Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 8-сентябры № 112
2021-жылдын 15-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолунун Корумду-Балбай участогун реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2021-жылдын 15-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолунун Корумду-Балбай участогун реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондуна жогоруда көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы N 95 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 23-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |