаруу жана токтотуу менен байланыштуу МЖӨ макулдашуусунун тараптарынын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар МЖӨ макулдашуусунун жоболоруна ылайык, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
Тараптар талаш-тартышты сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салуу мүмкүн болбогон учурда, эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башка жол-жобо, анын ичинде талаш-тартышты эл аралык соттордо же арбитраждарда кароо каралбаса, талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралуусу тийиш.
20-берене. МЖӨ долбоорлорун жана алардын субъекттерин мамлекеттик каттоо
1. Алар боюнча тиешелүү макулдашуулар түзүлгөн МЖӨ долбоорлору, ошондой эле алардын субъекттери Кыргыз Республикасынын МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестринде милдеттүү түрдө мамлекеттик катталуусу тийиш.
2. Алар боюнча тиешелүү макулдашуулар түзүлгөн МЖӨ долбоорлорун, ошондой эле алардын субъекттерин мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
20-1-берене. МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган
МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү, ошондой эле МЖӨ долбоорлорун натыйжалуу координациялоо максатында, МЖӨ долбоорлорун өнүктүрүү жана координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) МЖӨ чөйрөсүндө изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) эл аралык финансы институттарынын катышуусунда ишке ашырылуучу өзгөчө маанидеги МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгууну координациялоо;
3) МЖӨ долбоорлорунун ишке ашырылышын баалоо, анын ичинде алардын максаттуу индикаторлоруна жетишүүсүнө мониторинг жүргүзүү;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, ишкерлердин жана кызыкдар жактардын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча теориялык билимдеринин жана практикалык тажрыйбасынын деңгээлин жогорулатуу;
5) МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органга караштуу МЖӨ долбоорлорун даярдоо тобун түзүү жана анын ишин координациялоо;
6) МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
7) регионалдык өкүлчүлүктөрдү түзүү жана аларды координациялоо.".
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 483-ст.);
2) "Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамынын 6-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2021-жылдын 5-январындагы № 1).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 29-июлунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |