Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 6-июну № 42
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-жыл, № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) ветеринардык дары-дармек каражаттарын өндүрүү (даярдоо) жана сатуу;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 20-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |