Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 15-ноябры № 136
2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 16-ноябрындагы N 135 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |