Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 28-майындагы N 90 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 13-июну № 44
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 4-бөлүгүнүн колдонулушу убактылуу токтотулары жана 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бөлүштүрүүгө жайылтылбай турганы белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча пайданы республикалык бюджеттин кирешесине токсон пайыз өлчөмүндө которууну жүзөгө ашырсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |