Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 2-сентябры № 105
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптери жаатындагы мамилелердин өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Ушул Кодекс банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптери жаатындагы мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 724-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-6-пункттар менен толукталсын:
"3. Акчалай формадагы заемдорду берүү боюнча иш төмөнкү шарттардын бирине шайкеш келгенде кесиптик болуп таанылат:
- адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө заемдорду берүү боюнча сунуштардын жарнамасы (ачык оферта);
- бир ай (отуз күн) ичинде үзгүлтүксүз негизде (эки же андан көп жолу) заемдорду берүү;
- заемдорду берүү юридикалык жактын/жеке ишкердин, жеке жактын ишинин негизги же жалгыз түрү болуп саналат.
4. Заемдорду берүү боюнча төмөнкүлөр кесиптик болуп саналбайт:
- иш берүүчүнүн кызматкерге заемдорду берүүсү;
- төлөмдүүлүк, мөөнөттүүлүк жана кайра кайтарымдуулук шарттарында акча каражаттарын берүү боюнча кесиптик ишти жүзөгө ашыруучу коммерциялык уюмдун уюштуруучулары (катышуучулары) же аффилирленген жактары болуп саналган жеке адамдарга заемдорду берүү;
- баалуу кагаздардын соода-сатык бүтүмдөрүн жүзөгө ашыруу үчүн кардарга брокер тарабынан заемдорду берүү;
- мыйзамда каралган башка учурлар.
5. Ушул статьянын 3-пунктунда каралган шарттарга туура келген адамдардын иши ушул главанын 2-параграфынын жоболору жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен кредиттерди берүү түрүндө жөнгө салынат.
6. Акча каражаттарын кард келишими боюнча заемго берүү боюнча ишке ушул статьянын ченемдери колдонулат.";
2) 341-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "341-глава. Финансылоонун ислам принциптерине ылайык бүтүмдөр жана келишимдер";
3) 7381-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мудараба келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.";
4) 7389-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мурабаха келишими боюнча тиешелүү лицензиясы бар банк кардардын табыштамасы боюнча өзү сатып алган же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды бөлүп төлөп берүү шартында кардарга сатууга милдеттенет.";
б) 4-пункт "милдеттүү" деген сөздөн кийин "жана кошумча" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 73811-статьянын 2-пунктунун 1-пунктчасында "(алтын, күмүш ж.б.)" деген сөздөр "(алтын жана күмүш)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 73814-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кардарга мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы товарды сатып алуу баасынын, банктын үстөк баасынын, үчүнчү тарапка төлөмдөрдүн (транспорттук чыгымдар, камсыздандыруу, милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр жана үчүнчү жактардын пайдасына башка милдеттүү төлөмдөр) суммаларынан турат.";
б) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 3-параграфтын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "§ 3. Шарика/мушарака келишими";
8) 73816-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "73816-статья. Шарика/мушарака келишиминин жалпы жоболору";
б) статьянын бүткүл тексти боюнча "шарика" деген сөз "шарика/мушарака" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында шарика/мушарака келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.";
9) 73817-статьянын аталышында жана текстинде "шарика" деген сөз "шарика/мушарака" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 73818-статьянын бүткүл тексти боюнча "шарика" деген сөз "шарика/мушарака" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 73819-статьясынын бүткүл тексти боюнча "шарика" деген сөз "шарика/мушарака" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 73820-статьянын бүткүл тексти боюнча "шарика" деген сөз "шарика/мушарака" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 73821-статьянын аталышында жана текстинде "шарика" деген сөз "шарика/мушарака" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 73822-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"73822-статья. Шарика/мушарака келишиминин колдонуу мөөнөтү. Түзүлгөн юридикалык жактын ишин токтотуу
1. Тараптар шарика/мушарака келишимин белгилүү бир мөөнөткө, ошондой эле мөөнөтүн көрсөтпөстөн түзө алат же болбосо жокко чыгаруучу шартты (шарика/мушарака келишимин токтотуу үчүн негиз болуп саналган шартты) шарика/мушарака келишимин токтотуу үчүн негиз катары белгилей алат.
Шарика/мушарака келишими ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өнөктөштөр тарабынан түзүлгөн юридикалык жак жоюлган учурда токтотулат.
2. Ар бир өнөктөш шарика/мушарака келишиминин шарттарында өнөктөштүктөн чыгууга укуктуу.
3. Эгерде шарика/мушарака келишими белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн болсо, шарика/мушарака келишиминин өнөктөштөрү тараптардын макулдашуусу боюнча өнөктөштүктү мөөнөтүнөн мурда токтотууга укуктуу. Бардык ушундай учурларда шарика/мушарака келишими токтотулганга чейин өнөктөштөр ишке ашыра турган милдеттенмелер жана иш-аракеттер өзгөрүүсүз бойдон калат жана алардын колдонулушу улантылат.
4. Шарика/мушарака келкшиминин негизинде түзүлгөн юридикалык жак өз ишин шарика/мушарака келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө же тараптардын макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотот.
5. Өнөктөштөр түзгөн юридикалык жак жоюлган учурда тараптар юридикалык жакты иш жүзүндө жоюунун жүрүшүндө сакталып калган активдердин негизинде жаңы шарика/мушарака келишимин түзүүгө укуктуу.
6. Эгерде жоюу шарика/мушарака келишиминин мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу болсо, анда колдо болгон бардык активдер рыноктук баада сатылат, ал эми сатуудан түшкөн кирешелер төмөнкүдөй максаттарга жумшалат:
1) жоюуга кеткен чыгымдарды жабууга;
2) финансылык милдеттенмелер боюнча төлөөгө;
3) калган активдерди өнөктөштөрдүн ортосунда алардын жалпы капиталдагы үлүшүнө ылайык бөлүштүрүүгө. Эгерде активдер жетишсиз болсо жана тараптар өздөрү салган капиталын толук кайтарып ала албаса, активдер алардын жалпы капиталдагы үлүшүнө жараша пропорциялуу бөлүштүрүлөт.";
15) 4-параграф төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"§ 4. Кемүүчү мушарака келишими
73823-статья. Кемүүчү мушарака келишими боюнча жалпы жоболор
1. Кемүүчү мушарака келишими - бул шарика/мушарака келишиминин негизиндеги өнөктөштүктүн формасы, анда өнөктөштөрдүн бири экинчи өнөктөштүн үлүшүн ушул үлүшкө менчик укугу толугу менен ага өтмөйүнчө акырындап сатып алууну убада кылат.
2. Кемүүчү мушарака келишими, ошондой эле үлүштүн өзүн сатып алуу жөнүндө келишим шарика/мушарака келишиминде мындай келишимдерди түзүү каралгандыгына же жоктугуна карабастан түзүлүшү мүмкүн. Көрсөтүлгөн келишимдердин бири башка келишимди түзүү шартында түзүлүшүнө жол берилбейт.
3. Кемүүчү мушарака келишимине кайсы болбосун тарапка өнөктөштүктүн капиталынан өз үлүшүн артка кайтарып алуу укугун бере турган кандайдыр бир жобону киргизүүгө тыюу салынат.
4. Ушул главанын 3-параграфында каралган эрежелер кемүүчү мушарака келишими боюнча мамилелерге карата колдонулат.
5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кемүүчү мушарака келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.";
16) 73824-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"73824-статья. Иджара келишими боюнча жалпы жоболор
1. Иджара келишими - бул ижарага берүүчүнүн кардардын табыштамасы боюнча мүлктү, же болбосо ижарачы кайрылган учурда ижарага берүүчүнүн менчигинде турган мүлктү өз менчигине сатып алуусун же болбосо ижарачыга макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы төлөө негизинде жалдоого ижарага сунушталуучу, ижарачынын табыштамасы боюнча ижарага берүүчү мүлктү пайдалануу укугуна ээ кылуусун караган келишим.
Ошондой эле иджара келишиминде кызмат көрсөтүүлөрдү финансылоо каралышы мүмкүн, ага ылайык мындай укукту ижарачыга макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы үчүн андан ары ижарага сунуштоо менен ижара берүүчү ижарачынын табыштамасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугуна ээлик кылат.
2. Иджара мунтахийя биттамлик келишими - бул иджара келишиминин шарттарын камтыган келишим, ага ылайык кардар ижарага алынган мүлктү келишимдин шарттарына ылайык сатып алууга милдеттенет.
3. Эгерде тиешелүү лицензиясы бар банк иджара же иджара мунтахийя биттамлик келишиминин тарабы болсо, анда ал үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.
4. Ушул параграфтын жоболору иджара мунтахийя биттамлик келишимине карата да колдонулат.
5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында иджара келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.";
17) 73825-статьяда:
а) 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Иджара келишиминин предмети катары кыймылдуу (акчаны, баалуу кагаздарды жана керектелүүчү мүлктү кошпогондо) жана кыймылсыз мүлк же болбосо андан алынуучу пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Шариаттын стандарттарына каршы келбеген учурда колдонулуучу кызмат көрсөтүүлөр болушу мүмкүн.";
18) 73826-статьяда:
а) 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ижарачы - иджара келишимине ылайык келишимдин предметин белгилүү бир мөөнөткө белгилүү бир төлөмдү төлөө шартында жана белгилүү бир шарттарда убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга алган жеке же юридикалык жак.
Өзүнүн жана (же) карызга алынган каражаттардын эсебинен мүлктү менчигине же кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун сатып алган жана аны келишимдин предметине карата менчик укугун ижарачыга өткөрүү менен же өткөрбөстөн иджара келишиминин предмети катары ижарачыга белгилүү бир мөөнөткө белгилүү бир төлөмдү төлөө шартында жана белгилүү бир шарттарда убактылуу ээлик кылууга/пайдаланууга берген жеке же юридикалык жак (анын ичинде тиешелүү лицензиясы бар банк) ижарага берүүчү болушу мүмкүн.";
19) 73827-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ижарачы тараптардын макулдашуусу боюнча мүлктү ижарага алуу убадасын - милдеттенмелеринин аткаруусунун кепилдиги катары белгилүү өлчөмдөгү сумманы салат. Салынган сумма ижарачы убадасын бузган учурда, келтирилген зыяндын ордун жабууга, ошондой эле ижарачынын макулдугу боюнча сатылып алына турган мүлктү соода-сатык келишими боюнча сатып алуу үчүн же ижара төлөмдөрү үчүн алдын ала төлөм катары пайдаланылат. Ижарачы менен макулдашуу боюнча ижарачы менен ижарага берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн мудараба келишиминин негизинде ижара берүүчү көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасын инвестиция үчүн пайдаланышы мүмкүн.
Ижарага берүүчү менен ижарачынын ортосунда алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдашуулар, анын ичинде иджара мунтахийя биттамлик келишиминин бардык же айрым олуттуу шарттарын камтыган ижарачынын табыштамасы, ошондой эле көрсөтүлгөн мүлктү сатып алууга ижарага берүүчүнүн убадасы - ижарачынын жана ижарага берүүчүнүн ортосунда лизингдик укуктук мамилелеринин жыйындысын түзөт жана иджара мунтахийя биттамлик келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.";
20) 73828-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде иджара келишиминде башкасы каралбаса, сатуучу ижарачы катары тандалган учурда, сатуучунун мүлктү берүү жана ага байланыштуу чыгымдары боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калуу тобокелдигин ижарачы тартат.";
21) 73829-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"73829-статья. Иджара келишиминин предметин камсыздандыруу
1. Иджара келишиминин предмети камсыздандырылышы мүмкүн.
2. Ижарачы ижарага берүүчүгө ордун толтурууга тийиш болгон мүлктү камсыздандырууда камсыздандыруу боюнча чыгымдарды ижарага берүүчү көтөрөт.";
22) 73830-статьяда:
а) 2-пунктта "өткөрүп берүүгө" деген сөздөр "өткөрүп берүүгө/берүүгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
23 ) 73832-статьяда:
а) 73832-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "73832-статья. Иджара келишимин токтотуу, бузуу жана анын кесепеттери";
б) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Иджара келишими төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) өз ара макулдашуу боюнча;
2) иджара келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
3) мүлк ижарачыга сатылганда;
4) тараптарга байланыштуу болбогон башка себептерден улам.";
в) 3-пунктта "бузулууга учурагандыгына" деген сөздөр "кокустан жараксыз болуп калгандыгына же бузулуп калгандыгына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминде менчик укугун өткөрүп берүү убадасы, ижарачы келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарган шартта, ижарага берүүчү тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.";
д) статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Иджара келишими төмөнкүдөй учурларда бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн:
1) иджара келишиминин шарттары бузулган учурда;
2) ижара төлөмдөрүнүн мөөнөттөрү бузулган же токтотулган учурда;
3) келишимде көрсөтүлгөн башка себептер боюнча.";
24) 6-параграфтын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "§ 6. Кард келишими";
25) 73833-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"73833-статья. Жалпы жоболор
1. Кард келишими боюнча бир тарап (карыз берүүчү) экинчи тарапка (карыз алуучуга) акча каражаттарын кайтарымдуулук шарттарында жана бул үчүн төлөм алуусуз карызга берет. Мында, эгерде каражаттарды кайтаруу мөөнөтү белгиленбесе, акча каражаттарды кабыл алган тарап экинчи тараптын биринчи эле талабы боюнча каражаттарын кайтарып берүүгө кепилдик берет.
2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кард келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.";
26) 73834-статьянын аталышында жана бүткүл тексти боюнча "кард хасан" деген сөздөр "кард" деген сөзгө алмаштырылсын;
27) 73835-статьяда:
а) 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Истиснаа келишими - бул анын шарттарына ылайык бир тарап (подрядчы) экинчи тараптын (тапшырыкчы) тапшырмасы боюнча белгилүү бир ишти аткарууга жана анын натыйжасын тапшырыкчыга белгиленген мөөнөттө тапшырууга милдеттенген, ал эми тапшырыкчы аткарылган ишти кабыл алып, алдын ала макулдашылган наркты төлөө милдеттенмесин өзүнө алган келишим.
2. Истиснаа келишиминин предмети болуп объектти даярдоо боюнча, объектти иштеп чыгуу (объекттин сапатын жакшыртуу же касиетин өзгөртүү) боюнча же кайра иштетүү (колдо болгондорду жок кылуудан улам жаңы объектти түзүү) боюнча баштапкы материалдарды (чийки заттарды) милдеттүү түрдө пайдалануу менен подрядчынын ишинин натыйжасы, же болбосо башка ишти аткаруу жана анын натыйжаларын белгилүү бир өзгөчөлүктөргө ылайык өткөрүү саналат.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында истиснаа келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.";
28) 73841-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кепилдик жөнүндө келишимдерге карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.";
29) 73848-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кепилдик катты берүү үчүн комиссиялык жыйымдар алынбайт. Мындай чыгымдар адатта ушул сыяктуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу жыйымдардан ашпаса, банк арыз ээсинен кепилдик катты берүүгө байланыштуу административдик чыгымдарды төлөп берүүнү өтүнүүгө укуктуу.";
б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
30) 73849-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Салам келишими боюнча бир тарап (сатуучу) келечекте белгиленген мөөнөттө экинчи тарапка (сатып алуучуга) товарды өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу салам келишимин түзүү учурунда ошол товар үчүн төлөөгө милдеттенет.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында салам келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.";
31) 73850-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Баалуу металлдарды (алтын жана күмүш) кошпогондо, таразага тартууга, ченөөгө же эсептөөгө боло турган товарлар жана башка мүлк салам келишиминин предмети боло алат.";
б) 4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Салам келишимин түзүп жатканда товарлар рынокто болууга тийиш.
5. Берүүчү болуп саналган кардардын карызын салам келишими боюнча капитал катары колдонууга жол берилбейт.";
32) 73854-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) келишимди бузууга жана төлөнгөн каражаттарды өндүрүп алууга.";
33) 10-параграфтын аталышында "амана" деген сөз "аманат" деген сөзгө алмаштырылсын;
34) 73856-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында ишенилген (вади'айад аманат) жана кепилденген (вади'айад дамана) сактоо келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 7-сентябрындагы № 94 (3273) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 22-июлунда
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |