Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 27-октябры № 124
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2021-жылдын 30-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эл аралык идентификациялык код - байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле белгилердин (цифралардын) топтому түрүндөгү маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн, товардын же кызмат көрсөтүүнүн конкреттүү тибине (IMEI) ыйгарылган эл аралык идентификациялык код.";
б) отуз бешинчи жана отуз алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасы - байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген идентификациялык уникалдуу код жөнүндө маалыматты камтыган электрондук база;
Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутуму - Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатацияланып жаткан же ташып келинген байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык идентификаторлорун түшүнүп билүүнү, аларды байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык идентификаторлору боюнча электр байланышынын операторлорунун маалыматтык базалары менен салыштырууну жана Кыргыз Республикасынын аймагында бул түзүлмөлөрдүн колдонулушуна санкция берүүнү камсыз кылуучу аппараттык-программалык каражаттардын комплекси.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Идентификациялоо оператору - байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдү идентификациялоо кызматтарын көрсөтүүчү, өзү иштеп чыккан программалык камсыз кылууга ээ болгон, төмөндө саналгандардын: Мобилдик байланыштын терминалынын эл аралык идентификаторунун (IMEI), мобилдик абоненттин эл аралык идентификаторунун (IMSI) же мобилдик байланыштын терминалынын эл аралык ISDN-номеринин (MSISDN) жок дегенде биринин байланыштын түзүлмөлөрүнүн идентификатору катары талаптагыдай аныктоону камсыз кылуучу жана байланыштын түзүлмөлөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүүгө арналган түзүлмөлөрдү борборлоштуруп каттоону камсыз кылуучу юридикалык жак.
Мобилдик түзүлмөлөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдү идентификациялоо - колдонуудагы жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо жана аутенттөө боюнча электр байланыш тармагынын кызмат көрсөтүүсү.
Эл аралык уникалдуу идентификациялык коддун аутенттүүлүгү - пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн аныктыгын ырастоо.";
2) 8-статьянын биринчи бөлүгүнүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыштын түзүлмөлөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун аутенттөөнү өнүктүрөт жана пайдаланууга берет;".
3) 91-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "91-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыштын түзүлмөлөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдү идентификациялоо жана абоненттерди жекелештирүү тартиби"
б) биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыштын түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн бардык эл аралык идентификаторлору Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасына киргизилүүгө тийиш. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген колдонуудагы түзүлмөлөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун аутенттөө акысыз негизде жүзөгө ашырылат.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Идентификациялоо оператору Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик түзүлмөлөрүнүн ошондой эле, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоону жана аутенттөөнү Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасында каттоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзөт.";
г) экинчи бөлүгү "Байланыштын операторлору" деген сөздөрдөн кийин "же идентификациялоо операторлору" деген сөздөр менен толукталсын;
д) төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Каттоо жол-жобосу акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат. Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасына байланыштын түзүлмөлөрүн каттоо жолу менен жүзөгө ашырылуучу, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыштын түзүлмөлөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдү каттоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы колдонуудагы мыйзамдарга ылайык белгиленет.";
е) онунчу бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу тартиби, мобилдик байланыштын түзүлмөлөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдү идентификациялоо тартиби жана жекелештирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
"131) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыштын түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттөө жаатындагы иш;".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 27-октябры № 124
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2021-жылдын 30-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
"131) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыштын түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттөө жаатындагы иш;".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |