Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 10-декабры № 150
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 9-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Каттоо үчүн жыйым
1. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоодо салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйым алынат.
Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын алууда мыйзамдарга ылайык аныкталган өлчөмдө төлөм алынат.
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) жана иш-аракетин токтотууну каттоодо, бланк продукциясына төлөмдү кошпогондо, каттоочу орган тарабынан жыйым алынбайт.
2. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн жыйым мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк алганга чейин, иш-аракетин токтотууну каттоо учурунда - каттоочу органга документтерди тапшырган учурга чейин төлөнөт.";
4) 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 17-бөлүк менен толукталсын:
"17. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук каттоо жана юридикалык жактарды каттоо жөнүндө электрондук формада күбөлүктү берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
5) 13-беренеде:
а) 3-бөлүктө:
- алтынчы жана жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- каттоо жыйымы төлөнгөнүн тастыктаган документти (маалыматты);";
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалыматты салык органынан электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу же Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган башка жол аркылуу суратып алууга;";
6) 17-беренеде:
а) 1-бөлүктүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- каттоо жыйымы төлөнгөнүн тастыктаган документти (маалыматты);";
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалыматты салык органынан электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу же Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган башка жол менен суратып алууга;";
7) 18-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "жетектөөчү органынын курамы," деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик кайра каттоого алып келбеген маалыматтары өзгөргөндө каттоочу органга юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү менен бекитилген жана алардын жетекчилеринин колу коюлган кабарлама тапшырылат. Мөөр жок болсо, жетекчинин колу нотариалдык күбөлөндүрүлөт.";
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жаңы жетекчини шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү менен бекитилүүгө тийиш. Мөөр жок болсо, чечимге кол койгон адамдардын колу нотариалдык күбөлөндүрүлөт.";
г) 4-бөлүктүн биринчи абзацындагы "чечим тиркелет" деген сөздөр "юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү менен бекитилген чечими тиркелет. Мөөр жок болсо, чечимге кол койгон адамдардын колу нотариалдык күбөлөндүрүлөт." деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 19-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 21-берененин 2-бөлүгүндө:
а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик реестрде толук жана (же) кыскартылган окшош фирмалык аталышы менен катталган (кайра катталган) юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) бар болгондо. Толук же кыскартылган фирмалык аталышы окшош деп башка катталган (кайра катталган) юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) толук же кыскартылган фирмалык аталышына бардык элементтери боюнча ырааттуу түрдө дал келгендик түшүнүлөт, Толук же кыскартылган фирмалык аталышта символдорду, тыныш белгилерин жана цифраларды колдонуу анын окшоштугун жокко чыгарбайт;";
б) тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- каттоого тыюу салуу жөнүндө соттун, тергөөчүнүн, соттук аткаруучунун актысы болгондо;";
в) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- юридикалык жактын уюштуруучулары, жетекчилери, арыз ээлери жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары чыккан адамдар издөөдөгү адамдардын (улуттук жана эл аралык) тизмесине, Кыргыз Республикасынын жалпы санкциялык тизмегине жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жалпы санкциялык тизмегине киргизилгени табылганда;";
г) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Юридикалык жактардын, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздары жөнүндө салык органынан алынган маалымат болгон учурда да иш-аракетти токтотууну каттоодон баш тартылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 17-декабрындагы N 150 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам кабыл алынган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамды аткаруу менен байланышкан уюштуруу маселелерин чечсин.
2021-жылдын 27-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |