Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 18-январы № 5
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490 ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
141-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 37-пункт менен толукталсын:
«37) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар – функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз байланышкан доолор боюнча.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 22-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |