Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 10-сентябры № 113
Баткен облусунун статусу жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусун аныктайт, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүнүштөрүн уюштуруунун жана ишинин өзгөчөлүктөрүн белгилейт.
1-берене. Баткен облусунун статусу
Баткен облусу - бул жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенцияларын эске алуу менен мамлекеттик башкаруу жүзөгө ашырылуучу облустук борбор - Баткен шаарынын, Кызыл-Кыя, Сүлүктү облустук маанидеги шаарлардын аймактарын, ошондой эле Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун аймактарын бириктирүүчү Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бирдиги.
2-берене. Баткен облусунун статусу жөнүндө мыйзамдар
Баткен облусунун статусунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
3-берене. Облустун аймагында иштеген өзгөчө режимдер
Баткен облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр белгиленет:
1) өзгөчө салык режими;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө инвестициялык режим;
3) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруунун өзгөчө режими;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тизмекке ылайык калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим.
4-берене. Баткен облусун өнүктүрүү жаатында мамлекеттик иш
Баткен облусун өнүктүрүү жаатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын артыкчылыктуу иштери төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жаңы жерлерди өздөштүрүүнү, инфратүзүмдү жакшыртууну жана өнүктүрүүнү;
2) Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну, финансылык колдоону жана ишке ашырууну;
3) Баткен облусунун калктуу конуштарынын жашоочуларынын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнү жана Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү деңгээлиндеги айырмачылыктарын кыскартууну;
4) Баткен облусунун калктуу конуштарынын жашоочуларын иш менен камсыздоо деңгээлин жогорулатууну;
5) Баткен облусунун жаратылыш ресурстарын сактоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоону;
6) Баткен облусунун аймагында финансы секторун өнүктүрүүнү камсыз кылууну;
7) агрардык сектордо жана мал чарбасында инновациялык технологияларды колдонууну өнүктүрүүнү жана түрткү берүүнү;
8) Баткен облусунун калктуу конуштарынын жергиликтүү жашоочуларынын арасынан адистерди даярдоону, алардын квалификациясын жогорулатууну жана Кыргыз Республикасынын жаш адистерин чек арага жакын калктуу конуштарга тартуу үчүн шарттарды түзүүнү;
9) Баткен облусун өнүктүрүүгө тиешелүү республикалык программаларды, изилдөөлөрдү координациялоону жана финансылык колдоону;
10) Баткен облусунун табигый, техногендик жана эпидемиологиялык мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарды болжолдоону жана алдын алууну;
11) коомдук жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарын жана чек ара кызматын чыңдоону;
12) Баткен облусунун калкын аскердик-мекенчилдикке даярдоо боюнча иштерди күчөтүүнү;
13) Баткен облусунун аймагынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграциялануусун алдын алуу үчүн шарттарды түзүүнү;
14) Баткен облусуна туруктуу жашоо, чек арага жакын калктуу конуштардын санын көбөйтүү жана анда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын тартуу үчүн шарттарды түзүүнү;
15) жеке жана юридикалык жактарга чек арага жакын аймактарында чектеш сооданы жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүнү;
16) Баткен облусун өнүктүрүү жаатында башка милдеттерди чечүүнү.
5-берене. Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа
1. Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа өзүнө, Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына аймактык, экономикалык, демографиялык, маданий-диний жана башка түрдөгү экспансияга жана агрессияга каршы күрөшүү боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү чараларын, ошондой эле ушул Мыйзамдын 4-беренесинде көрсөтүлгөн ишти камтыйт.
2. Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны натыйжалуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын 500,0 млн. сом өлчөмдө каражаттардын бөлүнүүсүн карайт.
6-берене. Баткен облусунда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык колдоо
1. Мамлекет Баткен облусунун калктуу конуштарында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына социалдык колдоо көрсөтөт, кепилдиктерди, компенсацияларды жана жеңилдиктерди берет.
Компенсациялардын өлчөмү жана аларды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Администрациялык аймактык түзүлүштөрдүн, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (жумуш берүүчүлөрдүн) бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен кошумча кепилдиктер жана компенсациялар берилиши мүмкүн.
7-берене. Чет өлкөлүк жарандардын Баткен облусунун аймагында болушу
Баткен облусунун аймагына чет өлкөлүк жарандардын кирүү, болуу, жашап туруу, ишти жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
8-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) - Баткен облусунун аймагындагы Кыргыз Республикасынын Президенттин атынан чыккан мамлекеттик кызматкер болуп саналат. Ыйгарым укуктуу өкүл Баткен облусунун аймагында мамлекет башчысынын конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат.
2. Ыйгарым укуктуу өкүл саясий кызмат ордун ээлеген мамлекеттик кызматкер жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болуп саналат.
3. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
4. Ыйгарым укуктуу өкүл үч орун басарга ээ, алардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт жана алардын ишине жетекчилик кылат.
5. Ыйгарым укуктуу өкүл төмөнкүлөргө жеке жоопкерчилик тартат:
1) Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын жана коопсуздугун камсыздоо үчүн;
2) Баткен облусунун коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн;
3) Баткен облусунун коопсуздугун камсыздоо боюнча жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн финансы каражаттарын максаттуу пайдалануу үчүн.
6. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн жобосу, чектүү штаттык саны жана аппаратынын түзүмү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
9-берене. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишин уюштуруу;
2) мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү уюштуруу;
3) Кыргыз Республикасынын кадр саясатын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө, ошондой эле облустун саясий, социалдык жана экономикалык абалы тууралуу үзгүлтүксүз баяндамаларды берүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тиешелүү сунуштарды киргизүү;
5) Баткен облусунун коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине ар жылдык отчет берүү;
6) жарандардын жана мамлекеттин өтө маанилүү кызыкчылыктарын коргоого багытталган иш-чаралар боюнча сунуштарды андан ары ишке ашыруу максатында иштеп чыгуу үчүн финансы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте Баткен облусунун калкы менен жыл сайын бюджеттик угууларды өткөрүү.
10-берене. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш-милдеттери
Ыйгарым укуктуу өкүл өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү максатында төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:
1) аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоону камсыз кылат;
2) укук коргоо органдарынын жана коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун, ошондой эле көрсөтүлгөн органдарда кадрдык камсыз болуу абалына талдоо жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын Президентине тиешелүү сунуштарды киргизет;
3) аткаруу бийлигинин Кыргыз Республикасынын сот органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар, башка коомдук жана диний бирикмелер менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат жана камсыз кылат;
4) экономикалык өз ара аракеттенүү ассоциациялары менен биргеликте Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгат;
5) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан башкача дайындоо тартиби белгиленген кызмат орундарын кошпогондо, эгерде кызмат орду Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалса (бекитилсе) Баткен облусунун чегинде мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди жана башка кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди макулдашат;
6) Баткен облусунун кызыкчылыктарына тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдеринин долбоорлорун макулдашат;
7) Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин камсыз кылат.
11-берене. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктары
1. Ыйгарым укуктуу өкүл кызматтык милдеттерин аткарууда Баткен облусунун чегинде жайгашкан ар кандай уюмдарга тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.
2. Ыйгарым укуктуу өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уюмдардан жана кызмат адамдарынан керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) Баткен облусунун чегинде жайгашкан мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине катышуу үчүн өз орун басарларын жана өзүнүн аппаратынын кызматкерлерин жиберүүгө;
3) өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана тескемелеринин аткарылышын, ошондой эле мамлекеттик программалардын аткарылышынын жүрүшүн, мамлекеттик мүлктү жана бюджеттик каражаттарды пайдаланууну уюштурууга;
4) кеңеш берүүчү жана консультативдик органдарды түзүүгө.
3. Ыйгарым укуктуу өкүл:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине Баткен облусунун аймагында жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт;
2) ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын ишин жетектейт, ага жүктөлгөн милдеттерди чечүүнү камсыз кылат.
12-берене. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин уюштуруу жана камсыз кылуу
1. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин уюштуруучулук жана техникалык камсыз кылуу Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты жүзөгө ашырат.
2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жобосу, чектүү штаттык саны жана түзүмү тиешелүү мыйзамга ылайык Ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
3. Ыйгарым укуктуу өкүл жана Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты Баткен шаарында жайгашат.
13-берене. Функционалдык-административдик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун кепилдиктери
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан иш-милдеттердин аткарылышынын кепилдиктерин төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылат:
1) мамлекеттик, муниципалдык органдардын ишин координациялоо боюнча жана укук коргоо органдары, коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык, облусту өнүктүрүүнүн максаттуу республикалык программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча республикалык бюджеттин жана облустун өнүктүрүү бюджетинин эсебинен жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктарды берүү;
3) билим берүү жана маданий объекттерин каржылоону жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке которуу.
14-берене. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш
1. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча кызыкдар мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн коомдук-консультативдик, ведомстволор аралык координациялоочу орган болуп саналат.
2. Кеңеш жөнүндө жобо жана анын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бекитилет.
3. Кеңеш тарабынан облусту социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына мониторинг жана баалоо жүргүзүлөт, ошондой эле анын ишке ашырылышы контролго алынат.
15-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы N 99 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) бир айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча зарыл болгон уюштуруу чараларын көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 22-июлунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |