Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 10-декабры № 151
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 2-бөлүгү "мамлекеттик органдардын" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 2-статьяда:
а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"суу пайдалануучулардын бирикмеси (ассоциациясы) (мындан ары - "СПА") - ирригациялык тутумдарды эксплуатациялоо жана күтүү максатында суу пайдалануучулар тарабынан түзүлүүчү уюм;";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи абзац менен толукталсын:
"жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруу органдары;";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы отузунчу абзац менен толукталсын:
"ирригациялык кызмат көрсөтүүлөргө акы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, суу пайдалануучулар ассоциациясынын, же суу пайдалануучулар ассоциациясы жок болгон учурда башка жактын жоопкерчилик зонасында суу пайдалануучуга сугат суусун берүү үчүн акынын ставкасы;";
г) статья төмөнкүдөй мазмундагы отуз алтынчы жана отуз жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"СПА бирлиги - магистралдык ирригациялык тутумдарды биргелешип башкаруу, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн эки же андан ашык СПА тарабынан уюштурулуучу коммерциялык эмес уюм;
субсидиялар - экономикалык жана социалдык саясатты ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алган ченемдик укуктук актыларга ылайык өзүнүн өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырууда сууну берүүчүлөр тарткан чыгымдарды компенсациялоо үчүн аларга акысыз жана кайтарымсыз негизде берилүүчү акча каражаттары.";
3) 10-берененин 2-бөлүгү "жергиликтүү мамлекеттик администрация" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу" деген сөздөр менен толукталсын;
4) Кодекс төмөнкү мазмундагы 161-статья менен толукталсын:
"161-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
1. Сугат суусун берүүнү башкаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы аталган маселе жергиликтүү маанидеги маселе катары Жергиликтүү коомдоштуктун уставына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башка ченемдик укуктук актысына киргизилген учурда белгиленет.
2. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболорун сактоодо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- бассейндик кеңештин ишине катышуу;
- ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчиктин объектилери катары натыйжалуу башкаруу;
- калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу үчүн сууну пайдалануу, ирригациялык тутумду эксплуатациялоо жана күтүү эрежелерин жергиликтүү кеңештердин бекитиши;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагында сугат сууларын берүүнү башкаруу боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
- калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу үчүн сууну пайдалануу, ирригациялык тутумду эксплуатациялоо жана күтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн суу пайдалануучулардын административдик жоопкерчилиги бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун ишке ашыруу;
- сугат сууну берүү боюнча маселелерди жергиликтүү маанидеги маселе катары чечүүгө чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен каржылоо, анын ичинде ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркын субсидиялоо;
- суу пайдалануучулар ассоциациясы же суу пайдалануучулар ассоциациясы жок болгон учурда башка жак тарабынан берилген ирригациялык кызмат көрсөтүү үчүн акынын наркын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашуу;
- ирригацияны өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- суу пайдалануучулар ассоциациясын же суу пайдалануучулар ассоциациясы жок болгон учурда башка жакты сууну берүүчү деп аныктоо;
- ушул Кодексте жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарда аныкталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагында башка милдеттерди аткаруу.";
5) 19-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ар бир бассейндик планды комплекстүү ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү көлөмдөрдө мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык жана дренаждык тутумдарды;";
6) 20-статьянын 4-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- ыктымалдуу финансылык булактарды аныктоо менен мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык жана дренаждык тутумдардын инвестициялык жана финансылык муктаждыктарын баалайт;";
7) 40-статьяда:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик менчикте турган ирригациялык жана дренаждык тутумдарды пайдаланган суу берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акынын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
б) статья төмөнкү мазмундагы 2-1 - 2-3-пункттар менен толукталсын:
"2-1. Муниципалдык менчикте турган ирригациялык жана дренаждык тутумдарды пайдаланган суу берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акынын өлчөмдөрү бассейн суусунун администрациясы менен макулдашуу боюнча жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.
2-2. Жеке менчикте турган ирригациялык жана дренаждык тутумдарды пайдалануучу суу берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акынын өлчөмдөрү бассейн суусунун администрациясы менен макулдашуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнүн жетектөөчү органы тарабынан бекитилет.
2-3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагында мамлекеттик, муниципалдык социалдык саясаттын негизинде суу пайдалануучулардын айрым категорияларына сууну берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн толук же жарым-жартылай акы тиешелүү түрдө республикалык же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан субсидияланышы мүмкүн.";
8) 47-статьяда "Мамлекет" деген сөздөн кийин "мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан" деген сөздөр менен толукталсын;
9) 82-статьяда:
а) 1-пункт "Мамлекеттик" деген сөздөн кийин "же муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пункт "Мамлекеттик" деген сөздөн кийин ", муниципалдык" деген сөз менен толукталсын;
10) 84-статьяда:
а) 1-пункт "мамлекеттик" деген сөздөн кийин ", муниципалдык" деген сөз менен толукталсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары төмөнкүдөй учурларда муниципалдык менчик объекттеринин статусуна ээ боло алат:
- суу пайдалануучулар ассоциациясы суу пайдалануучулардын жалпы чогулушунун чечиминин негизинде ирригациялык, дренаждык тутумдарды жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечимди ыктыярдуу түрдө кабыл алганда;
- ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары ушул Кодекстин 161-статьясында белгиленген шарттарды сактаганда жергиликтүү бюджеттердин эсебинен түзүлгөндө жана эксплуатацияланганда.".
2-берене.
"Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 158-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"СПАнын киреше булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- СПАнын мүчөлөрүнүн төгүмдөрү;
- СПАнын мүчөлөрүнөн ирригациялык кызмат көрсөтүлөр үчүн акы;
- ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн СПА мүчөлөрү болуп саналбаган жактардан алынган акы;
- банк эсептериндеги пайыздар;
- калкка акы төлөтүү менен СПА тарабынан кошумча кызмат көрсөтүүлөр;
- сугат сууну берүү маселелери жергиликтүү маанидеги маселелер болуп саналган учурда, жергиликтүү бюджеттен субсидиялар;
- мамлекеттик жана башка булактардан кайрымдуулуктар жана гранттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактар.";
2) 22-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. СПАнын мүчөлөрүнүн төгүмдөрү
СПАнын мүчөлөрүнүн төгүмдөрү туруктуу чыгымдарды жабуу боюнча СПАнын сарптоолоруна таянуу менен эсептелет жана СПАнын жалпы чогулушунда бекитилет.";
3) Мыйзам төмөнкү мазмундагы 221-статья менен толукталсын:
"22-1-статья. Ирригациялык кызмат көрсөтүүлөргө акы
СПАнын мүчөлөрүнүн ирригациялык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы сугат суусун берүү боюнча сарптоолорго, СПАнын өзүнүн ирригациялык тутумун эксплуатациялоого, техникалык күтүүгө сарптоолорго, рентабелдүүлүктүн деңгээлине таянуу менен эсептелет. Ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркын эсептөө методикасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
Ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркы мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик бассейндик администрация менен макулдашылат.";
4) 25-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мүлктү жана сугат тутумдарын менчикке өткөрүп берүү жана аларга карата мүлк укугун ыйгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
4) 27-статьяда:
а) биринчи бөлүк "координациялоо" деген сөздөн кийин ", колдоо" деген сөз менен толукталсын;
б) экинчи бөлүктө:
- "бирликтеринин ишин" деген сөздөрдөн кийин "координациялоо, колдоо жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик, муниципалдык менчикте турган суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого (күтүүгө жана капиталдык оңдоого) субсидия түрүндө каржылоону бөлүүгө;";
6) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 271-статья менен толукталсын:
"271-статья. СПАнын жана СПА бирлигинин ишин колдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, СПАнын жана СПА бирлигинин өнөктөштүгү тиешелүү маселени жергиликтүү маанидеги маселе катары тиешелүү жергиликтүү коомдоштуктун чогулуштарында (жыйындарында) же курултайларында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү коомдоштуктардын уставдарына киргизген учурда ирригацияны өнүктүрүү боюнча милдеттерди биргелешип чечүүгө негизделет.
2. Ушул статьянын 1-пунктунун жобосу сакталган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
- муниципалдык менчикте турган суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө каржылоону бөлүүгө;
- юридикалык, бухгалтердик жана техникалык маселелер боюнча, ошондой эле ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы боюнча сууну пайдалануучулардан карызды өндүрүп алуу маселелери боюнча жана мыйзамда каралган учурларда аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча СПАга жана СПА бирлигине консультация берүүнү камсыз кылууга жана жардам көрсөтүүгө;
- муниципалдык менчиктеги суу чарба объекттерин СПАнын пайдалануусуна жана башкаруусуна өткөрүп берүүгө;
- ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркын СПА менен же, СПА жок болгон учурда, башка жак менен макулдашууга.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 17-декабрындагы N 150 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Көңүл буруңуздар!
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 10-декабры № 151
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)