Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 5-августу № 92
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 282-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 22-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкү жолдор менен берилиши мүмкүн:
1) конкурс өткөрүү;
2) аукцион өткөрүү;
3) "биринчи берилген өтүнмө" эрежесин колдонуу;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечим кабыл алуу.";
б) 8-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 25-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 251-берене менен толукталсын:
"251-берене Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби
1. Жер казынасын пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга гана берилет.
Жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган чечим конкурс же аукцион өткөрүү зарылчылыгын жокко чыгарат.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 10-августундагы № 86 (3265) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 22-июлунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|