Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 20-январы № 6
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-статьянын -4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"84) көрүстөн, таштанды полигондору, ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу объекттери, тазалоочу курулмалар, саламаттык сактоо, мектеп жана мектепке чейинки балдар мекемелери, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү объекттер үчүн бөлүнүүчү жерлердин бардык категорияларын жана түрлөрүн жерлердин башка категорияларына которуу;".
2-берене.
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пунктунда "сугаруу жана" деген сөздөр "сугаруу же" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган саламаттык сактоо, мектеп, мектепке чейинки балдар, социалдык мекемелер, маданият, искусство чөйрөсүндөгү объекттерди жана чакан ГЭС куруу;";
в) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылуучу инженердик жана транспорттук инфратүзүм объекттерин жана көрүстөндөрдү куруу;";
г) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пункттар менен толукталсын:
"8) ата-мекендик инвесторлор тарабынан жүзөгө ашырылуучу суу сактагычтары жана плотиналары бар ири электр энергетикалык өндүрүш кубаттуулуктарын куруу;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде мамлекеттик муктаждыктар үчүн объекттерди куруу.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 100-берененин биринчи бөлүгү "Токой фондусунун участокторун" деген сөздөрдөн мурда "ата мекендик инвесторлор тарабынан жүзөгө ашырылуучу суу сактагычтары жана плотиналары бар ири электр энергетикалык өндүрүш кубаттуулуктарын, чакан ГЭС куруу үчүн которулуучу (трансформациялануучу) токой фондусунун жерлерин кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 101-берененин биринчи бөлүгү "Токой фондусунун участокторун" деген сөздөрдөн мурда "ата мекендик инвесторлор тарабынан жүзөгө ашырылуучу суу сактагычтары жана плотиналары бар ири электр энергетикалык өндүрүш кубаттуулуктарын, чакан ГЭС куруу үчүн которулуучу (трансформациялануучу) токой фондусунун жерлерин кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 25-январындагы № 11 (3346) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 20-январы № 6
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)