Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 20-майы № 34
"Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 510-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) коргонууну жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин өркүндөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизүү;";
2) 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Коопсуздук кеңешинин курамы жана аны түзүү тартиби
Коопсуздук кеңешинин курамын Кыргыз Республикасынын Президенти түзөт.";
3) 6-берененин 3-бөлүгүндө "Премьер-министри", "Премьер-министринин" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин Төрагасы", "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 8-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.";
5) 9-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Коопсуздук кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук формасы болуп анын жыйналышы саналат. Коопсуздук кеңешинин жыйналыштары зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.";
б) 6-бөлүктө ", алар Коопсуздук кеңешинин катчысынын жетекчилигинде өткөрүлөт" деген сөздөр алып салынсын;
в) 8-бөлүктө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 91-берене менен толукталсын:
"91-берене. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелери
1. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун башкаруу чечимдерин, анын ичинде ыкчам же кечиктирилгис мүнөздөгү башка чечимдерди кабыл алууну талап кылган маселелерди талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн катышуусу менен анын ыкчам жана жумушчу кеңешмелери өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелерин Коопсуздук кеңешинин Төрагасы алып барат.
Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча ыкчам жана жумушчу кеңешмелер Коопсуздук кеңешинин катчысынын жетекчилиги астында өткөрүлүшү мүмкүн.
3. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелери, эгерде аларга анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.
4. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелеринде чечимдер Коопсуздук кеңешинин катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протоколдор менен таризделет.
5. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелерине мамлекеттик органдардын жетекчилери жана башка адамдар чакырылышы мүмкүн.";
7) 10-беренеде:
а) 6-пунктта "кезектеги жана кезексиз" деген сөздөр алып салынсын;
б) 10-пунктта "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
8) 12-беренеде:
а) 10-пунктта "чечими" деген сөз "Төрагасынын тапшырмасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 24-майындагы № 46 (3381) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |