Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 26-августу № 103
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2021-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши
тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула алып салынсын;
2) 1-беренеде:
а) жыйырма тогузунчу абзацта "финансылык полиция," деген сөздөр алып салынсын;
б) отуз бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
в) отуз сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"талапкерлердин тизмеси - саясий партия көрсөткөн, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталган талапкерлердин бирдиктүү тизмеси;";
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы отуз тогузунчу абзац менен толукталсын:
"талапкердин катар номери - талапкерлердин тизмесинде талапкерге ыйгарылган цифра;";
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы кырк сегизинчи-элүүнчү абзацтар менен толукталсын:
"бир мандаттуу шайлоо округу (бир мандаттуу шайлоо округу) - Жогорку Кеңештин бир депутаты шайлануучу шайлоо округу;
бирдиктүү республикалык шайлоо округу (бирдиктүү шайлоо округу) - саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелери боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча өзүнө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын камтыган шайлоо округу;
жергиликтүү жамааттын мүчөсү - бир мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда, паспорттун тибинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат.".
3) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу тартибин жана алардын кепилдиктерин, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тартибин аныктайт жана шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.";
4) 2-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын сунушу боюнча түзүлгөн шайлоо участокторунда, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагында добуш беришет.";
5) 9-берененин 4-бөлүгүнүн 16-пункту "аты-жөнү," деген сөздөрдөн кийин "талапкердин аты жана фамилиясы же" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 10-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 10-1-берененин 6-бөлүгүнүн 5-пункту "реестри менен" деген сөздөрдөн кийин ", тиешелүү шайлоо комиссиясына келип түшкөн арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 12-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) округдук шайлоо комиссиялары;";
б) 4-бөлүк "жөнгө салуучу мыйзамда," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында," деген сөздөр менен толукталсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Округдук шайлоо комиссиялары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Борбордук шайлоо комиссиясы аныктаган тартипте, тиешелүү шайлоо округдарында иштеп жаткан тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн ичинен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт.
Округдук шайлоо комиссиялары өз ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча токтотот.".
9) 13-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө ", Жогорку Кеңештин депутаттарын" деген сөздөр алып салынсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 - 1-6-бөлүктөр менен толукталсын:
"1-1. Саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелери боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолорду өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп саналат.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо күнү дайындалгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен берилүүчү маалыматтардын негизинде түзүлүүчү шайлоо округдарында жүзөгө ашырылат.
1-2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо дайындалган күндөн кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоо округдарынын схемасын жана чектерин, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу конуштардын (көчөлөрдүн, үйлөрдүн) тизмегин, ар бир шайлоо округунун номерин жана борборун, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын санын түзөт жана бекитет.
1-3. Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
- шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.
1-4. Ушул берененин 1-3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын административдик-аймактык бөлүнүшү эске алынат.
1-5. Шайлоо округдарынын тизмелери, алардын чектери жана округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын даректери көрсөтүлүү менен, алардын графикалык сүрөттөлүшүн кошуп алганда, округдар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
1-6. Шайлоо округдарынын жана чектерин, шайлоо комиссияларынын жайгашкан жерлеринин схемаларын өзгөртүү округдук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жүзөгө ашырылат.";
в) 2-бөлүгүндө "шайлоо округуна" деген сөздөр "бирдиктүү шайлоо округуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулардын добуш берүүсүн өткөрүүнү жана добуштарды эсептөөнү уюштуруу үчүн шайлоо участоктору аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча, тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын сунушу боюнча, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин аймагында түзүлүшү мүмкүн.";
д) 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы "жылдык мөөнөткө" деген сөздөрдөн кийин ", эреже катары," деген сөздөр менен толукталсын;
10) 14-берененин 2-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацында "Шайлоочулардын тизмесине" деген сөздөр "Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолордо шайлоочулардын тизмесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.";
11) 19-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Талапкерлер, саясий партиялар тиешелүү талапкерлердин, саясий партиялардын атынан иш алып баруучу экиден ашпаган ыйгарым укуктуу өкүлдү: шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү жана финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоого укуктуу.";
б) 3-бөлүгүндө "же аны алмаштыруучу документин" деген сөздөр алып салынсын;
в) 7-бөлүктө:
- биринчи абзац "ыйгарым укуктуу" деген сөздөрдөн мурда "шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан аткарылган жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн документтерге (келишимдерге/макулдашууларга) кол коёт;";
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-бөлүк менен толукталсын:
"7-1. Финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл:
1) талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фондун түзүү менен байланышкан маселелерди, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу жана анын мыйзамдуулугун контролдоо боюнча маселелерди, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча финансылык отчеттуулукту даярдоо жана тапшыруу боюнча маселелерди чечет;
2) финансылык эсептешүү документтерине жана финансылык отчетторго кол коюуга укуктуу;
3) талапкерге, саясий партияга тиешелүү финансылык маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;
4) финансылык маселелер бөлүгүндө ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";
12) 21-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот, эгерде ал төмөнкүлөрдөн болуп саналса:
1) Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы;
2) жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;
3) мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, мамлекеттин (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашык ишкананын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат, эгерде ал төмөнкүлөрдөн болуп саналса:
1) мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы;
2) муниципалдык кызматчы;
3) жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери.";
13) 21-1-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пункту "мекемелеринин кызматчыларын" деген сөздөрдөн кийин ", республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерин" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин кол чогултуусу, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүсү;";
в) 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурган, же болбосо мамлекеттик органдардын жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан массалык (ачык) иш-чараларды жүргүзүүдө үгүттөп сөз сүйлөө;".
14) 22-берененин 15-бөлүгү "жарандыгы жок адамдар" деген сөздөрдөн кийин ", аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери" деген сөздөр менен толукталсын;
15) 24-берененин 2-бөлүгүндө:
а) биринчи сүйлөмү "Жогорку Кеңештин депутаттарын" деген сөздөрдөн кийин "бирдиктүү шайлоо округу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер үчүн акысыз эфир убактысынын көлөмү жумуш күндөрү региондук телерадиоуюмдардын каналдарында отуз мүнөттөн кем эмес болушу керек.";
16) 27-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бардык басылма жана үгүт материалдары үгүт материалдарын даярдаган уюмдун, жеке ишкердин аталышын жана дарегин (фамилиясын, аты-жөнүн), үгүт материалдарын даярдоого табыштама берген талапкердин фамилиясын, аты-жөнүн, саясий партиянын аталышын, алардын чыгарылган нускасы жана датасы жөнүндө маалыматты, аларды жасоого тиешелүү шайлоо фондунан акы төлөө жөнүндө маалыматты, ошондой эле талапкердин же талапкердин, саясий партиянын табыштамага акы төлөгөн финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, аты-жөнүн камтуусу тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын тара-тууга тыюу салынат.";
17) 28-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Ибадат кылуу имараттарына, курулмаларына жана аларга тиешелүү аймактарга, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттерге, электр станцияларга, темир жолдорго, мунай куурларга жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ичинде жана уюмдарга жакын жерлерде (аралыгы 100 метрден аз) үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.
Шайлоо алдындагы үгүттү өткөрүүдө, үгүттүк материалдарда тикелей жана кыйыр өздөштүрүп алынган маалыматтык бөлүктөрдү жана элементтерди (сүрөттөлүштөрдү) көрсөтүүгө же башкача пайдаланууга же диний тематикага шилтеме жасоого жол берилбейт.";
б) 6-бөлүгүнүн биринчи абзацы "үгүт жүргүзүү үчүн" деген сөздөрдөн кийин "акысыз" деген сөз менен толукталсын;
18) 29-беренеде:
а) 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү "маалыматтык материалдар" деген сөздөрдөн кийин "ар бир талапкердин катар номерин көрсөтүү менен" деген сөздөр менен толукталсын. Маалыматтык материалдардын формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Добуш берүүчү кабинада бардык талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдар чүчү кулак менен аныкталган кезекте жана ар бир партиянын талапкерлеринин тизмелери ар бир талапкердин катар номерин көрсөтүү менен жайгаштырылат. Маалыматтык материалдардын формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
Талапкер маалыматтык материалдардын формасы менен тексти бекип калгандан кийин саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинен чыгып калган учурда, маалыматтык материалдардагы талапкер жөнүндө маалыматтар, талапкерлердин тизмесиндеги катар номери кошуп алганда толук көлөмдө чийип салынат.";
19) 30-беренеде:
а) 4 жана 5-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоолордо шайлоо бюллетени талапкерлердин фамилияларын, аттарын, аталарынын аттарын чүчү кулакта аныкталган кезекте камтыйт.
5. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын оң тарабында бош чарчы жайгаштырылат. Талапкерлердин тизмегинин аягында, анын оң жагына бош чарчыны жайгаштыруу менен, "Баарына каршы" деген сап жайгаштырылат.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-бөлүк менен толукталсын:
"5-1. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетени эки бөлүктөн турат.
Шайлоо бюллетенинин биринчи бөлүгүндө чүчү кулак менен аныкталган кезектүүлүктө саясий партиялардын аталыштары жайгаштырылат. Саясий партиянын ар бир аталышынын оң жагына бош чарчыга жайгаштырылат.
Саясий партиянын тизмектеринин аягында, анын оң жагына бош чарчыны жайгаштыруу менен, "Баарына каршы" деген сап жайгаштырылат.
Шайлоо бюллетенинин экинчи бөлүгүндө чарчынын сол тышкы тарабына номерленген 54 бош чарчы жайгаштырылат. Бош чарчынын номери саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде катталган талапкердин катар номерине дал келет.";
в) 6-бөлүгүнүн биринчи абзацында "10" деген цифралар "7" деген цифрага алмаштырылсын;
г) 8 жана 9-бөлүктөр ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "аймактык шайлоо" деген сөздөрдөн мурда тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "округдук," деген сөз менен толукталсын.
д) 9-бөлүгүнүн биринчи абзацында "10" деген цифралар "5" деген цифрага алмаштырылсын, "ал эми кайра добуш берүү болгон учурда, добуш берүү күнүнө 5 календардык күн калганда," деген сөздөр алып салынсын;
20) 31-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана шайлоо жабдуусунун операторлору чүчү кулакка катышпайт.";
б) 2-бөлүгүндө:
- сегизинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо шайлоочуга эки: бирдиктүү шайлоо округу боюнча бир жана бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бир шайлоо бюллетени берилет.";
- 2-бөлүгүнүн он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Добуш берүү үчүн кутуларга салынган шайлоо бюллетендеринин санына негизделген добуш бергендердин саны жөнүндө маалыматтар участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан актыга киргизилет жана округдук, аймактык шайлоо комиссиясына ар бир 2 саат сайын өткөрүп берилет, округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администратору алынган маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына киргизет жана автоматтык түрдө жарыялайт. Добуш берүү үчүн кутуларга салынган шайлоо бюллетендеринин санына негизделген добуш бергендердин саны жөнүндө биротоло маалыматтар дароо же шайлоо участоктору жабылгандан кийин, бирок бюллетендери бар урналар ачылганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.".
в) 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Президентти шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетениндеги талапкерге тиешелүү чарчыга кимдин пайдасына тандоо жасаганы тууралуу тиешелүү белгини же болбосо "Баарына каршы" позициясына белги коёт;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-1 жана 8-2-бөлүктөр менен толукталсын:
"8-1. Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенине өзү тандаган талапкерге тийиштүү чарчыга тиешелүү белгини же болбосо "Баарына каршы" позициясына белги коёт.
8-2. Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенинин биринчи бөлүгүндөгү саясий партияга тийиштүү бир чарчыга тиешелүү белгини коёт.
Шайлоо бюллетенинин экинчи бөлүгүндө шайлоочу өзү тандаган тиешелүү талапкердин катар номерине тийиштүү бир чарчыга белги коёт.
Эгерде шайлоочу бир дагы саясий партиянын пайдасы үчүн тандоо жасабаган учурда, анда "Баарына каршы" позициясына тийиштүү чарчыга белги коёт.";
д) 11-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар тийиштүү мөөр басылган (пломбаланган), Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо үчүн жана Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоо үчүн добуш берүүчү үкөктөргө салышат.
21) 35-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "анын жыйналышында" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Добуштарды саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө процессинде талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жана участкалык шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылбаган жерден фотосүрөт, кино-, көрмө тартылууларды жүргүзө алышат.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо биринчи кезекте бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын эсептөө жүргүзүлөт, экинчи кезекте, бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар жана алардын талапкерлери үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын эсептөө жүргүзүлөт.";
г) 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "талапкерлердин тизмеси" деген сөздөр "саясий партиялардын аталыштары жана талапкерлердин катар номерлери бар чарчылар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 8-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "саясий партиялардын талапкерлеринин өкүлдөрүнүн," деген сөздөр "талапкерлердин өкүлдөрүнүн, саясий партиялардын талапкерлеринин өкүлдөрүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) 8-бөлүгүнүн экинчи абзацында "саат 21ден кечиктирбестен" деген сөздөр "саат 23төн кечиктирбестен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ж) 9-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Президентти шайлоодо участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган үкөктөрдөн алынып чыккан шайлоо бюллетендерин ар бир талапкер үчүн, "Баарына каршы" позициясына берилген добуштар боюнча иргешет, ошол эле учурда аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлүп чыгышат.";
з) берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-бөлүк менен толукталсын:
"9-1. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган үкөктөрдөн алынып чыккан шайлоо бюллетендерин ар бир талапкер үчүн, ар бир саясий партия үчүн, "Баарына каршы" позициясына берилген добуштар боюнча иргешет, ошол эле учурда аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлүп чыгышат. Шайлоо бюллетендерин иргөөдө участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыялашат жана шайлоо бюллетендерин көрүп көзөмөлдөө үчүн саноого катышып олтургандардын баарына көрсөтүшөт.";
и) 11-бөлүгүндө "Андан кийин" деген сөздөр "Президенттик шайлоодо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
к) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-1 жана 11-2-бөлүктөр менен толукталсын:
"11-1. Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоодо шайлоочулардын добуштарын эсептөө белгиленген формадагы шайлоо бюллетендери боюнча, ар бир саясий партия жана "Баарына каршы" позициясы боюнча өз алдынча жүргүзүлөт. Иргелген шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгаруу менен, аларды бир пачкадан экинчисине бирден алып коюу жолу менен, саноого катышып отурган адамдар уккандай жана шайлоочунун шайлоо бюллетениндеги белгисин көргөндөй жүзөгө ашырылат. Ар башка пачкалардагы шайлоо бюллетендерин бир убакта саноого жол берилбейт.
Шайлоо бюллетендерин эсептөөнүн жыйынтыктарында ар бир партия жана "Баарына каршы" позициясы боюнча алынган маалыматтар жарыяланат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
11-2. Андан кийин саясий партиялар боюнча иргелген шайлоо бюллетендеринен ар бир саясий партия боюнча өзүнчө, шайлоо бюллетенинин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн кезекте талапкерлердин тизмегиндеги талапкердин иреттик номери боюнча шайлоочулардын добуштарын эсептөө жүргүзүлөт.
Талапкерлердин тизмесиндеги ар бир талапкер боюнча шайлоо бюллетендерин эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча алынган маалыматтар жарыяланат жана добуш берүүнүн натыйжалары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенинде тиешелүү белгисин саясий партияга тиешелүү чарчыга коюп, ошол эле учурда белгини талапкерлердин тизмегиндеги талапкердин иреттик номери боюнча койбосо же болбосо белгини чыгып кеткен талапкердин чарчысына коюп салса, анда шайлоочунун добушу ушул саясий партиянын пайдасына кошуп эсептелинет.
Шайлоочулардын мындай добуштары өзүнчө эсептелинет жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
Шайлоочулардын саясий партиялардын тизмесиндеги талапкерлер үчүн берилген добуштарын эсептөө усулу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.";
л) берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-бөлүк менен толукталсын:
"12-1. Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоодо шайлоо бюллетендери төмөнкү учурларда жараксыз деп эсептелинет, эгерде:
1) эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенине тийиштүү белгини саясий партияга тиешелүү чарчыга койсо, ошону менен бирге, ушул конституциялык Мыйзамдын 31-беренесинин 82-бөлүгүн бузуп, шайлоо бюллетенинин төмөнкү бөлүгүндөгү талапкерлердин катар номерлери бар чарчыларга бирден ашык белги койсо;
2) шайлоочу шайлоо бюллетенинин саясий партияларга тийиштүү чарчысына тиешелүү белгини койбосо, ошол эле учурда белгини шайлоо бюллетенинин төмөнкү бөлүгүндөгү талапкерлердин катар номерлери бар чарчыга койсо;
3) ушул конституциялык Мыйзамда каралган башка учурларда.";
м) 19-бөлүгүнүн биринчи абзацы "добуш берүү күнүнөн кийинки күндөгү таңкы саат 6дан кечиктирбестен," деген сөздөр алып салынсын, "өкүлдөрүнүн коштоосунда" деген сөздөрдөн кийин "округдук," деген сөз менен толукталсын;
н) 23-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси же анын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү добуш берүү күнүнөн кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссияларынын кире беришиндеги такталарга илинет жана Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланат.";
22) 37-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "комиссиясы түздөн-түз" деген сөздөрдөн кийин "округдук" деген сөз менен толукталсын;
б) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "шайлоочулардын тизмесинде шайлоо бюллетендерин алганы жөнүндө шайлоочулар койгон колдордун" деген сөздөр "белгиленген формадагы, добуш берүү үчүн үкөктөн алынган шайлоо бюллетендеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Аймактык шайлоо комиссиясы" деген сөздөр "Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы" деген сөздөргө; "тааныйт" деген сөз "таанууга укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу.
Шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоонун натыйжасында добуш берген күндөн кийин талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык эмес деп таанылган учурда, шайлоочулардын талапкерге, саясий партияга берген добуштары шайлоо бюллетендерин анык эмес бюллетендерге кошуу менен жараксыз деп таанылат. Мындай талапкер, саясий партия кийинки шайлоого катыша албайт.
Алар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылган талапкерге, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесине берилген шайлоочулардын добуштары депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү эсептөө максаттары үчүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын катарында эсепке алынбайт.";
д) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылса;
2) эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүлөрдүн анык эмес деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса.";
23) 39-берененин 3-бөлүгүндө "бардык талапкерлерге, талапкердин бардык тизмелерине каршы берилген" деген сөздөр "Президенттик кызматка талапкерлердин ар бири, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын жана талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлер алган добуштардын, бардык талапкерлерге каршы, бардык саясий партияларга каршы" деген сөздөргө алмаштырылсын";
24) 41-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонду мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен төмөнкү каражаттардын, атап айтканда, төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарынан;";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү-он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Эгерде кайрымдуулук ушундай кайрымдуулукту жасоого укугу болбогон жаран же юридикалык жак тарабынан берилген болсо, ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык ал кайрымдуулук берүүчүгө толугу менен кайра кайтарылууга тийиш.
Эгерде кайрымдуулук ушул конституциялык Мыйзамдын ушул беренесинин 2-бөлүгүнүн 54, 62-беренелеринин талаптарын бузуу менен жаран же юридикалык жак тарабынан берилген болсо, анда ал кайрымдуулук берүүчүгө толугу менен кайра кайтарылууга тийиш же ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген кайрымдуулуктун максималдуу өлчөмүнөн ашкан бөлүгү кайра кайтарылууга тийиш, мында кайра кайтаруунун себептери көрсөтүлөт.
Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайра кайтаруу менен байланышкан чыгымдар аларды берген жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.";
в) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун бир гана атайын эсебин ачууга укуктуу.";
г) 13-бөлүгү "(алынып салынган)" деген сөздөрдөн кийин "талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тарткан" деген сөздөр менен толукталсын;";
д) 14-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр боюнча, ошондой эле атайын эсепте турган, чыгымдалбаган акча каражаттарын кайра кайтаруу боюнча бардык финансылык операциялар добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен токтотулат.
Шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен байланышкан иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу (берүү) үчүн талапкердин, саясий партиянын жана жеке, юридикалык жактардын ортосундагы эсептешүүлөр накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.";
е) берене төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1. Талапкер, саясий партия Кыргыз Республикасынын жарандары менен үгүт боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу жөнүндө келишимдерди төмөнкүдөй чектерде түзүүгө укуктуу:
- саясий партия, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер 10000 үгүттөөчүдөн ашпайт;
- бир мандаттуу округдан талапкер 500 үгүттөөчүдөн ашпайт.
ж) 15-бөлүктө "жана кайра добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнү саат 18де токтотулат" деген сөздөр алып салынсын;
з) 16-бөлүктө:
- биринчи абзацындагы "Президенттикке талапкерлерге," деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга, ошондой эле бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушун алгандарга, алар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзгөн бардык булактар, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет бергенден кийин;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) эгерде ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн отчет Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин шайлоо өткөн жок же жараксыз деп таанылса.";
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Күрөөнүн калган суммасы бюджетке кошулууга тийиш.";
и) төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-бөлүк менен толукталсын:
"16-1. Мыйзамдарды бузуунун натыйжасында добуш берген күнүнө чейин талапкерди, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгарган учурда, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 41-бөлүгүндө каралган учурда талапкер, саясий партия тарабынан коюлган шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт жана бюджетке чегерилет.";
к) төмөнкүдөй мазмундагы 19-21-бөлүктөр менен толукталсын:
"19. Шайлоо фондунун атайын эсеби талапкер, саясий партия жыйынтык финансылык отчетту бергенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын көрсөтмөсү боюнча банк же башка мекеме тарабынан жабылат.
20. Талапкерлер, саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүшүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жүргүзүүгө жана тиешелүү финансылык отчетторду Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү. Финансылык отчеттордун тартиби, мөөнөттөрү жана формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
21. Шайлоо фонддорунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат, шайлоо өнөктүгүн финансылоо жөнүндө талапкерлердин, саясий партиянын финансылык отчеттору, шайлоо күрөөлөрүнүн келип түшкөн жана кайра кайтарылган каражаттарынын суммасы жана мамлекеттик бюджетке которулган сумма жөнүндө маалымат жеке маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.".
25) 42-берененин 2-бөлүгүндө "кем эмес" деген сөздөр "аз эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
26) 44-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө "коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар" деген сөздөр "алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, коомдук байкоочулар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 4 жана 5-бөлүктөрдө "аймактык шайлоо" деген сөздөр "округдук, аймактык шайлоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
27) 45-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "алардын өкүлдөрү" деген сөздөр "алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүк "аймактык шайлоо" деген сөздөрдөн мурда "округдук," деген сөз менен толукталсын;
б) 7 жана 9-бөлүктөрдө "көзөмөлгө алуу", "Көзөмөлгө алуу" деген сөздөр тиешелүү түрдө "кассациялык", "Кассациялык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
28) 46-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө:
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) талапкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же ага катышуу, же ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген бузууларга катышуу фактылары далилденгенде;";
б) 3-бөлүгүндө:
- 4-пункт "жетекчилиги" деген сөздөн кийин ", талапкерлер" деген сөз менен толукталсын;
- 5-пункт "кызматкерлеринин" деген сөздөн кийин ", талапкерлердин" деген сөз менен толукталсын;
- 6-пункт "кызматкерлеринин" деген сөздөн кийин ", талапкерлердин" деген сөз менен толукталсын;
29) 49-берененин 1-бөлүгүндө "өзүнүн жеке каражатынан же болбосо" жана "атайын" деген сөздөр алып салынсын;
30) 50-беренеде:
а) 1-бөлүгүндөгү "6" деген цифра "5" деген цифрага алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "эки жолу" деген сөздөр "эки мөөнөттөн ашык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүндөгү "жана 70 жаштан жогору эмес" деген сөздөр алып салынсын;
31) 51-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
32) 54-беренеде:
- 1-бөлүктө "5 календардык күндүн" деген сөздөр "5 календардык күндүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Талапкердин шайлоо фондунан келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 2000000 жолудан көп эсептик көрсөткүчтөн ашпоосу керек.";
33) 59-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жогорку Кеңештин депутаттары 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Жогорку Кеңештин 54 депутаты бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык тутум боюнча шайланат.
Жогорку Кеңештин 36 депутаты бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мажоритардык тутум боюнча шайланат.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:
- пропорционалдык тутум боюнча - саясий партияларга;
- мажоритардык тутум боюнча - саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.
2. Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.";
б) 3-бөлүгүндө:
- экинчи сүйлөмүндөгү "биринчи" деген сөз алып салынсын;
в) 4-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Тийиштүү шайлоо округдарында чыгып кеткендердин ордуна бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо бош депутаттык мандат пайда болгондон кийин эки айдын ичинде ушул конституциялык Мыйзам менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлөт. Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңешке шайланган мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл же болбосо бир жылдан аз калганда чыгып кеткен учурда, чыгып кеткендердин ордуна депутаттарды шайлоо өткөрүлбөйт.";
34) 60-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "60-берене. Пропорционалдык тутум боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби";
б) 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө" деген сөздөр алып салынсын;
в) 3-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Пропорционалдык тутум боюнча шайлоо боюнча саясий партия 54 талапкерден ашпаган санда талапкерлердин тизмесин саясий партиядан көрсөтөт.";
- төртүнчү жана бешинчи абзацтардагы "5" жана "65" деген цифралар тиешелүү түрдө "3" жана "25" деген цифраларга алмаштырылсын;
- алтынчы абзацтагы "50" деген цифра "25" деген цифрага алмаштырылсын;
г) 5-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин, анда талапкерлердин курамы жана аларды жайгаштыруунун тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Талапкерлердин тизмесиндеги талапкер чыгып кеткен учурда, чыгып кеткен талапкердин катар номуру тизмедеги башка талапкерлердин ордун толтурууга берилбейт.";
35) төмөнкүдөй мазмундагы 60-1-берене менен толукталсын:
"60-1-берене. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү тартиби
1. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда аяктайт.
2. Саясий партиялардан бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде жүзөгө ашырылат. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катышууга укуктуу. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
3. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын Борбордук шайлоо комиссиясына берүү жолу менен жүргүзүлөт. Мында талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселен-ген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөт.
4. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.";
36) 61-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "61. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо";
б) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр "Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункт "паспортунун көчүрмөсүн," деген сөздөрдөн кийин "жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн," деген сөздөр менен толукталсын,";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин же болбосо өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерди көрсөтүү жөнүндө арызды жана ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган документтерди берет.";
г) 2-бөлүктө:
- "Талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр "Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "атайын фондуна" деген сөздөр "эсебине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт.";
д) 3-бөлүктө:
- биринчи сүйлөмдө "талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр "талапкерди, талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү сүйлөмдө "24 сааттын ичинде" деген сөздөр "48 сааттын ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "саясий партияга" деген сөздөр "талапкерге, саясий партияга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү сүйлөмдө "Саясий партия" деген сөздөр "Талапкер, саясий партия" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
е) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Бир эле адамды бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесинде, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча же болбосо бир эле убакта талапкерлердин тизмеси жана бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык каттоого жол берилбейт.";
ж) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Ушул конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүндө каралган факты бар болгондо талапкерди, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоого жол берилбейт.";
з) 5-бөлүктө "талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр "талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
и) 6-бөлүктөгү "талапкерлердин тизмеси" жана "талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр тиешелүү түрдө "талапкерлер, талапкерлердин тизмеси" жана "талапкерлерди, тизмесин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
к) 7-бөлүктө:
- биринчи абзац "укуктуу өкүлүнө" деген сөздөрдөн кийин ", талапкерге" деген сөз менен толукталсын;
- 1-пунктта "талапкерлердин тизмесин" деген сөздөр "талапкерди, талапкерлердин тизмесин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) талапкердин башка саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде катталуу фактысынын болушу, талапкердин бирден ашык шайлоо округунда катталган фактысынын болушу;";
- 5-пункт "саясий партиянын" деген сөздөрдөн кийин ", талапкердин" деген сөз менен толукталсын;
- 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
л) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин, талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим сотко чечим алынган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.";
м) 10-бөлүктө:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына жеке өзү жазуу жүзүндө арыз берүү же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арызды ыйгарым укуктуу адам аркылуу берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө же тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.";
- экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
н) 11-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээле-ген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин тизмесин, талапкерлерди каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.";
37) 62-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 3000000 эседен ашуусу мүмкүн эмес.".
38) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 62-1-берене менен толукталсын:
"62-1-берене. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо фонду
1. Депутаттыкка талапкер шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өздүк шайлоо фондун түзөт.
2. Шайлоо фонду Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эсепке алынуучу төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) талапкердин эсептик көрсөткүчтөн 1500 эседен ашпаган өздүк каражаттарынан;
2) аны көрсөткөн саясий партия тарабынан талапкерге бөлүнгөн эсептик көрсөткүчтөн 10000 эседен ашпаган каражаттарынан;
3) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашпаган жеке адамдардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн;
4) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпаган юридикалык жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн.
Талапкердин шайлоо фондунан келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 100000 эседен ашпашы керек.
Шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.";
39) 64-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "ар бир талапкерлердин тизмеси үчүн" деген сөздөр "ар бир талапкер, ар бир саясий партия жана талапкерлердин тизмесиндеги ар бир талапкер үчүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө:
- 1-пунктунда "3" деген цифра "5" деген цифрага алмаштырылсын;
- 2-пунктунда "0,7" деген цифралар "0,5" деген цифраларга алмаштырылсын;
- экинчи абзацында "3" деген цифра "5" деген цифрага; "0,7" деген цифралар "0,5" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары ушул конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүндө каралган тартипте жараксыз деп таанылган учурда, шайлоолордун натыйжаларын аныктоо ал боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын эсепке алуусуз жүзөгө ашырылат.";
г) 3-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "шайлоо округу боюнча берилген" деген сөздөр "бирдиктүү шайлоо округу боюнча берилген" деген сөздөргө, "3", "0,7" жана "120" деген цифралар "5", "0,5" жана "54" деген цифраларга алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацында "мурунураак катталган" деген сөздөр "каттоого мурдараак берилген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Саясий партия алган мандаттарды бөлүштүрүүдө алгач, саясий партия алган мандаттардын жалпы санынын 30 пайыздан кем эмеси шайлоочулардын кыйла көп добушун алган аял талапкерлердин арасында бөлүштүрүлүүгө тийиш. Эгерде саясий партиянын тизмесиндеги аял талапкерлер шайлоочулардын добуштарын албаса аялдардын квотасы боюнча калган мандаттар Борбордук шайлоо комиссиясында тизмени каттоодо белгиленген саясий партиянын тизмесиндеги аял талапкерлерди жайгаштыруу тартибине ылайык кезекте бөлүштүрүлөт.
Андан кийин мандаттардын жалпы санынын 70 пайызы башка талапкерлерге карата шайлоочулардын добуштарынын кыйла көп добушу берилген катар номерлери үчүн талапкерлердин арасында бөлүштүрүлөт. Мында саясий партиянын талапкерлеринин тизмелериндеги талапкерлердин позициялары ар бир талапкердин шайлоочулардан алган добуштарынын санына жараша төмөндөөчү ырааттуулукта жылдырылат.
Саясий партиялардын биринин талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда шайлоочулардан алган добуштары тең чыккан учурда, талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин позицияларынын ырааттуулугу Борбордук шайлоо комиссиясында тизмени каттоодо белгиленген бул тизмедеги талапкерлерди жайгаштыруу тартибине ылайык аныкталат.
Эгерде шайлоочулардын алган добуштарынын саны боюнча талапкерлердин ортосунда мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин бош мандаттар калса, аларды бөлүштүрүү, Борбордук шайлоо комиссиясында тизмени каттоодо белгиленген бул тизмедеги талапкерлерди жайгаштыруу тартибине ылайык, саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин арасында жүргүзүлөт. Мында саясий партиянын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин кезеги талапкерлердин шайлоочулардан алган добуштарынын санына жараша аныкталат, ал эми калган талапкерлердин мындан аркы кезеги Борбордук шайлоо комиссиясында тизмени каттоодо белгиленген тизмедеги талапкерлерди жайгаштыруу тартибине ылайык аныкталат.
е) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Шайлоолордун натыйжалары боюнча саясий партияга Жогорку Кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы санынын 50 пайыздан көп эмеси пропорционалдык система боюнча берилиши мүмкүн.";
ж) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-бөлүк менен толукталсын:
"5-1. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер таанылат.
Талапкерлердин алган добуштары тең чыккан учурда, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган талапкер болуп каттоо үчүн документтердин топтомун датасы жана убактысы боюнча мурдараак берген талапкер эсептелет.";
40) 65-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- экинчи абзацында "ошол эле тизмедеги" деген сөздөр ", ушул конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 4-бөлүгүндө аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Мындай учурда чыгып калган талапкердин ордун ушул конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен тизме боюнча талапкер ээлейт.";
б) 3-бөлүгүндө "ушул берененин 4-1-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ошол эле тизмедеги" деген сөздөр "ушул конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 4-бөлүгүндө аныкталган, ушул берененин 4-1-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгүндө:
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) жарандыктан чыгуу, башка жарандыгы бар экендиги тууралуу фактынын аныкталышы же башка жарандыкты алышы;";
- 9-пунктунда "30 жана андан ашык" деген сөздөр "10 жана андан ашык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) депутаттык мандатты чакыртып алуу.";
г) 4-1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-1. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайланган депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты кезек боюнча кийинки талапкерге берилет:";
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча тийиштүү шайлоо округдарына кеткендердин ордуна Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бош депутаттык мандат пайда болгондон кийин эки айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө өткөрүлөт. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңешке шайланган мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл же болбосо бир жылдан аз калганда чыгып кеткен учурда, чыгып кеткендердин ордуна депутаттарды шайлоо өткөрүлбөйт.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 27-августундагы N 91 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
|
|
|