КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 24-февралы № 16
2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосунда Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосунда Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондуна Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 2-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |