Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 20-январы № 8
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы отузунчу абзац менен толукталсын:
"горизонталдык макулдашуулар - бир товардык рынокто товарларды сатууну жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы же бир товардык рыноктон товарларды сатып алууну жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашуу;";
2) 4-берененин 6-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы "Кыргыз Республикасынын товардык рынокторундагы атаандаштыктын абалы" деген сөздөрдөн кийин "жана алар үчүн атаандаштык эрежелеринин бузулушуна бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралар" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 4-1-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө:
- бөлүк "баадан ашпаган учурда" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле инновациялык иштин, башкача айтканда өз ара бирин-бири алмаштыра албаган жаңы товарды өндүрүүгө алып келүүчү иштин натыйжасы болуп саналган товар баасы" деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде салыштырма товардык рынокто, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары атаандаштык шартында түзүлгөн бааны аныктоого мүмкүн болбогон учурда чарба жүргүзүүчү субъекттин чыгымдарына жана пайдасына талдоо жүргүзүлөт жана товардын негизделген баасы аныкталат.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Монополиялык жогору бааны аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
4) 4-2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Монополиялык төмөн бааны аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
5) 7-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде горизонталдык макулдашуулар, анын ичинде багытталган макулдашуулар атаандаштыкты чектөөгө алып келсе, же болбосо алып келиши ыктымал болсо мындай макулдашууларга тыюу салынат:";
б) 2-1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-1. Ушул Мыйзамдын 7-2-беренесине ылайык жол берилет деп таанылган вертикалдуу макулдашууларды кошпогондо, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашууларга тыюу салынат, эгерде мындай макулдашуулар атаандаштыкты чектөөгө алып келери же алып келиши мүмкүн экендиги аныкталса, анын ичинде:
1) рыноктун башка чарба жүргүзүүчү субъекттери менен мааниси бирдей келишимдерге басмырлоочу шарттарды белгилөөчү же колдоочу, анын ичинде товарларды сатып алуу жана (же) сатуу боюнча макулдашылган шарттарды белгилөөчү;
2) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан бир эле товарга экономикалык, технологиялык жана башка жолдор менен негизделбеген ар түрдүү бааларды (тарифтерди) коюу;
3) башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге товардык рынокко кирүүгө же товардык рыноктон чыгууга тоскоолдуктарды жаратуучу;
4) кесипкөй же башка бирикмелерде мүчөлүк (катышуу) шарттарын белгилөө жөнүндө;
5) товарды сатууну негизсиз чектөө же токтотуу жөнүндө.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-2-бөлүк менен толукталсын:
"2-2. Жеке жана юридикалык жактарга ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө саналган кесепеттерге алып келүүгө жөндөмдүү, алып келүүчү же алып келген чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономикалык ишин координациялоого тыюу салынат.";
г) 3-бөлүгүндө "жана 2-бөлүгүндө" деген сөздөр "2 жана 2-1-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Экономикалык концентрацияга мамлекеттик контролдоо
1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин пайда болуусун жана (же) атаандаштыкты чектөөнүн алдын алуу максатында монополияга каршы орган тарабынан төмөнкү учурларда мамлекеттик контроль жүргүзүлөт:
1) чарба жүргүзүүчү субъекттерди (алардын бирикмелерин) бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү жолдору менен кайра уюштурууда;
2) акциялардын (уставдык капиталда катышуу үлүшү) 5 пайыздан ашыгы мамлекетке таандык чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүдө;
3) ушул Мыйзамдын 3 жана 5-беренелерине ылайык, катышуучулары алар менен аффилирленген жактар жана/же жактардын тобу болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүдө;
4) мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды түзүүдө, жоюуда жана бириктирүү, кошуу жолу менен кайра уюштурууда.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда чарба жүргүзүүчү субъектти түзүү, жоюу жана бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алууда монополияга каршы органдын макулдугун алуулары зарыл.
Монополияга каршы органдын макулдугун алууга документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипке ылайык берилет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган чарба жүргүзүүчү субъекттер түзүлгөн, жоюу жана бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулган учурларда, аларды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) монополияга каршы органдын алдын ала макулдугу менен гана каттоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган чарба жүргүзүүчү субъекттерди каттоо (кайра каттоо) монополияга каршы органдын алдын ала макулдашуусуз каттоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылса, жараксыз деп таанылат же токтотулат.";
7) мамлекеттик тилдеги тексттин 18-1-беренесинде:
а) аталышында "эскертүү" деген сөз "алдын ала эскертүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүндө "эскертүү (мындан ары - эскертүү)" деген сөздөр "алдын ала эскертүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-бөлүгүндө "эскертүү" деген сөз "алдын ала эскертүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 3-бөлүгүндө "Эскертүү" деген сөз "Алдын ала эскертүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 18-2-берене менен толукталсын:
"18-2-берене. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилерин камтыган иш-аракеттерди (аракетсиздикти) токтотуу жөнүндө эскертүү
1. Атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө, четтетүүгө жана/же ишкердик чөйрөсүндөгү башка жактардын (чарба жүргүзүүчү субъекттердин) кызыкчылыктарын кысымга алып келүүчү же болбосо керектөөчүлөрдүн белгисиз чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын кысымга алып келүүчү же алып келүүсү ыктымал болгон аракеттерге (аракетсиздиктерге) бөгөт коюу максатында, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 3-6, 9, 10, 13-пункттарын, 8 жана 9-беренелерин бузган белгилери аныкталган учурда монополияга каршы орган мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө катышуучу чарба жүргүзүүчү субъектке, мамлекеттик органга, өз алдынча башкаруу органына жана башка уюмдарга жазуу жүзүндө эскертүү берет.
2. Монополияга каршы орган тарабынан ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 3-6, 9,10, 13-пункттарын, 8 жана 9-беренелерин бузгандыгы жөнүндө ишти кароо тууралуу чечимди эскертүү бербестен жана аны аткаруу мөөнөтү бүткөнгө чейин кабыл алууга жол берилбейт.
3. Монополияга каршы мыйзамдарды бузгандыгы жөнүндө ишти кароо учурунда ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 3-6, 9, 10, 13-пункттарын, 8 жана 9-беренелерин бузган белгилери аныкталган жана алар мындай иш каралып жаткан мезгилинде белгилүү болбогон учурда, бул ишти кароодо монополияга каршы орган тарабынан эскертүү берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 22-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ