Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 22-июну № 47
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 282-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 19-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны өзүнө жол-жоболоштуруу үчүн Кыргыз Республикасында мамлекеттин кеминде 30 пайыз милдеттүү үлүштүк катышуусу менен юридикалык жакты түзүүгө милдеттүү.";
2) 25-1-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жер казынасын пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга гана берилет.";
3) 29-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төмөнкүлөрдү кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укуктарынын бардык түрлөрү лицензияланууга тийиш:
1) концессиялык келишим боюнча жер казынасын пайдалануу укугун;
2) мамлекеттик каттоону.".
2-берене.
"Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 208-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьяда:
а) 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Көрсөтүлгөн комиссиянын курамына аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитетинин өкүлдөрү кирет. Зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн комиссиянын ишине өндүрүштүк жана илимий уюмдар, ошондой эле эксперттер жана консультанттар тартылат.";
б) 5-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Продукцияны бөлүштүрүүдө кирешелүү продукциядагы мамлекеттин үлүшү кеминде 30 пайызды түзүүгө тийиш.";
3) 17-статьянын 2-пунктунда "(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган)" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган | 2022-жылдын 2-июнунда |