Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 30-майы № 39
2022-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы "Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө долбоордук макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2022-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы "Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө долбоордук макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна (ФАО) кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |