КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 7-сентябры № 108
2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте венгер тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы N 95 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 28-июлунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |