Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 30-майы № 36
Жол фонду жөнүндө
(КР 2024-жылдын 15-февралындагы N 43, 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202, 2025-жылдын 19-майындагы № 94, 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-берене. Жол фондунун максаты жана багыты
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жол фондун (мындан ары - Жол фонду) түзүүнүн укуктук негиздерин жана булактарын, анын багытын жана пайдаланылышын аныктайт.
2. Жол фондун түзүүнүн максаты болуп Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо, жайкы жана кышкы күтүү, орто жана капиталдык оңдоо, автомобиль жолдорун жана жол инфратүзүмүн техникалык көзөмөлдөө, өнүктүрүү үчүн финансылык ресурстарды түзүү саналат. Жол фонду максаттуу фонд болуп саналат.
3. Жол фондунун каражаттары республикалык бюджетте топтолот, атайын багыты болот жана алып коюуга же башка муктаждыктарга чыгымдалууга тийиш эмес.
(КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Жол фондунун каражаттарын түзүүнүн булактары
1. Жол фондунун каражаттары төмөнкү булактардын эсебинен түзүлөт:
1) республикалык бюджеттен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, оңдоого жана күтүүгө багытталган ассигнованиелерден;
2) бензинге, жеңил жана орто дистилляттарга жана башка бензиндерге, дизелдик жана (же) карбюратордук (инжектордук) кыймылдаткычтар үчүн дизель отунуна, автомобиль күйүүчү майы катары пайдаланылган суюлтулган көмүр суутек газына (СКГ), мотор майларына болгон акциздик салыктын элүүдөн кем эмес пайызынан;
3) автомототранспорттук каражаттарды каттоо үчүн жыйымдардан;
4) (КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) (КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар аркылуу жүргөндүгү үчүн жыйымдардан;
7) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүргөндүгү үчүн жүк ташуучу транспорттон жана автобустардан алынуучу жыйымдардан;
8) (КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габариттик параметрлеринин жол берилген ченемдерин сактабагандыгы (ашып кеткендиги) үчүн айып пулдардан;
10) (КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11) чет өлкөлүк инвестициялардан жана гранттардан;
12) жол иштерин финансылык камсыздоого карата жеке жана юридикалык жактардан түшкөн кайтарымсыз каражаттардан, анын ичинде ыктыярдуу кайрымдуулуктардан;
13) автомобиль жолдору чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча каражаттардан;
14) автомобиль жана суу транспорту чөйрөсүндөгү лицензияларды жана уруксаттарды берүүдө мамлекеттик алымдарды алуудан түшкөн каражаттардан;
15) Үстөк айыптарды (айып пулдар, туумдар) төлөөдөн республикалык бюджетке түшүүчү акча каражаттарынан, ошондой эле Жол фондунун каражаттарынын эсебинен каржылануучу мамлекеттик контракттын же башка келишимдердин шарттары аткаруучу (подрядчик) тарабынан бузулгандыгына байланыштуу же мындай контрактты же башка келишимдерди түзүүдөн качкандыгына байланыштуу белгиленген тартипте өндүрүп алынган мамлекеттик тапшырыкчыга келтирилген зыяндын ордун толтуруудан;
16) Жол фондунун каражаттарынын эсебинен каржылануучу мамлекеттик контрактты түзүү максатында өткөрүлгөн конкурстун же аукциондун катышуучусу, конкурстун же аукциондун катышуучулары мындай контрактты түзүүдөн качкан учурда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда, мындай конкурска же аукционго катышууга өтүнмөнү камсыз кылуу катары төккөн акча каражаттарынан.
17) автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдардан.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жыйымдардын, айып пулдардын жана келип түшкөн каражаттардын өлчөмдөрү, аларды чегерүү, эсепке алуу, эсептөөнүн тууралыгына, толуктугуна жана өз убагында төлөнүшүн контролдоо тартиби салыктык, салыктык эмес мыйзамдарга жана укук бузуулар жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленет.
(КР 2024-жылдын 15-февралындагы N 43 , 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202, 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
3-берене. Жол фондунун каражаттарын пайдалануу
1. Жол фондунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоого жана долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, күтүү, оңдоо, техникалык көзөмөлдөө жана өнүктүрүү менен байланышкан башка чектеш чыгымдарды каржылоого;
2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, күтүү жана оңдоо үчүн материалдарды (анын ичинде битум, шагыл), ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга;
3) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол чарбасын башкарууну жүзөгө ашыруучу ведомстволук мекемелердин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн административдик чыгымдарына;
4) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чыгымдарын Жол фондунун түшүүлөрүнүн жылдык көлөмүнүн он пайызынан ашпаган көлөмдө каржылоого, адистештирилген жол-курулуш жана жол-эксплуатациялоо техникасын жана жабдууларды сатып алууга, кадастрдык иштерге, жер тилкелерин тариздөөгө жана инвентаризациялоого, жол лабораторияларын жабдууга жана модернизациялоого, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүгө, жол органдарынын ишин камсыз кылуучу объекттерди курууга жана оңдоого, ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгууга жана актуалдаштырууга, кадрларды окутууга, ошондой эле жол инфратүзүмүн башкаруу жана мониторинг жүргүзүү процесстерин санариптештирүүгө.
2. Жол фондунун кирешелери жана чыгашалары республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзүнчө сап менен киргизилет.
3. Ушул жылы пайдаланылбай калган Жол фондунун каражаттары өзүнүн атайын багытын сактап калат, кийинки жылдары алып салынбайт жана так максаттуу багыты боюнча колдонулат.
4. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жыл сайын отчеттук мезгил үчүн Жол фондунун каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө отчет жана финансылык каражаттарды багыттоо объектилерин көрсөтүү менен кийинки жылга зарыл болгон ассигнованиелердин эсебин берет.
(КР 2025-жылдын 19-майындагы № 94, 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
31-берене. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылуучу чыгымдар
(КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене. Жол фондунун башкаруу органдары
1. Жол фондунун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Жол фондунун Байкоочу кеңеши - жогорку башкаруу органы;
2) Жол фондунун катчылыгы - аткаруу органы.
2. Жол фондунун башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары, Жол фондунун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча алардын өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5-берене. Жол фондунун аудити
Жол фондунун ишинин аудити бюджеттик мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
Жол фондунун Байкоочу кеңеши Жол фондунун көз карандысыз финансылык аудитин демилгелөөгө укуктуу.
6-берене. Жол фондунун каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдалануу жоопкерчилиги
Жол фондунун каражаттарын максаттуу багыты боюнча так пайдалануу жоопкерчилиги транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
7-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө
Ушул Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 21-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |