Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 20-июну № 46
"Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 519-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Бишкек жана Ош шаарларынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "шаардык" деген сөз "жергиликтүү" деген сөзгө алмаштырылсын; "тиешелүү шаардын" деген сөздөр "тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 8-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик менчикте турган объекттерди кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына СВБТ менен жабдылууга тийиш болгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объекттеринин тизмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитүү кирет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзам колдонууга киргизилген күндөн тартып аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 11-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |