Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 22-декабры № 154
Электрондук соода жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июнундагы № 128, 2025-жылдын 19-майындагы № 98, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу электрондук соода чөйрөсүндөгү жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, электрондук соодадагы иштин укуктук негизин белгилейт.
2. Ушул Мыйзам интеллектуалдык менчик объекттерине өзгөчө укуктарды кошуп алганда, товарларды жана/же жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу, сатып алуу жана алмашуу боюнча электрондук бүтүмдөрдү жол-жоболоодо жана жасоодо талаптарды белгилейт.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) нотариалдык күбөлөндүрүүгө жана/же мамлекеттик каттоого жаткан бүтүмдөргө;
2) адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, өмүрүн жана ден соолугун сактоо, жаратылышты жана маданий баалуулуктарды коргоо боюнча чектөөлөр киргизилген товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө;
3) мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жол-жоболоруна.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июнундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Электрондук соода жөнүндө мыйзамдар
Электрондук соода чөйрөсүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине негизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул Мыйзамда колдонулган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын санарип жана башка тармактарындагы институттар, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана тиешелүү тармактык мыйзамдарда берилген аныктамада колдонулат.
2. Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:
1) верификациялоо - белгиленген талаптардын аткарылганынын объективдүү күбөлөндүрмөсүн берүүнүн негизиндеги ырастоо;
2) глобалдык Интернет желеси (мындан ары - Интернет желеси) - Интернет-протоколду (Internet Protocol-IP) жана маалыматтарды берүү протоколун (Transmission Control Protokol-TCP) пайдаланууга негизделген глобалдык даректик мейкиндик аркылуу ар кыл өлкөлөрдүн маалыматтык тутумдарын жана электр байланыш тарамдарын бириктирген глобалдык маалыматтык-телекоммуникациялык тарам;
3) электрондук документтерди коргоо - жеке мүнөздөгү маалыматтарды жана/же коммерциялык сырды кошуп алганда, электрондук билдирүүдө же документте камтылган жана мындай маалыматка санкцияланбаган жетүүнү жокко чыгаруучу, электрондук документтерди коргоо, электрондук маалыматтардын бүтүндүгүн, купуялуулугун жана аныктыгын коргоо;
4) интернет-дүкөн - товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) сыпаттамасы, анын наркы, бүтүмдү аткаруу шарттары, төлөө жана жеткирүү жолдору менен керектөөчүнүн таанышуусунун негизинде Интернет желесинде керектөөчү менен электрондук бүтүм түзүүгө мүмкүндүк берүүчү маалымат ресурсу;
5) интернет-ресурс - Интернет желесинде жарыялоо үчүн арналган жана аны Интернет желесинде идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү уникалдуу дарекке ээ техникалык жана программалык-аппараттык мүнөздөгү интеграцияланган каражаттардын жыйындысы (сайт (веб-сайт), блог, веб-канал, веб-ресурс, веб-сервис, веб-тиркемелер);
6) соода платформасынын оператору - соода платформасынын менчик ээси жана/же башкаруучусу болуп саналган, ар кандай милдеттерди аткарууну жана/же электрондук бүтүмдүн катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган юридикалык же жеке жак;
7) электрондук соодадагы ортомчу (мындан ары - ортомчу) - электрондук бүтүмдөрдү жасоодо коштоочу кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак;
8) электрондук соодадагы сатуучу (мындан ары - сатуучу) - маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, Интернет желесин пайдалануу менен ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуучу юридикалык же жеке жак;
9) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10) соода платформасы - Интернет желеси аркылуу товарларды жана/же жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну камсыз кылуучу программалык жана техникалык каражаттардын жыйындысы;
11) электрондук документ - электрондук формада, башкача айтканда электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын кабыл алуусу үчүн жарактуу түрдө берилген документтештирилген маалымат;
12) документтин электрондук түрү - кагаз алып жүрүүчүдөгү документтин сканирленген же фотографиялык түрүн көрсөткөн, техникалык каражаттардын жардамы менен кагаз алып жүрүүчүдөн сканирленген документтин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүсүз, бирдиктүү бүтүндүк катары электрондук формага кайра келтирген электрондук формадагы маалымат;
13) электрондук соода - маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, Интернет желесин пайдалануу менен товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча экономикалык иштин түрү. Аталган иш өзүнө электрондук түрдө келишимдерди түзүүнү, электрондук төлөмдөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону жана келишимдик милдеттенмелерди аткарууну камтыйт;
14) электрондук бүтүм - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлүүчү электрондук сооданын катышуучуларынын ортосундагы жарандык-укуктук бүтүм;
15) электрондук билдирүү - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу берилген же алынган маалымат;
16) электрондук формадагы жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр (мындан ары - кызмат көрсөтүүлөр) - Интернет желеси аркылуу маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар аркылуу аткарылуучу жана көрсөтүлүүчү жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр;
17) электрондук сооданын катышуучулары - электрондук соодада сатуучу, соода платформасынын оператору, сатып алуучу жана ортомчу болуп саналган электрондук бүтүмдүн тараптары;
18) электрондук бүтүмдөгү келишимдик укуктук мамилелер - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы келишимди түзүү же бузуу аркылуу келип чыгуучу жарандык-укуктук мамилелер.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июнундагы № 128, 2025-жылдын 19-майындагы 98, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамыдарынын редакциясына ылайык)
4-берене. Электрондук сооданын принциптери
Электрондук соода төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) экономикалык иштин катышуучуларынын мыйзамдуу укуктарын жана милдеттерин камсыз кылуу;
2) электрондук бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруунун мыйзамдуулугу;
3) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо;
4) электрондук документтерди түзүү жана кол коюу ыкмасына карабастан, алардын юридикалык күчүн таануу;
5) электрондук бүтүмдүн катышуучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын соттук коргоо кепилдиги;
6) келишим түзүү эркиндиги.
2-глава. Электрондук сооданын катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
5-берене. Сатуучу
1. Сатуучу электрондук бүтүмгө катышуу жана керектөөчүлөрдүн укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) төмөнкүлөрдү камтыган толук, так, түшүнүктүү, шайкеш жана анык маалыматты же маалыматка шилтемени өзүнүн интернет-ресурсунун башкы бетине жайгаштырууга жана/же соода платформасынын операторуна берүүгө:
а) сатуучунун толук аталышын;
б) мамлекеттик жана/же салыктык каттоо жөнүндө маалыматтарды, юридикалык жана иш жүзүндөгү дарегин, байланышуу маалыматтарын (электрондук дарегин, телефон номерин);
в) купуялуулук саясатын сактоо боюнча чараларды;
г) идентификациялык салык номерин;
д) эгер товар же кызмат көрсөтүү лицензияланууга тийиш болгон учурда, лицензиянын электрондук түрүн;
е) эгер товар же кызмат көрсөтүү сертификатталууга же ылайыктуулугу декларацияланууга тийиш болгон учурда, товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жөнүндө күбөлүктүн, ылайыктуулугун ырастоо жөнүндө документтердин, сыноолордун протоколдорунун электрондук түрүн;
ж) төлөм реквизиттерин, товар жана/же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөнүн тартибин;
3) электрондук бүтүмдү тариздөө тартибин жана төмөнкү маалыматтарды камтыган анын шарттарын:
- товарды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда керектөөчү тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон толук сумманы;
- товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) мүнөзү бааны алдын ала аныктоого мүмкүндүк бербеген учурда, бааны аныктоо ыкмасын жана бардык сумманы төлөө графигин;
- товарды жеткирүү ыкмаларын жана мөөнөттөрүн;
- наркын жана төлөө шарттарын;
- ташуу, түшүрүү, жеткирүү үчүн чыгымдарды, ошондой эле почта жыйымдарын жана башка чыгымдарга төлөөнүн зарылдыгын же төлөбөй коюу мүмкүнчүлүгүн;
- керектөөчү менен белгисиз мөөнөткө бүтүм түзүүдө же керектөөчү менен абоненттик төлөмдү (жазылууну) алууну караган бүтүм түзүүдө төлөө мезгилиндеги чыгымдардын жыйындысын камтыган жалпы наркты;
и) товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) кепилдик мөөнөттөрү жана сервистик тейлөөсү (зарыл болгон учурда) жөнүндө маалыматтарды;
к) электрондук бүтүмдөрдү тариздөө жана жасоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды;
2) керектөөчүлөрдүн товар же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде алардын аталышы, мүнөздөмөлөрү, касиеттери, түзүүчү материалдар, жаратылышы, келип чыгышы, даярдоо ыкмасы, колдонуу методдору, сапаты, саны жөнүндө маалыматты жана башка зарыл болгон маалыматтарды алуу укугун камсыз кылууга;
3) сатуулардын көлөмүнө жана санына карата жалган маалыматты, жалган оң пикирлерди жана бааларды берүүлөрдөн качууга;
4) тапшырыкка баштапкы калган абалында тандоо катарында коштоочу товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө жол бербөөгө;
5) алдын ала төлөөнүн ордун толтуруу боюнча кошумча шарттарсыз товар жана/же кызмат көрсөтүүлөр үчүн алдын ала төлөөнү кайтарып берүү ыкмаларын, жол-жобосун жана мөөнөттөрүн көрсөтүүгө;
6) сатып алуучунун товардан баш тартуу ыкмаларын, жол-жобосун жана мөөнөттөрүн көрсөтүүгө;
7) келишимде белгиленген мөөнөттө алдын ала төлөмдүн кайтарып берилишин камсыз кылууга;
8) сатып алуучуга товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү макулдашылган ыкмада жана макулдашылган убакытта жеткирилишин камсыз кылууга;
9) эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, товарларды жеткирүүнү же кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуу менен байланышкан тобокелдиктерди өзүнө алууга;
10) сатып алуучуга товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүнүн, төлөөнүн мүмкүн болгон ыкмаларын сунуштоого;
11) эгерде сатып алуучу тандап алган жеткирүү же төлөө ыкмасы жүзөгө ашырылышы мүмкүн болбосо, ага кабарлоого;
12) электрондук бүтүмдү жасоодо алынган жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды издөө, оңдоо, алып салуу үчүн мүмкүнчүлүк берүүгө;
13) электрондук бүтүмдү жасоодо алынган жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды издөө, өзгөртүү жана алып салуу үчүн ыкмалар, жол-жоболор жөнүндө маалымат берүүгө;
14) ар-намыска, кадыр-баркка жана ишкердик беделге шек келтиргендерди кошпогондо, интернет-ресурста сунушталган товарлар же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө комментарийлердин жана пикирлердин сакталышын камсыз кылууга;
15) интеллектуалдык менчик объектилерине болгон укуктарды бузуу жөнүндө кабарлоо берүүнүн техникалык мүмкүндүгүн камсыз кылууга;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде документтерди жана маалыматтарды берүүнү камсыз кылууга;
17) өзүнүн интернет-ресурсу болгондо, анын башкы бетине өзүнүн экономикалык ишин токтоткондугу жөнүндө маалыматты мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндөн кеч эмес убакытта жайгаштырууга;
18) электрондук бүтүмдүн катышуучуларынын талабы боюнча келишимдерди жана операциялардын тарыхын берүүгө;
19) купуялык саясатты жүргүзүүгө жана ал жөнүндө керектөөчүгө өз убагында маалымдоого;
20) төлөмдөргө байланыштуу тобокелдиктерге, анын ичинде жеке маалыматтарга санкцияланбаган жетүүнүн же аларды пайдалануунун натыйжасында келип чыгуучу тобокелдиктерге, ошондой эле жеке маалыматтарды уурдоого жана алдамчылыкка байланыштуу тобокелдиктерге жараша коопсуздук чараларын көрүүгө;
21) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүүгө;
22) бүтүмдүн кандай болбосун этабында керектөөчүнүн электрондук бүтүм жөнүндө маалыматка жетүүсүн камсыздоого;
23) керектөөчүлөрдүн өз укуктарын, анын ичинде товардан же кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу, электрондук бүтүмдү өзгөртүү жана токтотуу, сатуудан кийинки тейлөө, кайтарып берүү, алмашуу жана кепилдиктерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;
24) керектөөчүгө даттанууну берүү датасы жана убактысы жөнүндө маалыматты берүүчү керектөөчүлөрдүн даттанууларын кароо механизминин иштөөсүн, ошондой эле аны андан ары көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;
25) керектөөчү мурда жазылган жарнамалык таратуулардан чыгуусуна мүмкүнчүлүк берүүгө.
2. Соода платформасы аркылуу ишин жүзөгө ашыруучу сатуучу ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты соода платформасынын операторуна берүүгө милдеттүү.
3. Керектөөчүнүн даттануусун кароо мөөнөтү 10 календардык күндөн ашпоого тийиш.
4. Анык эмес маалымат бергендиги үчүн сатуучу ушул Мыйзамда жана/же жарандык мыйзамдарга ылайык керектөөчү менен түзүлгөн электрондук бүтүмдүн шарттарында каралган жоопкерчиликти тартат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Соода платформасынын оператору
1. Соода платформасынын оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) каттоодо сатуучудан соода платформасынын оператору тарабынан белгиленген тартипке ылайык сатуучуга карата коюлуучу талаптардын аткарылышына жана товарларга байланыштуу маалыматтарды берүүнү талап кылууга;
2) сатуучуну берилген маалыматка ылайык каттоого;
3) ыйгарым укуктуу органдан же сатып алуучудан соода платформасында сатуучунун ак ниетсиз жүрүм-турум фактысы камтылган суроо-талап келип түшкөн учурда чараларды көрүүгө;
4) соода платформасында төмөнкүлөр каралган кызмат көрсөтүүлөрдү берүү саясатын иштеп чыгууга жана электрондук бетке жайгаштырууга:
а) сатуучунун укуктарын жана милдеттерин;
б) сатуучуну соода платформасында эркин каттоо жол-жобосун;
в) сатуучунун жеке жана коммерциялык маалыматтарын платформадан алып салуу жол-жобосун;
г) товардын жана тейлөөнүн сапатын камсыз кылууну;
д) керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын жана жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды коргоону;
5) соода платформасында кызмат көрсөтүүлөр саясатындагы өзгөрүүлөр жөнүндө 30 календардык күндөн кем эмес мурда мөөнөттө билдирүүнү;
6) эгерде сатуучу кызмат көрсөтүүлөр саясатындагы өзгөрүүлөрдү кабыл алуудан баш тарткан учурда, сатуучунун соода платформасынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн баш тартуусуна тоскоолдук кылбоого;
7) кызмат көрсөтүүлөр саясатында өзгөрүүлөр киргенге чейин кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө макулдашууга жана транзакцияларды жасоо эрежелерине ылайык сатуучулар алдындагы милдеттенмелерди аткарууга;
8) атаандаштыкты жоюу же чектөө максатында рыноктогу өзүнүн үстөмдүк абалынан кыянат пайдаланбоого;
9) соода платформасындагы өзүнүн соода ишин сатуучулардын ишинен ажыратууга, ошонун өзү менен сатып алуучуларды жаңылдырбоого;
10) баа, сатуу көлөмү, товардын же сатуучунун соода платформасындагы рейтинги боюнча же башка критерийлерге ылайык сорттолгон товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү издөө мүмкүнчүлүгүн берүүгө;
11) "жарнама" белгиси менен жылдыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнүн натыйжасында белгилүү орунду ээлеген товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү белгилөөгө;
12) алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо электрондук бүтүмдүн катышуучуларына көмөк көрсөтүүгө;
13) интеллектуалдык менчик объектине укуктардын бузулушу жөнүндө кабарлама берүүгө техникалык мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга;
14) электрондук бүтүмдүн катышуучуларынын талабы боюнча келишимдерди жана операциялардын тарыхын берүүгө;
15) арыздануучунун даттануусун берүү жана кароо тартиби жөнүндө маалыматты жайгаштырууга;
16) арыздануучунун даттанууну электрондук формада берүү жана даттанууну кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматты даттануу берилген күндөн тартып 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;
17) соода платформасынын иши бузулганда документтердин архивинин сакталышын камсыз кылууга;
18) сатуучулардын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоосуна түрткү берүүчү зарыл чараларды көрүүгө;
19) сатуучуларга жана керектөөчүлөргө талаш-тартыштарды чечүүгө жана эки тараптын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга көмөктөшүүгө;
20) керектөөчүлөрдүн укуктарына терс таасирин тийгизе турган кандай болбосун аракеттерден качууга;
21) купуялуулук саясатын сактоого жана ап жөнүндө керектөөчүгө өз убагында маалымдоого;
22) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүүгө;
23) суроо-талап боюнча сатуучу жөнүндө маалымат берүүгө;
24) электрондук бүтүмдүн керектөөчүлөрүнө алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымдоого;
25) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууну уюштурган электрондук соода платформаларында санариптик арбитраж сервисинин ишин камсыз кылууга.
11. Соода платформасынын оператору керектөөчүлөргө товарлар үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү, аларды сактоо жана жеткирүү, жарнама боюнча жана башка кызматтарды көрсөтө алат, ошондой эле товарларды сатуучу катары чыга алат.
2. Эгерде соода платформасынын оператору бир эле убакта сатуучунун ишин жүзөгө ашырган учурда, анда ага ушул Мыйзамдын талаптары жайылтылат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Сатып алуучу
1. Сатып алуучу электрондук бүтүмдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) сатып алуу үчүн сунушталып жаткан товар жана/же кызмат көрсөтүү жөнүндө толук жана анык маалымат алууга жана аларды эркин тандоого;
2) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн укуктарын коргоого;
3) товардан баш тартууга/кайтарып берүүгө.
2. Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) электрондук бүтүм жасоо үчүн өзү жөнүндө анык маалыматтарды берүүгө;
2) товарларды жана/же жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга.
3) сатуучуларга, соода платформасынын операторлоруна жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга карата ак ниеттүүлүк менен иш алып баруу.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Ортомчу
1. Электрондук соодада төмөнкүлөр ортомчу болуп саналат:
1) логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн оператору жана/же жеткирүүчү,
2) почта байланышынын операторлору жана/же ишканалары;
3) электр байланышынын, ошондой эле байланыш, Интернет желесине же жалпы жеткиликтүү маалыматтык тутумдарга жетүү кызматтарын көрсөтүүчү мобилдүү уюлдук байланыштын операторлору жана/же жеткирүүчүлөрү;
4) банктар, төлөм тутумунун операторлору, төлөм жүргүзүү уюмдары жана алардын агенттери;
5) маалымат тутумдарын уюштуруу жана башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак;
6) Интернет желесине жана жалпыга жеткиликтүү маалыматтык тутумдарга электрондук беттерди (хостинг) жайгаштыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак;
7) электрондук билдирүүлөрдү жана документтерди жөнөтүү, кабыл алуу жана сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак;
8) электрондук бүтүмдөрдү жол-жоболоодо жана жасоодо электрондук жол-жоболорду камсыз кылуу жана колдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак.
2. Ортомчу төмөнкү шарттар сакталганда өткөрүп берилүүчү жана сакталуучу электрондук билдирүүлөрдүн жана документтердин, товарлардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартпайт:
1) ортомчу өткөрүп берүүнүн жана жайгаштыруунун демилгечиси болуп саналбаганда жана кабыл алуучуну аныктабаганда;
2) электрондук документтерди жана электрондук билдирүүлөрдү өткөрүп берүүнүн технологиялык процессин камсыз кылуу үчүн жүзөгө ашырылуучу өзгөрүүлөрдү кошпогондо, ортомчу байланыш кызматтарын көрсөтүүдө электрондук документтерди жана электрондук билдирүүлөрдү өзгөртпөгөндө.
3-глава. Электрондук бүтүмдү түзүү жана аткаруу
9-берене. Оферталар
1. Ушул Мыйзамдын максатында бир же бир нече конкреттүү жактарга даректелген, сунуш жасаган адамдын мындай сунушту кабыл алуучу адресат менен келишим түздү деп эсептөө ниетин туюндурган жетиштүү анык сунуш оферта деп таанылат.
2. Оферта товарды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу-сатуу келишиминин олуттуу шарттарын буга кошуп төмөнкүлөрдү камтуусу керек:
1) сатылуучу товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн жана жалпы баасын, анын ичинде товарды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу үчүн зарыл болгон кандай болбосун кошумча төлөмдөрдү, ошондой эле бааны аныктоо ыкмасын, эгерде товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөзүнө жараша бааны алдын ала аныктоо мүмкүн болбосо;
2) офертаны кабыл алуу ыкмасын жана тартибин, анын ичинде электрондук бүтүмдү түзүү шарттарын кошуп;
3) келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин;
4) товарды жеткирүүнү жана/же кызмат көрсөтүүнү төлөөнүн сунушталган ыкмаларын жана реквизиттерин;
5) сатып алуучунун акцептин чакыртып алуу тартибин жана мөөнөттөрүн;
6) электрондук билдирүүлөрдү жана документтерди, келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу менен байланышкан башка маалыматты сактоо тартибин;
7) жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарга, электрондук билдирүүлөргө жана документтерге, келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу менен байланышкан башка маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу тартибин;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ылайыктуулугун ырастоо жөнүндө документтерди, сыноолордун протоколдорун, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тастыктоо жөнүндө күбөлүктөрдү;
9) товарды кайтаруу/баш тартуу тартибин, шарттарын жана мөөнөттөрүн;
10) даттанууларды кароо жол-жоболорун жана кайрылуу үчүн кошумча байланыш маалыматын;
11) келишимдин иштөө мөөнөтүн жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин;
12) туруктуу төлөмдөр, анын ичинде автоматтык кайра сатып алуулар жана жазылуунун колдонуу мөөнөтүн узартууларды, ошондой эле мындай автоматтык чаралардан баш тартуунун ыкмаларын;
13) офертанын колдонулуш мөөнөтүн жана товардын же кызмат көрсөтүүнүн болуусун;
14) түзүлүүчү бүтүмгө тиешеси бар башка олуттуу шарттарды.
Келишимдердеги карама-каршылыктар, так эместиктер жана жетишпестиктер керектөөчүнүн пайдасына чечмелениши керек.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Акцепт
1. Ушул Мыйзамдын максатында сатуучу тарабынан аныкталуучу офертанын төмөнкү ыкмаларынын биринин шарттарын сатып алуучунун кабыл алышы акцепт деп таанылат:
1) сатып алуучунун товарды жана/же кызмат көрсөтүүнү сатып алууга макулдугу жөнүндө электрондук билдирүү жиберүүсү;
2) сатуучунун жана/же соода платформасынын операторунун маалыматтык тутумунда тапшырык берүү формасын толтуруусу жана ырастоосу.
2. Акцепт үчүн маалыматтарды киргизүү боюнча ката келип чыккан учурларда, сатып алуучу 3 сааттан кечиктирбестен, сатуучуга же соода платформасынын операторуна акцепти кайра чакыртып алуу жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
21. Акцептти жөнөтүүнүн алдында керектөөчүгө анын тапшырыгы жөнүндө жыйынды маалымат берилет, анда ар бир товардын баасы көрсөтүлүү менен толук сүрөттөлүшү, жеткирүүгө байланыштуу кандай болбосун кошумча төлөмдөр, ошондой эле төлөнүүгө тийиш болгон жалпы сумма камтылат.
3. Оферта шарттарын кабыл алганын көрсөтпөстөн, офертаны камтыган электрондук билдирүүнү алганы жөнүндө ырастоо, ошого тете эле сатып алуучунун унчукпоосу акцепт болуп саналбайт.
4. Сатып алуучунун офертада сунуш кылынгандан башка шарттарда келишим түзүүгө макулдугу жөнүндө электрондук билдирүүсү акцепт болуп саналбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Электрондук бүтүм
1. Эгерде сатып алуучу офертанын шарттарына макул болсо жана акцептти жол-жоболоо боюнча оферта жөнөткөн адамдын бардык талаптарын аткарса, электрондук бүтүм түзүлдү деп эсептелет.
2. Электрондук бүтүм келишими (мындан ары - Келишим) сатып алуучунун маалыматтарын бүтүмдү жол-жоболоо үчүн зарыл болгон бөлүгүндө гана камтышы керек.
3. Келишимдин олуттуу шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Келишимдин тараптарын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалым даректер;
2) Келишимдин предмети;
3) офертанын шарттары;
4) сатуучунун офертасынын айрым шарттарын кабыл алууда, сатып алуучу тандап алган акцепт ыкмасы;
5) ушул Мыйзамга ылайык Келишимдин тараптарынын укуктары жана милдеттери;
6) товар сатуучунун өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык, товардын ылайыктуулугун баалоо тууралуу жана чыгарылган жери жөнүндө документтер;
7) төлөм жүргүзүү тартиби;
8) Келишимдин тараптарынын товар жана/же кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдү накталай жана/же накталай эмес жана/же электрондук акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү төлөм маалым даректери;
9) түзүлүүчү бүтүмгө тиешеси бар, сатуучу тарабынан аныкталуучу башка олуттуу шарттар.
4. Келишим смарт-контрактты кошуп алганда, сатуучу менен сатып алуучунун маалыматтык тутумдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында түзүлөт.
5. Тараптардын биринин маалыматтык тутумунда жайгаштырылуучу Келишимдин ажырагыс бөлүгү катары тараптар макулдашкан келишимди өзүнчө электрондук документ менен түзүү мүмкүнчүлүгүнө жол берилет.
6. Эгерде Келишим оферта аныктамасына кирбеген электрондук документ түрүндө түзүлгөн учурда, сатуучу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) электрондук документтин коопсуздугун, сакталышын, аныктыгын жана өзгөрүлбөстүгүн;
2) электрондук документ жайгаштырылган маалыматтык тутумдун коопсуздугун жана корголушун;
3) келишимдин колдонулушунун бардык мөөнөтү ичинде Интернет желеси же жалпы пайдалануудагы маалыматтык тутумдар аркылуу электрондук документке тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүн;
4) келишимдин колдонулушунун мөөнөтү бүткөндөн кийин электрондук документтин архивде сакталышын.
7. Сатып алуучу тарабынан төлөө жүргүзгөндөн кийин келишимдин колдонулушун токтото туруу шарттары жарамсыз.
8. Сатып алуучу же анын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан жеткирүү жөнүндө актыга кол койгон дата жана убакыт товарды жеткирүү жөнүндө Келишимдин шарттарын аткаруу датасы жана убактысы болуп эсептелет.
9. Кызматтарды көрсөтүү жана/же жумуштар боюнча Келишимди аткаруу датасы жана убактысы болуп төмөнкү дата жана убакыт эсептелет:
1) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун же анын ыйгарым укуктуу адамынын кызмат көрсөтүү тууралуу актыга кол коюусу;
2) Келишимдин предметинин сатып алуучунун маалыматтык тутумуна келип түшүүсү.
10. Келишимдин тараптары Келишимдин предметин жеткирип берүү датасын/убактысын аныктоонун башка ыкмасын эскертүүлөрү мүмкүн.
11. Электрондук бүтүмдүн тараптары өздөрү түзгөн келишимдерде, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган укуктарды пайдаланышат жана милдеттерди тартышат.
12. Электрондук бүтүм аяктагандан кийин керектөөчү тапшырык таризделген күндөн кийинки календардык күндөн кечиктирбестен тапшырыктын келгендиги жөнүндө кабарлама алууга тийиш. Бул кабарламада жеткирүү убактысы, тапшырык берилген товарлардын так тизмеги, жеткирүү чыгымдары жана колдонулган төлөм ыкмасы көрсөтүлүүсү керек.
13. Керектөөчүгө электрондук бүтүм жүргүзүү үчүн алар колдонгон түзүлүш же платформа менен шайкеш келген форматта электрондук бүтүм жөнүндө толук, так жана туруктуу жазуу берилиши керек.
14. Электрондук бүтүмдү бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Электрондук бүтүмдүн өзгөчөлүктөрү
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында башкача белгиленбесе, электрондук бүтүмдүн тараптары төмөнкүлөрдү өз алдынча аныктоого укуктуу:
1) электрондук документтерди алмашуу тартибин;
2) келишим түзүү боюнча иш-аракеттерди жасоо тартибин;
3) мындай келишимдерди верификациялоо ыкмаларын;
4) маалыматтардын аныктыгын текшерүү тартибин;
5) маалыматтык тутумдарды пайдалануу тартибин;
6) товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү, маалыматтарды, ошондой эле интеллектуалдык иштин натыйжаларын сатып алуу, сатуу жана алмашуу тартибин жана мөөнөттөрүн.
2. Электрондук бүтүм түзүү жол-жоболору кандай болбосун маалымат тутумдарын жана/же маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу аркылуу ишке ашырылат.
3. Электрондук бүтүм түзүү жана аткаруу жол-жоболору бардык электрондук бүтүмгө же болбосо анын айрым бир бөлүктөрүнө карата электрондук документтерди алмашуунун негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4. Электрондук бүтүм төмөнкү учурларда түзүлдү деп таанылбайт жана оферта жиберген адам үчүн, ошого тете эле оферта алган адам үчүн да юридикалык кесепеттерге алып келбейт, эгерде:
1) оферта алган адам келишим түзүү үчүн зарыл акцептти жол-жоболоодо, оферта жиберген адамдын талаптарынын бирин аткарбаса же болбосо талаптагыдай эмес аткарса;
2) оферта жиберген соода платформасынын сатуучусу же оператору керектөөчүгө акцептке чейин тапшырыкты ырастоо формасын толтуруунун тууралыгын текшерүү жана анын каталарын оңдоо мүмкүнчүлүгүн бербесе;
3) банк, төлөм тутумунун оператору, төлөм уюму керектөөчүгө жүзөгө ашырылуучу төлөмдү жол-жоболоонун жана каталарды оңдоонун тууралыгын текшерүү мүмкүнчүлүгүн бербесе;
4) оферта жиберген адамдын маалыматтык тутуму оферта алуучу адамга офертада аныкталган мөөнөттө акцептти кайра чакыртып алуу мүмкүнчүлүгүн бербесе.
5. Товарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучуга өткөрүп берген учур электрондук бүтүмдүн аяктаганы деп таанылат.
4-глава. Электрондук документтер жана билдирүүлөр
13-берене. Электрондук документ жана билдирүүлөр
1. Электрондук бүтүмдү түзүү, аткаруу жана аны токтотуу процессинде электрондук билдирүүлөр пайдаланылат.
2. Электрондук бүтүмдүн бир же эки тарабы үчүн юридикалык кесепеттери бар электрондук билдирүүлөр электрондук документ деп таанылат.
3. Электрондук документ жана электрондук билдирүү төмөнкүдөй берилиши мүмкүн:
1) электрондук алып жүрүүчүдө ички сунуштама формасында;
2) кагаз түрүндө же болбосо адамдын кабыл алуусу үчүн жеткиликтүү формада башка электрондук алып жүрүүчүдө сырткы сунуштама формасында.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн формаларда берилген электрондук документтер бирдей юридикалык күчкө ээ жана Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
14-берене. Электрондук документтерди жана билдирүүлөрдү алмашууну уюштурууга карата жалпы талаптар
1. Электрондук документ же билдирүү төмөнкү учурларда жөнөтүүчүдөн кетти деп эсептелет, эгерде ал:
1) жөнөтүүчүнүн өзү же жөнүтүүчүнүн атынан аракеттенген, ал ыйгарым укук берген адам тарабынан жөнөтүлсө;
2) пайдалануунун өзгөчө укугу жөнөтүүчүгө таандык болгон маалыматтык тутумдун аккаунтунан автоматтык түрдө түзүлсө жана анын атынан жөнөтүлсө.
2. Эгерде документ товарды, жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучунун интернет-ресурсуна же алуучунун почта серверине келип түшсө же болбосо адресат тарабынан документти алганы жооп-билдирүү менен ырасталса, электрондук документ же билдирүү алынды деп эсептелет.
3. Келишим боюнча товарды, жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучунун же сатып алуучунун интернет-ресурсуна келип түшкөн жана алуучу тарабынан аны алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн учур электрондук документти же билдирүүнү алуу убактысы болуп саналат.
4. Документ же билдирүү жөнөтүүчүнүн же анын атынан аракеттенген ыйгарым укуктуу адамдын маалыматтык тутуму боюнча жөнөтүлгөн учур, электрондук документтин жөнөтүлгөн убактысы болуп саналат.
5-глава. Электрондук соода чөйрөсүндө электрондук документтерди жана билдирүүлөрдү коргоону жана сактоону камсыз кылуу
15-берене. Коопсуздукту жана санарип туруктулугун камсыз кылуу боюнча талаптар
1. Электрондук соода чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өздөрүнүн маалыматтык тутумдарын, электрондук документтерин жана билдирүүлөрүн сактоо жана коргоо чөйрөсүнүн, алардын аныктыгын текшерүү ыкмаларынын корголушунун зарыл деңгээлин аныктоого жана камсыз кылууга;
2) тобокелдиктерди төмөндөтүү, маалыматтык коопсуздук коркунучтарын болтурбоо боюнча иш-аракеттерди алдын ала кароого;
3) электрондук документтердин жана билдирүүлөрдүн мазмунун жана/же аларды пайдалануунун тартибин өзгөртпөөгө.
2. Маалыматтык тутумдарда электрондук документтерди жана билдирүүлөрдү электрондук бүтүмдөрдүн контролунан тышкары жүгүрткөн, жөнөткөн же сактаган ортомчулар төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартышат:
1) электрондук документтердин жана билдирүүлөрдүн коопсуздук талаптарын, коргоо жана алардын аныктыгын камсыз кылуу талаптарын аткарбаганы;
2) электрондук документтерде жана билдирүүлөрдө маалыматтарды жоготкону, бурмалаганы жана/же өзгөрткөнү;
3) жеке корреспонденцияны ачканы жана караганы;
4) электрондук документтерди жана билдирүүлөрдү жасалмалаганы;
5) үчүнчү жактардын башка мыйзамсыз кийлигишүүлөрү.
3. Электрондук сооданын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген талаптарга ылайык электрондук соода чөйрөсүндө санарип туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Электрондук документтерди архивдик сактоонун тартиби, шарттары жана өзгөчөлүктөрү
1. Электрондук документтерди Мамлекеттик архивге өткөрүп берүүдө жака сактоодо тараптар алардын бүтүндүгүн, корголушун жана электрондук документтин кагаз формасында резервдик көчүрмөлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
2. Электрондук документтерди жана билдирүүлөрдү архивдик сактоо мөөнөттөрү архивдик иштер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сактоо мөөнөттөрүнө ылайык келиши керек.
3. Электрондук документтер мамлекеттик органдардын жана электрондук бүтүмдүн тараптарынын суроо-талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын архив иши боюнча мыйзамдарына ылайык берилет.
4. Электрондук бүтүмдүн тараптары өздөрүнүн электрондук документтерин электрондук документтерди депозитардык сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүүнү үчүнчү жактарга убактылуу архивдик сактоого өткөрүп берүүгө укуктуу.
6-глава. Интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо
17-берене. Сатуучу тарабынан интеллектуалдык менчик объекттерине укуктардын корголушу
1. Сатуучу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды сактоого тийиш.
2. Интеллектуалдык менчик объектине өзгөчө укукка ээ адам (укук ээси), эгерде мындай укук сатуучу тарабынан бузулган учурда, бул туурасында сатуучуга мындай мыйзам бузууну токтотууну талап кылуу менен кабарлама жөнөтүүгө укуктуу.
3. Укук ээсинин сатуучуга анын интеллектуалдык менчик объектине укугу бузулганы жөнүндө кабарламасында мындай укуктарды ырастоочу маалымат камтылуусу керек.
4. Сатуучу ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кабарламаны алгандан кийин:
1) тиешелүү веб-шилтемелерди тосмолоо жолу менен тиешелүү товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну токтото турат жана бул тууралуу укук ээсине билдирет; же
2) авторго/укук ээсине интеллектуалдык менчикке укуктарды бузуу жок экени тууралуу жооп жөнөтөт, ал өзүнө бузуулардын жоктугунун далилин камтыйт.
5. Сатуучунун ушул беренеде белгиленген интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоо боюнча иш-аракеттери болбогондо, укук ээси укуктарын коргоо үчүн компетенттүү мамлекеттик же сот органдарына кайрылууга укуктуу.
18-берене. Соода платформасында интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо
1. Соода платформасынын оператору Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык соода платформасында интеллектуалдык менчикке укукту сактоого тийиш.
2. Укук ээси соода платформасында анын интеллектуалдык менчикке укуктары бузулган учурда, бул тууралуу соода платформасынын операторуна кабарлама жиберүүгө укуктуу.
3. Автордун/укук ээсинин соода платформасында анын интеллектуалдык менчикке укуктарынын сатуучу тарабынан бузулганы жөнүндө соода платформасынын операторуна жөнөтүлгөн кабарламасы мындай укуктарды ырастоочу маалыматтарды камтуусу керек.
4. Соода платформасынын оператору ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кабарламаны алгандан кийин:
1) интеллектуалдык менчикке укукту бузуучу тиешелүү товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну соода платформасындагы тиешелүү веб-шилтемелерди 30 календардык күндүк мөөнөткө тосмолоо жолу менен бир эле убакта мындай кабарламаны соода платформасындагы сатуучуга жөнөтүү менен токтотуп туруусу;
2) көрүлгөн чаралар жөнүндө укук ээсине маалымдоосу тийиш.
5. Соода платформасындагы сатуучу автордон/укук ээсинен ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчикке анын укуктары бузулганы жөнүндө кабарламаны алгандан кийин:
1) интеллектуалдык менчикке укуктардын бузулушун четтетет жана бул тууралуу соода платформасынын операторуна жана авторго/укук ээсине маалымдайт; же
2) укук ээсине интеллектуалдык менчикке укуктарын бузуулар жок экени тууралуу жооп жөнөтөт, анда бузуулардын жок экенинин далилин камтылат.
6. Соода платформасынын оператору, ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн чараларды колдонууну, укук ээсинин макулдугу менен гана мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу укугуна ээ.
7. Укук ээси тарабынан соода платформасынын операторуна тиешелүү сот органында мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын калыбына келтирүү боюнча алар тарабынан тиешелүү чаралар көрүлгөнүн күбөлөндүрүүчү документтер берилген учурларды кошпогондо, ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар мөөнөтү өткөндөн кийин токтотулат. Бул учурда ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар соттун тиешелүү чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин узартылат.
8. Соода платформасынын оператору тарабынан ушул беренеде каралган иш-аракеттер аткарылбаганда, соода платформасынын оператору сатуучу менен бирдей эле жоопкерчилик тартат.
19-берене. Ортомчулар тарабынан интеллектуалдык менчик объекттерине укуктардын корголушу
1. Ортомчу укук ээсинен сатуучу же соода платформасынын оператору тарабынан интеллектуалдык менчикке укуктары бузулганы жөнүндө кабарлама алган учурда, мындай кабарламаны ал кызмат көрсөткөн соода платформасынын сатуучусуна же операторуна кайра жөнөтүүгө милдеттүү.
2. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу электрондук билдирүүлөрдү жана электрондук документтерди өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу же электрондук билдирүүлөр менен электрондук документтерди Интернет желесине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн берүүчү ортомчу, тиешелүүлүгүнө жараша бул өткөрүп берүүнүн жана жайгаштыруунун натыйжасында болгон интеллектуалдык менчикке укуктарды бузганы үчүн төмөнкү шарттарды сактаганда жоопкерчилик тартпайт:
1) эгерде ал өткөрүп берүүнүн жана жайгаштыруунун демилгечиси болуп саналбаса жана кабыл алуучуну аныктабаса;
2) материалды өткөрүп берүүнүн технологиялык процессин камсыз кылуу үчүн жүзөгө ашырылуучу өзгөрүүлөрдү кошпогондо, эгерде ал байланыш кызматтарын көрсөтүүдө электрондук билдирүүлөрдү жана электрондук документтерди өзгөртпөсө.
3. Ортомчу тарабынан ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар сакталбаганда, ортомчу соода платформасынын сатуучусу же оператору менен бирдей жоопкерчилик тартат.
7-глава. Корутунду жоболор
20-берене. Кыргыз Республикасынын электрондук соода жөнүндө мыйзамдарын бузганы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамда камтылган ченемдерди бузуу Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июнундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 155 (3334) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |