Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 23-августу № 101
Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана аларды анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо максатында, интернет-мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматтарды жайылтууга тыюу салууну, интернет-мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматтарды жайылтууга жол берген жактардын жоопкерчилигин, ошондой эле ушул Мыйзам боюнча укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарын жана милдеттерин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде жайылтылуучу маалымат ачык, жарандык укуктук мамилелердин объекти болуп таанылат.
3. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп саналган жоболордун жана маселелердин башка мыйзамдарга киргизилишине жол берилбейт. Эгерде башка мыйзамдарда ушул Мыйзамдын жөнгө салуусуна тийиштүү жоболор жана маселелер камтылса, анда алар ушул Мыйзамга карама-каршы келбегендей деңгээлде колдонулат.
4. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелердин субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) интернет-провайдерлер, хостинг-провайдерлер, сайттардын ээлери, Интернет тармагындагы сайттын баракчаларынын ээлери;
2) Интернет тармагынын пайдалануучулары.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр
1) Интернет тармагы - Интернет-протоколду (Internet protocol - IP) жана маалыматтарды берүү протоколун (Transmission Control Protocol - TCP) пайдаланууга негизделген глобалдык даректик мейкиндик аркылуу ар кыл өлкөлөрдүн маалыматтык тутумдарын жана электр байланыш тармактарын байланыш туташтыруучу глобалдык маалыматтык-телекоммуникациялык тармак;
2) Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндиги - Кыргыз Республикасынын аймагындагы жарыялануучу кирүүчү же чыгуучу трансчекаралык жана ички интернет трафиги;
3) Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигиндеги сайт - Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде жеткиликтүү болгон маалыматтардын жыйындысын өзүнө камтыган Интернет тармагындагы орун;
4) Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигиндеги сайттын баракчасы - Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде жеткиликтүү болгон Интернет тармагындагы сайттын бөлүгү;
5) Интернет тармагындагы сайттын ээси - сайт менчик укугунда таандык болгон жеке же юридикалык жак;
6) Интернет тармагындагы сайттын баракчасынын ээси - сайттын баракчасы пайдалануу укугунда таандык болгон жеке же юридикалык жак;
7) анык эмес (жалган) маалымат - Интернет тармагында же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган, чындыкка туура келбеген башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген маалымат;
8) Интернет тармагынын пайдалануучусу (абонент) - интернет кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу жеке же юридикалык жак;
9) интернет-провайдер - электробайланыш операторлору жана мобилдик уюлдук байланыш операторлору;
10) Интернет тармагындагы ачык жеткиликтүү пункттар - Интернет тармагына чыгууга мүмкүнчүлүк берген коомдук жайлар, ошондой эле интернет-кафе;
11) хостинг-провайдер - Интернет тармагына кошулуу менен, өзүнүн техникалык аянтчаларында жабдууларды, Интернет тармагындагы маалыматтарды жана сайттарды берүү жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүчү жак.
3-берене. Анык эмес (жалган) маалыматтарды жайылтууга тыюу салуу
1. Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматтарды жайылтууга жол берилбейт.
2. Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде мындай маалымат биринчи пайда болгон убакыт анык эмес (жалган) маалыматтар жайылтылган убакыт болуп саналат.
3. Ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген анык эмес (жалган) маалымат жайылтылды деп эсептеген ар бир адам Интернет тармагындагы сайттын ээсине же Интернет тармагындагы сайттын баракчасынын ээсине, баракчадан же сайттан анык эмес (жалган) маалыматты токтоосуз (кайрылган учурдан тартып 24 сааттын ичинде) алып салууну жана мурда жарыяланган анык эмес (жалган) маалыматты жокко чыгаруучу маалыматты жарыялоо жөнүндө талап менен кайрылууга укуктуу.
Өзү жөнүндө анык эмес (жалган) маалыматты жарыялоого байланыштуу укуктары жана эркиндиктери бузулган жак, анык эмес (жалган) маалыматтарды алып салуудан баш тартылган же анык эмес (жалган) маалыматтарды алып салуу убактысы бузулган учурда, Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте Интернет тармагындагы сайттын ээсинин же Интернет тармагындагы сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттанууга, анык эмес (жалган) маалыматтарды алып салууну жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токто турууну талап кылууга укуктуу. Сайттын же сайттын баракчасынын иши эки айга чейинки мөөнөткө токтотулушу мүмкүн. Сайттын же баракчанын ээси сайт же сайттын баракчасы убактылуу токтотулган мезгилде, Интернет тармагына жаңы сайт же сайттын баракчасын ачууга укуксуз.
4. Өзү жөнүндө анык эмес (жалган) маалыматтарды жарыялоого байланыштуу укуктары жана эркиндиктери бузулган жак, анык эмес (жалган) маалыматтардын жарыяланганына байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтурууну сот тартибинде талап кылууга укуктуу. Мында ордун толтуруунун көлөмү өлчөмдөш болушу керек.
5. Интернет тармагындагы маалыматка же сайтка же сайттын баракчасына жеткиликтүүлүк анык эмес (жалган) маалымат өчүрүлгөн (алып салынган) шартта сайттын же сайттын баракчасынын иши токтотулган мөөнөт өткөндөн кийин жаңыланат, же болбосо мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен кайра иштей баштайт.
4-берене. Маалыматтык ресурстардын ээлеринин укуктары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде жайгашкан сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жалган же анык эмес маалыматты жайылтуу үчүн Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигиндеги сайтты же сайттын баракчасын пайдаланууга жол бербөөгө;
2) укуктары жана эркиндиктери бузулган жактар кайрылган учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен бузууларды четтетүүгө.
2. Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигиндеги сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ээси ага билдирүүлөрдү жиберүү үчүн Интернет тармагындагы өзүнүн сайтына же сайттын баракчасына аты-жөнүн, электрондук дарегин жайгаштырууга милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигиндеги сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ээси жана пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) анын пикири боюнча укуктары жана эркиндиктери чектелген жактардын далил-жүйөлөрү менен макул болбоого;
2) Интернет тармагындагы сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотууга багытталган иш-аракеттерди сот тартибинде талашууга;
3) инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирбеген же кемсинтпеген маалыматтарды эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аларды оозеки, жазуу жүзүндө башка ыкмалар менен жайылтууга;
4) Интернет тармагындагы өзүнүн сайтына же сайттын баракчасына Интернет тармагынын башка пайдалануучуларынын инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирбеген жана кемсинтпеген тексттерди жана (же) башка материалдарды жайгаштырууга же жайгаштырууга жол берүүгө.
5-берене. Провайдерлердин жана сайттардын жана ачык жеткиликтүү пункттардын ээлеринин милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигиндеги интернет-провайдер, хостинг-провайдер, сайттын ээси жана (же) сайттын баракчасынын ээси ушул Мыйзамда каралган тартипте жалган же анык эмес маалыматтарга жеткиликтүүлүктү чектейт же тыюу салат.
2. Интернет-провайдер, ачык жеткиликтүү пункттардын ээлери өз абоненттерин идентификациялоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.
6-берене. Ушул Мыйзамды бузуу үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
2. Интернет-провайдер, хостинг-провайдер, Интернет тармагындагы сайттын ээси жана (же) сайттын баракчасынын ээси ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык маалыматтарга жеткиликтүүлүктү чектегени жана (же) аны жайылтууну чектегени үчүн укук ээсинин алдында жана пайдалануучунун алдында жоопкерчилик тартпайт.
7-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 28-июлунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |