Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 10-декабры № 149
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-бөлүк "тигил же бул" деген сөздөрдөн кийин "айыл аймагында жана" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:";
в) 4-бөлүктүн биринчи абзацындагы "Алтындын запасы 50 тоннадан азды түзгөн" деген сөздөр "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилбеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 17-декабрындагы N 150 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |