Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 21-январы № 11
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Жарандык авиация чөйрөсүндө уруксаттарды берүү, таануу, узартуу, колдонулушун токтотуп туруу жана жокко чыгаруу тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдары менен жөнгө салынат.";
3) 4-беренеде:
а) он экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестри - электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн бөлүгү болуп саналган лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган маалыматтар базасы.";
4) 6-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "тобокелдигинин жол берилген чектүү деңгээлин" деген сөздөр "тобокелдигин" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестри
1. Лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестри (мындан ары - реестр) берилген лицензиялардын жана уруксаттардын бар экендигин жана алардын укуктук статусун ырастоочу жалгыз булак болуп саналат.
2. Лицензиялар жана уруксаттар реестрге киргизилет. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Реестр төмөнкүлөрдү камтыйт:
- куралдуу күчтөр, укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан берилген лицензияларды жана уруксаттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасында берилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган чет мамлекеттердин лицензия берүүчүлөрү тарабынан берилген бардык лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтарды;
- маалыматтык бөлүктү.
4. Берилген лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин;
2) юридикалык жактын толук жана (эгерде бар болсо) кыскартылган аталышын, анын ичинде фирмалык аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын, юридикалык дарегин;
3) жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын жашаган жерин, анын ким экендигин тастыктоочу документтин маалыматтарын, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номерин;
4) иштин лицензиялануучу түрүн;
5) ишти жүзөгө ашыруу аймагы жөнүндө маалыматтарды (эгерде аймактык жактан чектелген болсо);
6) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтүн;
7) лицензия жана (же) уруксат берилген датаны жана каттоо номерин;
8) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруунун жана кайра жаңылоонун негизин жана мөөнөтүн;
9) лицензияны жана (же) уруксатты токтотуунун негизин жана датасын.
5. Маалыматтык бөлүк төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ушул Мыйзамга ылайык берилүүчү лицензиялардын жана уруксаттардын тизмегин;
2) лицензияны жана уруксатты алуу тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актылардын тизмегин жана ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди;
3) лицензияларды жана уруксаттарды алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин;
4) лицензияларды жана уруксаттарды алууга арыз ээлерине карата талаптарды;
5) лицензияларды жана уруксаттарды алууга арыздарды берүү жана кароо жол-жоболорунун сыпаттамасын;
6) лицензияларды жана уруксаттарды берүүдөн баш тартуу үчүн негиздерди;
7) лицензиялоочу органдардын чечимдерин даттануу жол-жоболорунун сыпаттамасын;
8) лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү, даттанууларды кароону жүзөгө ашыруучу органдардын, анын ичинде региондук бөлүмдөрдүн аталышын, жайгашкан жерин жана иштөө режимин;
9) мамлекеттик алымды төлөө өлчөмүн жана тартибин;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка маалыматтарды.
Маалыматтык бөлүктү түзгөн маалыматтардын аныктыгы лицензиялоону жана уруксаттарды берүүнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан камсыз кылынат.
6. Эгерде "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача белгиленбесе, лицензиялардын жана уруксаттардын реестринде камтылган маалыматтар ачык болуп саналат.";
б) 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү субъекттер
1. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү субъекттер:
1) лицензия берүүчү;
2) лицензия алуучу (менчигинин түрүнө карабастан жеке же юридикалык жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак).
2. Лицензиялар жана (же) уруксаттар лицензия берүүчүнүн борбордук органдары же аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилиши мүмкүн.";
7) 15-беренеде:
а) 19, 20, 59 жана 60-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:
"61) бир тараптуу тартипте убактылуу лицензиялоо киргизилген товарлардын импорту, экспорту.";
8) 17-беренеде:
а) 21-25 жана 30-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) "мамлекеттик же кызыктыруучу лотереяны өткөрүү" деген 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38) мамлекеттик же кызыктыруучу лотереяны өткөрүү;";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 39-41-пункттар менен толукталсын:
"39) аба кемелерин жер үстүндө тейлөө;
40) атайын учууну аткаруу;
41) борттук радиостанцияларды колдонуу.";
9) 18-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 4-пунктунда "лицензиялык жыйымды" деген сөздөр "мамлекеттик алымды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Лицензия берүүчү компетенттүү мамлекеттик органдардан лицензияларды жана уруксаттарды берүү үчүн зарыл болгон документтерди ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу сурайт. Мындай учурда арыз ээсинен документтерди кагаз жүзүндө берүү талап кылынбайт.";
в) 2-бөлүктө "белгиленген формадагы арызды толтурат жана ошол эле убакта ушул беренеде каралган документтердин сканерден өткөрүлгөн түп нускаларын электрондук форматта тиркейт" деген сөздөр "же Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелеринде белгиленген тартипте Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында белгиленген формадагы арызды толтурат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 21-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда "лицензиялык жыйымдын" деген сөздөр "мамлекеттик алымдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 27-берененин 6-бөлүгүндө "үч" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
12) 28 жана 29-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Лицензиялык контроль
1. Лицензиялык контроль тийиштүү лицензия берүүчү тарабынан лицензия алуучунун ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо белгиленген лицензиялык талаптарды сактоосун текшерүү максатында жүргүзүлөт. Лицензиялык контроль жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Лицензиялык контроль лицензиялык текшерүү формасында жүргүзүлөт.
3. Лицензиялык текшерүүлөр төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) лицензияга чейинки текшерүүлөр - лицензиялануучу иштин билдирилген түрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон адистердин, жайлардын, транспорттун, жабдуулардын жана документтердин бар экендиги жагынан арыз ээси лицензия алганга чейин лицензия берүүчү тарабынан жүргүзүлүүчү иликтөө;
2) лицензиядан кийинки текшерүүлөр - пландуу текшерүүлөр, лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды сактоосу боюнча лицензияларды колдонуу мезгилинде лицензия берүүчү тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөр;
3) пландан тышкары текшерүүлөр - лицензия алуучу лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке жана юридикалык жактардан арыздар келип түшкөндө жана (же) лицензияланууга тийиш иштин түрлөрү боюнча лицензия албастан жеке жана (же) юридикалык жак иш жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар келип түшкөндө лицензия берүүчүлөр жүргүзүүчү иликтөөлөр жана текшерүүлөр. Мурдагы лицензиялык контролдун жыйынтыктары боюнча лицензиялык талаптарды бузууларды аныктоо жана жоюу жагынан пландан тышкаркы лицензиялык контролду жүзөгө ашыруу.
4. Лицензия алуучуну пландуу лицензиялык текшерүү белгиленген тартипте иштелип чыккан жана лицензиялоочу органдын буйругу менен бекитилүүчү пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ар жылдагы планына ылайык жүргүзүлөт.
Лицензиялык контролдоо формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү лицензиялык текшерүү баракчасын лицензия берүүчү милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт.
5. Арыз ээсинин лицензиялык талаптарга шайкештигин иликтөө, ошондой эле лицензия алуучу лицензиялык талаптарды аткарышын текшерүү, лицензия алуучу мурдагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузууларды жоюшун текшерүү, лицензия алуучунун өзүнө карата текшерүү жүргүзүү жөнүндө арызы боюнча текшерүү, ошондой эле лицензия алуучу лицензиялык талаптардын бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастоочу документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучу лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке же юридикалык жактын арызы боюнча текшерүү лицензиялык текшерүүнүн предмети болуп саналат.
6. Лицензия алуучуну пландан тышкаркы текшерүү төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын жоюу жөнүндө лицензиялоочу органдын мурда берген тиешелүү актыны лицензия алуучу аткара турган мөөнөттүн аякташы;
2) лицензия алуучу лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучу лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жарандардан, анын ичинде жеке ишкерлерден, юридикалык жактардан кайрылуулардын, арыздардын, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалыматтардын лицензиялоочу органга түшүүсү;
3) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык лицензияны колдонуу токтотулуп турган мөөнөттүн аякташы;
4) лицензия алуучунун лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын мөөнөтүнөн мурда жоюу фактысын белгилөө максатында лицензиялоочу орган тарабынан пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө өтүнмөнүн болушу.
7. Лицензиялоочу орган ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча лицензия алуучуга алдын ала кабарлоо жибербестен пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
8. Лицензиялык талаптар аткарылбаган учурда лицензия берүүчү лицензия алуучуга төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдоно алат:
1) эскертүү;
2) айып;
3) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруу;
4) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү.
9. Лицензиялык талаптарды бир жолу бузгандыгы үчүн лицензия берүүчү эскертүү берүү түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.
10. Лицензиялык талаптарды экинчи жолу бузгандыгы үчүн лицензия берүүчү айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.
11. Айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.
29-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруу
1. Лицензия берүүчү лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну төмөнкүдөй учурда токтотуп турат:
1) лицензиялык талаптар бир жылдын ичинде үч жолу бузулганда;
2) лицензия берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүндө көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды лицензия алуучу бузгандыгы белгиленген мөөнөттө жоюлбаганда;
3) лицензия алуучу маалыматтары анык эмес документтерди бергендигинин фактылары аныкталганда;
4) лицензия алуучу адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоочу лицензиялык талаптарды бузганда.
Лицензиялык талаптардын толук тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Ушул бөлүктүн 1-4-пункттарында каралган учурларда лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу бузуунун себептери жоюлганга чейин токтотулуп турат.
Лицензия алуучу ушул бөлүктүн 1-4-пункттарында каралган бузууларды токсон календардык күндүн ичинде жоюуга милдеттүү.
2. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууларды ал жойгондугу жөнүндө лицензия берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
3. Лицензияны колдонуу мөөнөтү аны колдонуу токтотулуп турган мезгилге узартылбайт.
4. Эгерде лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууларды белгиленген мөөнөттө жойбосо, лицензия жана (же) уруксат ушул Мыйзамдын 32-беренесинде каралган тартипте жокко чыгарылат.
5. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруу жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.";
13) 31-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу
1. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө арызы менен кайрылганда;
2) лицензия алуучунун иши токтотулганда;
3) юридикалык жак жоюлганда;
4) жеке жак белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылганда же ал каза болгондо;
5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
6) иштин айрым түрү иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен алып салынганда;
7) аларды жүзөгө ашырууга лицензия жана (же) уруксат берилген иш-аракеттерди, операцияларды толук көлөмдө жүргүзгөндө;
8) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.
2. Лицензиялоочу органдын лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө чечими лицензия алуучуга ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жеткирилет.
3. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу лицензиялоочу орган лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып, же болбосо лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.";
14) 33-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 25-январындагы № 11 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тогуз айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 22-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |