Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 5-ноябры № 130
2018-жылдыи 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Турк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Турк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө-мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу
2021-жылдын 3-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене
2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө-мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протокол ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгиленген тартипте Азербайжан Республикасына Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |