Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 15-сентябры № 120
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 55-статьянын 2-пунктунда "жашы жетпегендердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө, 61-статьянын аталышында жана 1-пунктунун биринчи абзацында, 2 жана 3-пункттарында "жашы жете электердин", "жашы жете электер", "жашы жете элек балдар" деген сөздөр тиешелүү түрдө "балдардын" "балдар" деген сөздөргө, 191-статьянын 2-пунктунда "жашы жете электердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 56-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацында "жашы жетпеген жубайы" деген сөздөр "жашы жете элек жубайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 61-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында жана 4-пунктунда "Жашы жете элек мындай балдар", "Мындай жашы жете элек бала" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Мындай балдар", "Мындай бала" деген сөздөргө, 62-статьянын аталышында жана текстинде "Жашы жете элек баланы", "жашы жете элек бала", "Жашы жете элек баланы", "жашы жете элек баланын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Баланы", "бала", "баланын" деген сөздөргө, 191-статьянын аталышында жана 1-пунктунда "өспүрүмдөр" деген сөз "балдар" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 63-статьяда:
а) аталышында "өспүрүмдөрдүн" деген сөз "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-пунктта "жете элек балдар" деген сөздөр "балдар" деген сөзгө алмаштырылсын; "(жаш балдар)" деген сөздөр алып салынсын;
в) 2 жана 3-пункттарда "жаш балдар", "жашы жете элек балдардын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "балдар", "балдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-пунктта "жашы жете элек балдар" деген сөздөр "балдар" деген сөзгө алмаштырылсын; "жаш балдары" деген сөздөр "14 жашка чейинки курактагы балдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 64-статьянын 1-пунктунда "байланыштуу ал" деген сөздөрдөн кийин, 65-статьянын 1-пунктунда "байланыштуу ага" деген сөздөрдөн кийин "соттун чечими менен" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 66-статьяда:
а) 1 жана 3-пункттарда "Өспүрүмдөрдү" "Жашы жете элек балдарды" деген сөздөр "Балдарды" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу тиешелүү органдын аймактык бөлүмү камкордукка алуучуга же көзөмөлдүк кылуучуга камкордукка алуучунун же көзөмөлдүк кылуучунун күбөлүгүн берет.";
7) 67-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Камкордукка алуу соттун чечими менен 14 жашка чейинки курактагы балдарга, ошондой эле психикалык бузулуудан улам сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган граждандарга белгиленет.";
8) 68-статьянын 1-пунктунда "Көзөмөлдүк кылуу он төрт жаштан он сегиз жаш куракка чейинки жашы жете элек балдарга" деген сөздөр "Көзөмөлдүк кылуу соттун чечими менен он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 69-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"69-статья. Камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органдары
1. Балдарга, анын ичинде майыптыгы бар балдарга карата камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органы болуп балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү саналат.
2. Аракетке жөндөмсүз же аракетке толук эмес жөндөмдүү болгон граждандарга карата камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органы болуп майыптыгы бар граждандарга жана улгайган граждандарга социалдык кызмат көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү саналат.
3. Көзөмөлдүккө алынгандардын жашаган жери боюнча камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органдарынын аймактык бөлүмдөрү алардын камкордукка алуучуларынын жана көзөмөлдүк кылуучуларынын ишине көзөмөл жүргүзөт.";
10) 70-статьяда:
а) 1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу ушул Кодекстин 69-статьясына ылайык гражданга камкордукка алууну же көзөмөлдүк кылууну белгилөөнүн зарылчылыгы жөнүндө камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органдарына белгилүү болгон учурдан тартып бир айдын ичинде адамдын жашаган жери боюнча камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органынын корутундусу боюнча сот тарабынан дайындалат. Көңүл бурууга арзыган жагдайлар болгондо камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу камкордукка алуучунун (көзөмөлдүк кылуучунун) жашаган жери боюнча дайындалышы мүмкүн. Эгерде камкордукка алууга же көзөмөлдүк кылууга муктаж адамга бир айдын ичинде камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу дайындалбаса, камкордукка алуучунун же көзөмөлдүк кылуучунун милдеттерин аткаруу камкордукка алуунун жана көзөмөлдүк кылуунун тиешелүү органынын аймактык бөлүмүнө убактылуу жүктөлөт.";
б) 4-пунктунда "тарбиялоо," деген сөз алып салынсын, "ошол мекемелердин өздөрү" деген сөздөр "ошол мекемелердин жетекчилери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 71-статьяда:
а) 2-пункттун биринчи абзацында "Жашы жете элек граждандардын" деген сөздөр "Балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын; "он алты жашка жеткен" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Балдарды камкордукка алуучулар менен көзөмөлдүк кылуучулар аларды окутуу, тарбиялоо жана алардын эс алуусун уюштуруу жөнүндө камкордук көрүүгө тийиш.";
12) 72-статьянын 1 жана 2-пункттарында, 73-статьянын 1-пунктунда "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "тиешелүү камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 74-статьянын 1-пунктунда:
а) биринчи абзацта "жашы жете электерди" деген сөздөр "балдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзацта "тарбиялоо," деген сөз алып салынсын;
14) 75-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жашы жеткен граждандарды камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу камкордукка алуучунун, көзөмөлдүк кылуучунун же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген майыптыгы бар граждандарга жана улгайган граждандарга социалдык кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмүнүн арызы боюнча сот аны аракетке жөндөмдүү деп таануу жөнүндө чечим чыгарган же анын аракетке жөндөмдүүлүгүнүн чектелгендигин жокко чыгарган учурларда токтотулат.";
б) 2-пунктта "Кенже жаштагы камкордукка алынгандар" деген сөздөр "Камкордукка алынган балдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-пунктта "Жашы жете электерге" деген сөздөр "Балага" деген сөзгө алмаштырылсын;
15) 76-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аракетке жөндөмдүү жашы жеткен граждандын көзөмөлдүк кылуучусу (жардамчысы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген майыптыгы бар граждандарга жана улгайган граждандарга социалдык кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү тарабынан ушундай граждандын макулдугу менен гана дайындалышы мүмкүн.";
16) 190-статьяда:
а) статьянын аталышында "өспүрүмдүн" деген сөз "баланын" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-пунктта "(жаш)" деген сөз алып салынсын; "өспүрүмдүн" деген сөз "баланын" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 2-пунктта "Жашы жете элек баланын" деген сөздөр "14 жашка толо элек баланын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 3-пунктта "жаш балдар" деген сөздөр "14 жашка толо элек балдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7531-статьянын аталышында жана 1 жана 2-пункттарында "Жашы жете электердин", "жашы жете электер", "жашы жете электердин" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Балдардын", "балдар" деген сөздөргө, 1002-статьянын аталышында жана 1-пунктунда "өспүрүмдөр" деген сөз "балдар" деген сөзгө, 1003-статьянын аталышында жана текстинде "Өспүрүмдөр", "бойго жете элек балдары" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Балдар", "балдары" деген сөздөргө, 1149-статьянын 1-пунктунда "жашы жетпеген" деген сөздөр "балдары" деген сөзгө, 1183-статьянын 1-пунктунда "Жашы жете электерди" деген сөздөр "Балдарды" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 7531-статьянын 3-пунктунда "жашы жете электердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө, 1002-статьянын 2 жана 3-пункттарында "өспүрүмдөрдө", "өспүрүмдөр" деген сөздөр тиешелүү түрдө "балдарда", "балдар" деген сөздөргө, 1006-статьянын 1-пунктунда "өспүрүм" деген сөз "бала" деген сөзгө, 1016-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында "бойго жете электерге" деген сөздөр "балдарга" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 1001-статьяда:
а) аталышында "өспүрүмдөр" деген сөз "балдар" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-пунктта "өспүрүмдөр" деген сөз "балдар" деген сөзгө алмаштырылсын; "(жаш балдар)" деген сөздөр алып салынсын;
в) 2-пунктта "өспүрүм" деген сөз "14 жашка толо элек бала" деген сөздөргө алмаштырылсын; "тарбиялоо," деген сөз алып салынсын;
г) 3-пунктта "жаш бала" деген сөздөр "14 жашка толо элек бала" деген сөздөргө алмаштырылсын; "тарбиялоо," деген сөз алып салынсын;
д) 4-пункттун биринчи абзацында "Жаш балдар", "жаш бала" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Балдар", "14 жашка толо элек бала" деген сөздөргө алмаштырылсын; "тарбиялоо," деген сөз алып салынсын;
4) 1015-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1015-статья. Баланын ден соолугуна залал келтирилгенде анын ордун толтуруу";
б) 1-пунктта "бойго жете элек (жаш баланын) жана эмгек акы (киреше) албаган жактын" деген сөздөр "жана эмгек акы (киреше) албаган баланын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-пунктта:
- биринчи абзацта "Жаш бала" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Бала" деген сөзгө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "бойго жете элек жак" деген сөздөр "бала" деген сөзгө алмаштырылсын;
г) 3-пунктта "бойго жете элек жак" деген сөздөр "бала" деген сөзгө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |