Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 16-июну № 45
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябрындагы № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
231-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "300дөн 600" деген сөздөр "1000ден 1200" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "600дөн 1000" деген сөздөр "1200дөн 1500" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн 5-пунктунун экинчи абзацындагы "1000ден" деген сөздөр "1500дөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) эскертүүдө:
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде адам, товарларды же башка предметтерди бажы контролунан тышкары өткөрүүнү кошпогондо, контрабанданын предмети болуп саналган товарларды жана башка предметтерди бажылык жол-жоболоштуруу аркылуу тийиштүү бажы төлөмдөрүн, туумдарды кошуп, өз ыктыяры менен эки эсе өлчөмүндө төлөп берсе, ал ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосунду жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулат.";
- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Бажы контролунан тышкары өткөрүлгөн товарлар жана башка предметтер, ошондой эле аларды ташууга пайдаланылган транспорт каражаттары (анын ичинде башка ташуучу каражаттар) конфискацияланууга тийиш.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябрындагы № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 3721 жана 372-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.";
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өлчөмү 2000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 144-беренесинде каралган, өлчөмү 10000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 318-беренесинде каралган жана өлчөмү 1500 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон ушул Кодекстин 3721 жана 372-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, юридикалык жакка салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 650 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш же ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган тартипте аныкталуучу эселенген чоңдукта көрсөтүлүшү мүмкүн.";
2) 368-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жасалма документтерди," деген сөздөр алып салынсын;
3) 372-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-пункттагы "жасалма документтерди," деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-пункттун экинчи абзацындагы "75" жана "230" деген цифралар тиешелүү түрдө "200" жана "500" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3721-берене менен толукталсын:
"3721-берене. Товарларды же транспорт каражаттарын Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу бажы контролунан тышкары өткөрүү
1. Товарларды же транспорт каражаттарын Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу бажы контролунан тышкары, башкача айтканда өткөрүү пункттарынан, же болбосо товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүнүн белгиленген башка жерлеринен тышкары же көрсөтүлгөн жерлерде бажы органдарынын белгиленген иш убактысынан тышкары өткөрүү -
жеке жактарга 600 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракет, жаза чарасы колдонулгандан кийин, жыл ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү: Товарлар ташылган транспорт каражаттарын кошпогондо, алып коюлган товарлар бажы мамилелеринде жол-жоболоштуруу аркылуу тийиштүү бажы төлөмдөрү, туумдарды кошуп, ыктыярдуу түрдө эки эсе өлчөмүндө төлөп берилген учурда, товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жакка кайтарылып берилет.
Эгерде товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жак бажы төлөмдөрүн, туумдарды кошуп, эки эсе өлчөмүндө төлөөдөн жана бажы декларациялоосун жүргүзүүдөн баш тартса, товарлар конфискацияланууга тийиш.
Укук бузуунун түздөн-түз объекттери болуп саналуучу товарлар ташылган транспорт каражаттары (анын ичинде башка ташуучу каражаттар) бажы төлөмдөрү жана туумдар төлөнгөндүгүнө, же болбосо төлөнбөгөндүгүнө карабастан конфискацияланууга тийиш.";
5) 373-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"373-берене. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына мыйзамсыз жол менен ташылып келген товарларды сатып алуу, сактоо, ташуу
1. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына билип туруп мыйзамсыз жол менен ташылып келген товарларды же транспорт каражаттарын сатып алуу, сактоо, ташуу, эгерде товардын наркы 2000 эсептик көрсөткүчтөн ашпаса, -
жеке жактарга 300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ошол эле аракеттер, эгерде товардын наркы 2000 эсептик көрсөткүчтөн ашса, -
жеке жактарга 600 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
6) 512-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Тез бузулуучу товарлар жана продукциялар түрүндөгү буюм далилдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте бааланат жана соттун чечими боюнча сатуу үчүн өткөрүп берилет. Буюм далилдерин сатуудан түшкөн каражаттар, көрсөтүлгөн буюм далилдерин алып коюу жөнүндө чечим кабыл алган органдын депозиттик эсебине, ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган мөөнөткө чегерилет.";
7) 540-берененин 3-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) укук бузуунун түздөн-түз объекттери болуп саналуучу товарлар ташылган транспорт каражаттарын (анын ичинде башка ташуучу каражаттарды) кошпогондо, убактылуу алып коюлган мүлктү ээсине кайтарып берүү жөнүндө;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) тез бузулуучу товарларды жана продукцияларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте сатуу жөнүндө.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 21-июнундагы № 54 (3389) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 18-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |