Редакцияот 02.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 2-сентябры № 107

2021-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-кат жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 боюнча шашылыш долбоорду кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2021-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-кат жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (COVID-19 боюнча шашылыш долбоорду кошумча каржылоо) ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу-каттын жана Кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

 

2021-жылдын 22-июлунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган