Сравнение редакций…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 15-сентябры № 119
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005, № 11, 900-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчтөрү боюнча жүргүзүлөт. 14 жаштан 18 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте баланын жазуу жүзүндөгү же оозеки өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Мында баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу талап кылынбайт. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жактарды медициналык текшерүү алардын медициналык текшерүү жүргүзүүдө катышууга укугу болгон мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча же жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт.
18 жашка чейинки жактарга психосоциалдык жактан кеңеш берүү баланын макулдугу менен чакырылуучу балдар психологунун, ата-эненин же мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 61-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бардык жарандарга жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, жашына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, кызматтык, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан медициналык-санитардык жана медициналык-социалдык жардам алуу укугун ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү;";
2) 91-статьянын төртүнчү бөлүгүнүн бешинчи абзацы "өкүлдөрүнө билдирүү үчүн" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын ВИЧ/СПИД жөнүндө мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 99 (3278) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 15-сентябры № 119
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005, № 11, 900-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчтөрү боюнча жүргүзүлөт. 14 жаштан 18 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте баланын жазуу жүзүндөгү же оозеки өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Мында баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу талап кылынбайт. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жактарды медициналык текшерүү алардын медициналык текшерүү жүргүзүүдө катышууга укугу болгон мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча же жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт.
18 жашка чейинки жактарга психосоциалдык жактан кеңеш берүү баланын макулдугу менен чакырылуучу балдар психологунун, ата-эненин же мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.".
2-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)