Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 13-сентябры № 118
КР 2022-жылдын 18-январындагы №4 Мыйзамынын редакциясына ылайык
Кыргыз Республикасынын Баткен областына өзгөчө статус берилгенине байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 153-беренеде:
а) 51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"51) "Преференциялык калктуу конуштар" - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу калктуу конуштар жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ администрациялык-аймактык бирдиктер.";
б) берене төмөнкүдөй редакциядагы 511-пункт менен толукталсын:
"511) "Преференциялык чек арага чектеш калктуу конуштар" - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жана өзгөчө жеңилдетилген салык режимине ээ болгон чек арага чектеш конуштар.";
2) 1591-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1591-берене. Жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жайлык иштердин преференциялык түрлөрү
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети преференциялык калктуу конуштардын аймагында жүзөгө ашырылуучу жана жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жайлык иштердин преференциялык түрлөрүнүн тизмегин 5 жылда бир жолудан кем эмес бекитет.
Жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жайлык иштердин преференциялык түрлөрүнүн тизмегин кайра бекитүү калктуу конушту өнүктүрүүгө берилген жеңилдиктердин натыйжалуулугун талдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
Мында тизмекке төмөнкүлөр киргизилет:
1) инновациялык технологияларга негизделген өнөр жайлык өндүрүштүн бардык түрлөрү;
2) жеңил жана тамак-аш өнөр жайлары;
3) электр энергетикасы;
4) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;
5) чогултуу өндүрүшү;
6) экспортко багытталган кандай болбосун өндүрүш.
2. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, конкреттүү преференциялык калктуу конуштун аймагынын чектеринде өнөр жайлык иштердин преференциялык түрлөрүн жүзөгө ашыруучу ишканага салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтому менен бекитилген инвестициялык макулдашуунун негизинде кабыл алынат. Инвестициялык макулдашуулар инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат.
Преференциялык калктуу конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 5 жылга болгон инвестициялык макулдашууну инвестициялардын көлөмүн, продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн пайданын көлөмүн жана төлөнгөн киреше салыгынын жалпы суммасын эске алуучу ченемди белгилөө менен түзөт.
Инвестициялык макулдашууда белгиленген ченемдер аткарылган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун колдонууну кийинки 5 жылга узартууга укуктуу.
3. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, салыктар боюнча берилген жеңилдиктер 2019-жылдын 1-январынан кийин мамлекеттик каттоодон өткөн жаңы ишканаларга колдонулат жана калктуу конуштун чегинен тышкары жайгашкан, жеңилдиктер берилген алардын обочолонгон бөлүмдөрүнө колдонулбайт.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ администрациялык-аймактык бирдиктин аймагынын чегиндеги салык боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон администрациялык-аймактык бирдиктин салык органдарында салыктык каттоосу бар жана ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ишти ушул администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жүргүзгөн салык төлөөчүлөргө, жеңилдиктер берилген администрациялык-аймактык бирдиктин аймагынын чегинен тышкары жайгашкан алардын обочолонгон бөлүмдөрүн кошпогондо, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн инвестициялык макулдашууну түзүү талабысыз берилет.";
3) 173-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"173-берене. Киреше салыгынын ставкалары
1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, киреше салыгынын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
2. Чек арага чектеш преференциялык калктуу конуштарда катталган жана иш жүргүзгөн салык төлөөчү жалданма жумушчулар жана ушул Кодекстин 159-1-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр үчүн киреше салыгынын ставкасы 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.";
4) 212-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 16-пункт менен толукталсын:
"16) чек арага чектеш преференциялык калктуу конуштарда катталган жана иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдүн.";
5) 213-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 315-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) иши ушул Кодекстин 1591-беренесинде белгиленген жеңилдетилген салык салына турган өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрү менен байланышкан өнөр жай ишканалары (тоо-кен-кайра иштетүүчү, тоо-кен казуучу, ошондой эле акциздик товарларды өндүрүүчү ишканаларды кошпогондо);";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) чек арага чектеш преференциялык калктуу конуштарда катталган жана иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр.";
7) 330-берененин 4-бөлүгүндө:
а) 3-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанысын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) чек арага чектеш преференциялык калктуу конуштарда катталган жана иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр 2 жана 3-топтогу мүлккө салык төлөөдөн толугу менен бошотууга.";
8) 344-беренеде:
а) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Жергиликтүү кеңештер чек арага чектеш преференциялык калктуу конуштарда катталган жана иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдү жер салыгын төлөөдөн бошотууга укуктуу.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 59-берененин 1-бөлүгү "башкаруу органдары" деген сөздөрдөн кийин ", мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 63-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мыйзамдардагы карама-каршылыктардан улам келип чыккан талаштарды кароодо мамлекеттик органдардын укукка жат аракеттеринин/аракетсиздигинин натыйжасында зыян келтирилген учурда, инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктердин алкагында мамлекеттин айрым финансылык милдеттенмелери каралышы мүмкүн болгон мамлекеттик өнүктүрүү программаларына (долбоорлоруна) ылайык экономика тармактарындагы жана социалдык чөйрөдөгү өзгөчө инвестициялык режими бар аймактарда инвестицияларды жүзөгө ашырган инвесторлорго кепилдиктерди кошпогондо, Кыргыз Республикасы мамлекеттик кепилдиктерди бербейт.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10. Өзгөчө инвестициялык режим - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган, Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө багытталган атайын режим.";
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 41-берене менен толукталсын:
"41-берене. Өзгөчө инвестициялык режими бар аймактарда инвестицияларды коргоо боюнча финансылык милдеттенмелер
1. Кыргыз Республикасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аркылуу өзгөчө инвестициялык режими бар аймактарда инвестицияларды коргоо боюнча финансылык милдеттенмелерди алат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзгөчө инвестициялык режими бар аймактар үчүн экономиканын жана социалдык чөйрөнүн артыкчылыктуу тармактары үчүн финансылык милдеттенмелердин тизмегин бекитет.
2. Мыйзамдардагы карама-каршылыктардан улам келип чыккан талаштарды кароо учурунда мамлекеттик органдардын укукка жат аракеттеринин/аракетсиздигинин натыйжасында зыян келтирилген учурда, экономиканын жана социалдык чөйрөнүн артыкчылыктуу тармактарындагы өзгөчө инвестициялык режими бар аймактарда өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларына (долбоорлоруна) ылайык инвестицияларды жүзөгө ашырып жаткан инвесторлорго инвестициялык макулдашууларда бекемделген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктердин алкагында мамлекеттин айрым финансылык милдеттенмелери каралышы мүмкүн.".
4-берене.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 676-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Өзгөчө жеңилдетилген режими бар аймактарда калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмекке ылайык акысыз же жеңилдетилген шарттарда берилет.".
5-берене.
Баткен областынын чек арага чектеш айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан бекитилген, 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен областындагы Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткандардын тизмесине киргизилген субъекттердин 2021-жылдын 1-июнуна карата салыктык карыздары эсептен чыгарылсын.
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 1-беренесин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 99 (3278) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 29-июлунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 13-сентябры № 118
(КР 2022-жылдын 18-январындагы №4, 2025-жылдын 12-августундагы № 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Баткен областына өзгөчө статус берилгенине байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 59-берененин 1-бөлүгү "башкаруу органдары" деген сөздөрдөн кийин ", мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 63-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мыйзамдардагы карама-каршылыктардан улам келип чыккан талаштарды кароодо мамлекеттик органдардын укукка жат аракеттеринин/аракетсиздигинин натыйжасында зыян келтирилген учурда, инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктердин алкагында мамлекеттин айрым финансылык милдеттенмелери каралышы мүмкүн болгон мамлекеттик өнүктүрүү программаларына (долбоорлоруна) ылайык экономика тармактарындагы жана социалдык чөйрөдөгү өзгөчө инвестициялык режими бар аймактарда инвестицияларды жүзөгө ашырган инвесторлорго кепилдиктерди кошпогондо, Кыргыз Республикасы мамлекеттик кепилдиктерди бербейт.".
3-берене.
(КР 2025-жылдын 12-августундагы N 198 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)