Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 24-майы № 35
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 28-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) экономика тармактарынын жана региондорду өнүктүрүү фонддору (анын ичинде жол фонду).";
2) 34-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "34-берене. Экономика тармактарынын жана региондорду өнүктүрүү фонддору (анын ичинде жол фонду);
б) 1-бөлүктө "Региондорду өнүктүрүү фонддору" деген сөздөр "Экономика тармактарынын жана региондорду өнүктүрүү фонддору (анын ичинде жол фонду)" деген сөздөргө алмаштырылсын, "программаларына ылайык" деген сөздөрдөн кийин "республикалык жана" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 2-бөлүктө "Региондорду өнүктүрүү фонддору" деген сөздөр "Экономика тармактарынын жана региондорду өнүктүрүү фонддору (анын ичинде жол фонду)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 341-берене менен толукталсын:
"341-берене. Жол фонду
Жол фонду - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун өнүктүрүү жана сактоо маселесиндеги милдеттерди финансылык камсыз кылууга жана мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган республикалык бюджеттин каражаттарынын бир бөлүгү.
Жол фондуна каралган бюджеттик ассигнованиелердин көлөмү жана чыгашалар кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен өзүнчө сапта бекитилет.
Жол фондунун каражаттарынын булактары, бул каражаттарды чыгымдоонун максаттары жана тартиби Жол фонду жөнүндө мыйзам менен бекитилет.";
4) 106-берененин 13-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Учурдагы бюджеттик жылдын кабыл алынган бюджеттик милдеттенмелери боюнча операциялар аяктагандан кийин, Жол фондунун каражаттарын кошпогондо, Бирдиктүү казыналык эсептеги тиешелүү бюджеттик каражаттардын калдыгы кезектеги бюджеттик жылдын бюджетинде кезектеги бюджеттик жылдын башталышындагы калдык катары эсепке алынат.
Жол фондунун каражаттарынын пайдаланылбаган калдыктары кезектеги бюджеттик жылга кезектеги бюджеттик жылдын башталышындагы калдык катары которулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 21-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |