КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 7-сентябры № 109
Бишкек шаарында 2021-жылдын 9-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2019-жылдын 8-августундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (САSА-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-катын ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2021-жылдын 9-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2019-жылдын 8-августундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (САSА-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-кат ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 95 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 28-июлунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |