Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 8-сентябры № 111
2021-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолунун Корумду-Балбай участогун реконструкциялоо долбооруна кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2021-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолунун Корумду-Балбай участогун реконструкциялоо долбооруна кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте Ислам өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 95 (3274) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |